Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Жол чыры: Атамбаев экс-премьерди сындады


Президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна байланыштуу талаштуу жагдайды диверсия деп атады. Ал жолду салууну мурунку өкмөт башчы Темир Сариев баштаганы белгилүү.

Башкы прокуратура жол боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүтө элек.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөргөн маалымат жыйынында өкмөт тууралуу сөз кылып жатып, чырлуу Балыкчы-Корумду жолу боюнча пикирин билдирди. Буга байланыштуу ошол кездеги өкмөт башчыны айыптады, атүгүл анын аракетин диверсия катары сыпаттады:

- Өкмөт жыл сайын өзгөрүп жатат. Биз бул эмнеге алып келерин көрүп жатабыз. Акыркы мисал - Балыкчы-Корумду жолу. Бюджетте акча жок болсо деле бул жолду курууну баштап салышкан. Бул өлкөгө каршы диверсия болуп эсептелет. Албетте биз акча таптык. Биз бул жолду салабыз. Быйыл толук бүтүрө албайбыз. Бирок жол салынат.

Президент Алмазбек Атамбаев 28-июлда Балыкчы-Корумду жолунун курулушу менен таанышкан.
Президент Алмазбек Атамбаев 28-июлда Балыкчы-Корумду жолунун курулушу менен таанышкан.

Өкмөт Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча былтыр күзүндө тендер өткөргөн эле. Сынакка катышкан төрт компаниянын ичинен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. Бул компанияга байланыштуу тиешелүү лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок жана тендер мыйзамсыз өткөн деген өңдүү дооматтар айтылган. Мындан улам ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев кайым айтышкан. Бул чыр Жогорку Кеңешке жеткен жана депутаттык комиссия түзүлгөн.

Малабаев Сариевди “жеке кызыкчылыгын көздөгөн, тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууга жол берген жана көздөгөнүн өзүнүн орун басары Улан Уезбаев аркылуу ишке ашырган" деп айыптап келет. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, эки жолу Башкы прокуратурага барып көрсөтмө берди жана тиешелүү документтерди тапшырды.

- Башында биз болгон кагаздын баарын бергенбиз. Тендер өткөрүү үчүн акча булагы аныкталашы керек деп айтылган. Президент жол куруу акчасы жок эле башталган, диверсия болгон деп туура эле айтып жатат. Эгер биз акчаны убагында төлөбөсөк, кытайлар бизге акчалай айыппул салат. Анткени келишимде ушундай, үстөк пайызы алынат деп жазылган. Алар убагында бүтүрө албай калышса, силер убагында каржылаган эмессиңер деп айтышат. Акчанын булагын өкмөт башчы менен эле Каржы министрлиги чечет да. Алар болсо “Мегакомду” сатып, ошонун акчасын салабыз деп айтышкан.

Темир Сариев болсо дооматтардын баарын четке каккан жана бул чырдын саясий өңүтү бардыгын такай айтып келет. Анын жүйөсү боюнча жол куруу боюнча негизи жоопкерчилик транспорт министри Аргынбек Малабаевде болгон.

Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

Жол боюнча козголгон кылмыш ишти Башкы прокуратура тергеп бүтө элек. Депутаттык комиссия тендер мыйзам бузуу менен өткөн деген корутунду чыгарган жана башкы көзөмөлдөөчү органга Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев баштаган мурунку мамлекеттик жетекчилердин иш-аракетине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Мурдагы вице-премьер-министр, экс-элчи Эсенгул Өмүралиев Темир Сариевге байланыштуу жолду акчасы жок баштаган деген дооматты негизсиз деп билдирди. Сариев бир топ жылдан бери курулбай жаткан стратегиялык мааниси чоң жолду салууну баштап бергенин, азыркы өкмөт тапкан акчаны ал деле тапмактыгын белгиледи:

- Бул башында ушул жактан каражат табылат, баштай берели деп башталган иш да. Бул жол негизи мурда эле салынышы керек эле. Көлдү айланып өткөн жолду Ысык-Көл шакекчеси деп биз иштеп жүргөндө эле долбоорлорго киргизип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул ишти аткарыш керек деп маселе көтөрүп жүргөнбүз. Экономикабыздын бир багыты туризм болуп жатпайбы. Жолу, инфраструктурасы жок туруп кайдагы туризм болмок эле. Сариев өзүнө жоопкерчиликти алып, жол салууну баштап салган, жүрөктүүлүк кылган. Кыргыздар башталган иш бүтөт деп айтышкан. Эми бул жол буюрса бүтөт. Акчасы табылды. Бул жерде диверсия деген ой да болбошу керек. Себеби өкмөт башында турган жигиттер, президент деле көчмөндөр оюну болот, туристтик сезон алдыда турат, ошого карата жаңылык кылып жакшынакай жол салып, четтен конок чакырып коелу деген ак ой менен эле жасашты да. Бул акча баары бир табылмак.

Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев.
Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу пикири маалым болгондон кийин жол чыры боюнча Темир Сариевге айып тагылышы мүмкүн деген божомол күчөдү. Талдоочу Бакыт Бакетаев буга таң калуунун деле кажети жок дейт:

- Акыркы жылдары парламенттин мурунку төрагасы, Бишкектин мурунку мэри, жадагалса президенттин администрациясынын мурунку башчысы кызматында жүргөндөр өңдүү чоң-чоң экс-мамлекеттик жетекчилерге кылмыш иштер козголуп, айрымдары соттолуп, жоопко тартылбадыбы. Эгер Темир Сариевге кылмыш иш ачып, сотко жөнөтсө ага эч ким таң калбайт. Эми президентте маалымат көп да, эгер атайлап сөз кылып айтып жатса, анда иш ошол жакка эле бара жатат деп түшүнсө болот.

Чырлуу Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт жана анын аны салууга 7 миллиардга жакын сом кетет деп эсептелген эле.

XS
SM
MD
LG