Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Малабаев аралашкан чырлуу иштин тарыхы


Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

Экс-министр Аргынбек Малабаевдин аты дагы бир коррупцияга байланышы бар делген иште аталды. Ал “Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеп турган учурда 300 миллион сомдон ашык акчага курулган эс алуу жайы тендерсиз бүткөн.

Буга улай жаңы эле имаратты оңдоого деп жылына миллиондогон акча бөлүнүп турганы айтылууда. “Локомотив” эс алуу жайынын башчысы болсо ал каражат мекемеге түшпөгөнүн, имаратты оңдоо иши жүрбөгөнүн айтууда.

Кеп болуп жаткан “Локомотив” эс алуу жайы кезинде темир жолчулардын ден соолугун чыңдоо жана башка кардарларды тейлөө менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына киреше табуу максатын көздөп салынган.

2012-жылы, ошол учурда “Кыргыз темир жолу” мекемесин жетектеп турган Аргынбек Малабаевдин колу коюлган №673 буйрукка ылайык, көңүл ачуучу жайдагы муз тебүүчү аянт 284 миллион 699 миң сомго курулган. Эки кичи футбол аянтчасын курууга 8 миллион 700 миң сом сарпталса, теннис аянтчасы 4 миллион 877 миң сомго, жуунучу жай 5 миллион 259 миң сомго жана автоунаа токтотуучу жай 2 миллион 127 миң сомго салынган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасына караштуу "Локомотив" эс алуу жайы.
"Кыргыз темир жолу" ишканасына караштуу "Локомотив" эс алуу жайы.

Ошентип курулуштун жалпы суммасы 305 миллион 655 миң сом деп жазылганы менен, башка бир документтерде бул сан 319 миллион, кээ биринде 394 миллион сом деп берилип жүрөт. Кантсе да адистер жогорудагы объектилерди мындан эки-үч эсе арзан курса болорун, алар өтө кымбат бааланып калганын айтышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев муну курулушка тендер өтпөгөндүгү менен байланыштырууда:

- 2012 - 2014-жылдары “Локомотив” стадионунун ичиндеги объектилерди курууга, оңдоого жана керектүү шаймандарды сатып алууга 394 миллион сом сарпталган. Бардык беренелер боюнча жумуштарга эч кандай тендер өткөн эмес. Иштин баары мыйзамсыз түрдө “Кыргыз темир жолу” ишканасынын алдындагы “Мостотряд” фирмасы аркылуу өзүмбилемдик менен жүргүзүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик каражаттар сарпталбай турган, кереги жок болгон объектилерди курууга да олчойгон акча жумшалган. Курулуштардын чыгашалык түзүмүн талдап карасак, бардык беренелер боюнча баалар асмандын башын чапчыйт. Биз республикалык бюджетти толтурууга каражат таппай жатсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасы миллиондогон каражаттарды оңго-солго чачыптыр.

Документтерге ылайык, “Локомотив” эс алуу жайынын аянтын курчоого, аянтын көрктөндүрүүгө жана видео-көзөмөл жүргүзүүчү шаймандарга 40 миллион сом сарпталган.

Жүз жылга деп мерчемделген объектилер жыл өтпөй эле урап, чатырлары бузула баштагандыктан курулуш бүткөн жылдан баштап эле аны ремонтоого деп акча бөлүнүп турган. 2012-2013-жылдары оңдоого канча акча бөлүнгөнү белгисиз. 2014-жылы да 8 миллион 70 миң сом, 2015-жылы 9 миллион 109 миң сом акча оңдоо иштерине деп берилген.

Бирок “Локомотив” мекемесинин жетекчиси Улукбек Нусубалиев эс алуу жайында бул жылдары эч кандай оңдоо иштери болбогонун, ремонтко бөлүнгөн акчалардын бир тыйыны керектелбегенин айтууда:

- Бизге ремонт жасоо үчүн акча бөлүнгөнүн мен такыр билчү эмесмин. Кийин мага эсеп кагаз келгенде эле “бул кайдагы акча” деп ызы-чуу кылып чыгам. “Өткөн айда мынча акчага жумуш жасалды, кол коюп кой" деген кагаз келет. "Мен кайсы жумуштарды айтып жатасыңар, бизде эч кандай ремонт болгон жок” дейм. Анткени реалдуу түрдө бизге эч ким оңдоо иштерин жүргүзгөн эмес да. Бир да жолу ремонт кылышкан эмес, каалаган киши келип көрүп, текшерсе болот. Алар болсо “акча бөлүндү, иш жасалды” деп, башка бирөөлөрдүн колун коюп, ошол документтерди жаап сала беришкен. Өздөрүнө да, башка жактарга да канча жолу кат жазгам, эч ким чара көргөн эмес, эч кандай жооп болгон эмес.

Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев менен экс-премьер министр Темир Сариев.
Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев менен экс-премьер министр Темир Сариев.

“Локомотивде” иштеген жумушчулардын айтуусунда, “Кыргыз темир жолу” ишканасы ал жерде ремонт кылмак тургай, объектилердин айрымдарын ташып да кеткен экен. "Маселен, муз талаасынын чатырындагы темирлерди ошо кездеги “Кыргыз темир жолу” ишканасын жетектеп турган Аргынбек Малабаев өзүнүн сарайын жабуу үчүн алып кетип калган",- дешет алар.

Малабаев өзү болсо буларды жалган деп атады:

- “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башчылыгына мен 2010-жылы 8-апрелде келгем. Менден мурда бул ишкананы Рысмендеев, Түлеев жетектеп турганда эле “Локомотивдин” курулуштары башталган. Мен келгенде ал көңүл ачуучу жай 80% бүтүп калган экен. Анан ошо күндөрү, төңкөрүш болуп, антип-минтип жатканда, муз тебүүчү аянттын муздаткыч жабдуулары Кытайдын чек арасында калып кетиптир. Ал жерде күнүнө 500 доллардан ижарага акы саналып жаткан. Ушул акчалар бир топ сумманы түзүп койгон. Бирок калган жумуштар боюнча УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы да, Финансы полициясы да, Эсеп палатасы да толук текшерип чыгып, бир да мыйзам бузуу таба алышкан эмес.

"Кыргыз темир жолу" ишканасына караштуу "Локомотив" эс алуу жайы. Муз аянты.
"Кыргыз темир жолу" ишканасына караштуу "Локомотив" эс алуу жайы. Муз аянты.

“Локомотив” эс алуучу жайында учурда хоккей, футбол, бий ийримдери иш алып барат. Андан сырткары теннис, таэквандо, фитнес залы да бар.

Мурда Аргынбек Малабаевдин орун басары, азыр “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Алмаз Ногойбаев да “Локомотивди” курууда жана аны ремонтоодо акчалар мыйзамдуу иштетилгенин айтууда:

- Ушу “Локомотив” мени тажатты. Ремонт беш-алты жыл мурда болгон. Курулуш мыйзамдуу жүргөн. Биринчи теннис аянтын курсак, кыргыздар теннис ойнобойт экен, анан анын ордуна кышкы футбол аянтчасын курганбыз. Андан башка ал жакка акча салган эмеспиз. Бирок азыр кризис болуп жатканы үчүн муз аянтынын ишин токтоткону жатабыз.

Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери Транспорт жана коммуникация министри болуп иштеп келаткан. “Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду” жана “Манас” эл аралык аэропортунун жолун куруудагы алешемдиктер боюнча өкмөт башчы менен чырдашкандан кийин кызматынан кеткен.

Малабаев 7 миллиард сомдук курулуш ишиндеги мыйзамсыздыктарга Сариев аралашкан деп айыптаса, Сариев Малабаевди күнөөлөгөн. Натыйжада өкмөт башчы Темир Сариев да отставкага кеткен.

Малабаев: Кызматтан бөөдө кеттим
Малабаев: Кызматтан бөөдө кеттим
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:30 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG