Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:46

Коррупцияга каршы кызмат: акталбаган ишеним


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин билдирди.

Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент бул кызмат милдетин аткарбай жатканын, анын өкүлдөрү "кол тийбес кастага" айланып калганын айтып сындады.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы мындан жети жыл мурда түзүлгөн жана ошондон бери эле аны "Конституцияга каршы келет" деген дооматтар маал-маалы менен айтылып келген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жаңыдан кызматка киришип жатканда "коррупцияга каршы аёосуз күрөш болот" деп убада берген. Ант берүү аземинен көп өтпөй эле, тактап айтканда, 2011-жылы 14-декабрда ал УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматын түзүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Атамбаев ошол кездеги "тартип коргоо органдары жогорку бийликтеги кызматтык кылмыштар жана коррупция менен күрөшүүдө жөндөмсүз, кабыл алынган программалар кагазда гана калган" деп сындаган жайы бар.

Мурдагы президент ошондой эле 2005 жана 2010-жылдагы элдик ыңкылап коррупциянын айынан тутанганына токтолгон. Ал паракорлук улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген абалга кептелип калгандыктан ушундай кызмат түзүү зарылдыгы келип чыкканын айткан. Атамбаев Коррупцияга каршы күрөш кызматына иш билги, кынтыксыз кызматкерлерди тандоону тапшырган.

Эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөш кызматы ушул учурда негизги милдетин аткарбай калганын, кызматкерлери өздөрүн "башкалардан өзгөчө сезген топко" айланганын айтып чыкты. Ал бул кызматтын ишин өзгөртүү керек деген пикирин билдирди:

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл.

- АКС (Коррупцияга каршы күрөш кызматы) бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калды. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу, адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча АКСтин жумушу көрүнбөйт.

Коррупциялык схемаларды аныктап, ачыкка чыгаруу боюнча биз талап кылгандай натыйжаларга жетишкен жок, көмүскө схемаларды билсе да ачык айтпады. Мугалимдерди, социалдык тармактагы кызматкерлерди 1500 же 8000 сом пара менен кармап, бирок ири кылмыштардын бетин ачууга тийиштүү көңүл бурулган жок. АКСтин алдына койгон пландары чаржайыт, кайталанма болуп, коюлган талаптарга жооп бербей жатат. Аталган фактылар АКСтин ишмердиги натыйжасыз болуп жатканын көрсөтөт. Ага байланыштуу АКСтин ишин жаңы форматка өзгөртүү зарылдыгы келип жетти деп эсептейм. АКСтин кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келерин карап чыгуу зарыл.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев паракорлукка каршы күрөштү күчөтүүгө убада берди:

- Сооронбай Шарипович, сиз туура айттыңыз, коррупция менен күрөштү өзүбүздөн баштабасак, күч түзүмдөрүнүн ичинен курутуп жаткан кесепеттерин жойбосок, мамлекеттик деңгээлде коррупция менен күрөштүн жыйынтыгы күмөн экени баарыбызга түшүнүктүү. УКМК бүгүн айтылган сынды эске алып, топтолгон тажрыйбанын негизинде коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү жүргүзүүгө жана күчөтүүгө толугу менен даяр.

2011-жылдан бери Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчилери бир канча жолу алмашты. Алгач бул кызматка Бектен Сыдыгалиев дайындалган, андан кийин азыр баш прокурордун орун басары болуп турган Бөкөнбай Казаков келген. Азыркы ички иштер министри Улан Исраилов бул кызматты 2016-жылы кыска убакытка жетектеп калган. Ушул тушта бул кызматты Дүйшөнбек Чоткараев башкарып жатат.

Коррупцияга каршы күрөш түзүлгөндөн тартып эле "бул орган мыйзамсыз, Конституцияга каршы келет" деген дооматтар маал-маалы менен айтылып келет.

Мындай пикирин Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда билдирген:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Бул орган УКМКнын курамынан чыгышы керек. Анын карамагында болбошу керек. Себеби алар өз милдетин аткарбай, башка нукта иштеп, мамлекетти да, системаны да кыйшайтып, кадыр-баркын кетирип жатат. Ооба, бүгүнкү күндө мындай кызмат болушу керек, ириде кадрларын кайра карап чыгып, тазалоо зарыл. Миллиондорду жегендердин баары четте калып, майда-чүйдө менен алек болгону өтө өкүнүчтүү. Бул маселе боюнча президент туура багыт алды. Эми мунун баарын оңдоп чыгыш керек.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов коррупцияга каршы күрөштүн атайын кызматка берилгенин катачылык деп эсептейт. Ал паракорлукту жеңген мамлекеттердин тажрыйбасын эске алыш керек деген пикирде:

- Алмазбек Атамбаевдин "коррупция менен күрөштө УКМК негизги орган болот" дегени туура эмес болчу. Экстремизм, терроризм сыяктуу социалдык көрүнүштөрдөй эле муну бир эле мекеме менен талкалап жок кылып, жоюуга мүмкүн эмес. Атамбаев бизнесте жүрүп, мамлекеттик иштерге кесипкөй көз карашы, тажрыйбасы жок экенин ошондо эле көрсөткөн. Буга чоң мамлекеттик мамиле керек. "Коррупцияга каршы күрөштү бир мекемеге беребиз, ошону менен бул маселени чечебиз" дегени дилетанттык көз караш болчу. Бир улуттук борбор түзүлүшү керек. Ошол борбор күч түзүмдөрүнүн, керек болсо коомдук уюмдардын коррупцияга каршы иштерин координациялашы керек эле. Бир багытта бир муштумдай болуп иш алып барган орган түзүлүшү зарыл.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Токон Мамытов коррупция менен күрөштө атайын система түзүү зарыл экенин айтты:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Өкмөт азыр "каражат жетпейт, ошон үчүн өкмөттүн курамын кайра карап, кыскартыш керек" деп айтпадыбы. Эгер каражат жетпесе, анда бул органды УКМКда эле калтырып, бирок түзүмүн, багытын өзгөртсө деген ойдомун. Эми азыр жаңы мекемени түзгөнгө имарат, акча керек, кадр тандоо зарыл. "Коррупция менен күрөшкүлө" деп тапшырма берип коюп, АКСтин каражатын чечпей койсок да болбойт. Жогорку Кеңеш мыйзам жагын дагы карашы керек. Эң башкы маселе - коррупцияга каршы система иштеп чыгуу зарыл. Улуттук система болбосо, бул же тигил мекемеде коррупция бар экени гана айтылып, ошондон ары жылбайбыз. Биринчи кезекте коррупцияны жайылтууга бөгөт коюу, колу-бутун кесип салгандай кылуу керек.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин пикиринде, президент бул кызматты оңдоону андагы кадрларга чара көрүүдөн, буга чейинки иштерин талдоодон башташы зарыл:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Коррупцияга каршы күрөш кызматы ишин жакшы баштаган эле. Маселен, соңку эки жылда эсте кала турган, аягына чыккан иштери эсимде жок. Экинчиден, козгогон иштеринин теңинен көбү сотко жетпей жатканы ойлондурат. Кылмыш ишин козгоп, аны ары-бери сүйрөп, бул кандайдыр бир деңгээлде "жем" болуп калгандай. Өздөрүндө коррупцияга жедеп баткан топтор, схемалар түзүлгөн сыяктуу сезилет. Өздөрү "жемкорлук менен күрөшөбүз" деп, коррупцияга малынып калгандай пикир жаралып жатат. Азыр керек болсо ар бир кылмыш ишин талдап, "эмнеге козголгон, кантип козголгон, эмнеге токтогон, сотко жеткен эмес" деп талдап, ыкчам чара көрүш керек. Кетиргенин кетирип, кылмыш иштерин да козгоо зарыл. Коопсуздук кеңешинде жакшы сөз болду, "кол тийбес топтор" бар деген фактылар ачык айтылды. Эми сөздөн ишке өтүш керек.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы соңку эки жылда коррупцияга байланыштуу 485 кылмыш ишин козгогон. Анын 120га жакыны сотко өтүп, анын ичинен 37 иш боюнча айыптоочу өкүм чыккан.

Былтыр бул кызмат 20дай пара алуу фактысын аныктаган, ал эми ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алууга байланыштуу эки гана фактыны далилдеген.

Бул кызмат түзүлгөндөн бери чиновниктер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин кармоо операциялары чуулгандуу жагдайлар, ал тургай өлүм менен коштолгон учурлары болгон.

Атап айтканда, 2016-жылы февралда Медициналык академиянын ошол кездеги аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров "пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү кармап каза болгону" айтылган. Маркумдун жакындары прокуратурага кайрылып, үч кызматкерге "кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген" деген айып тагылган. Бишкектеги райондук сот өткөн жылдын этегинде аларды актаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG