Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бажыдагы миллиондор кайдан көбөйдү?


Чек ара.
Чек ара.

Кыргызстанда өткөн айда бажы төлөмдөрү алда канча көп чогулду. Айрыкча Ош бажысы 10 эсе көп акча топтогону белгилүү болду.

Бул маалымат 5-февралда премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун жолугушуусунда айтылды. Бажы төлөмдөрү арбын жыйнала баштаганы бул тармактагы коррупция, кадр саясаты тууралуу талкууну кайра козгоду.

Былтыр Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов кызматынан алынган. Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов бул жагдай саясатташып, иниси жалган доого кабылганын айтып чыкты.

"Ош бажысынан түшкөн акча көбөйдү"

Кубанычбек Кулматов өкмөт башчыга өткөн айда бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 146 пайызга аткарылганын кабарлады. Маселен, анын айтымында былтыр январда болгону 1,6 млрд. сом жыйналса, ал азыркы акчадан эки эсе аз болгон:

Өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.
Өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.

- Сиздин тапшырмаңыз боюнча биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу боюнча ишти күчөттүк, ал өз жыйынтыгын берип жатат. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2,8 млрд. сомдон ашуун бажы төлөмү жыйналган, бул пландаштырылган суммадан 907,3 млн. сомго көп.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ушул тушта Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогултуп жатат. Мурда болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналчу. Ал эми Борбордук бажыга бир ай мурда күн сайын 30 миллиондой сом түшүп турса, азыр ал 60 млн. сомго жетти.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн бул тармакты башкаруунун оңолушу менен байланыштырды жана аны паракорчулукка каршы реформанын алгачкы жыйынтыгы катары баалады:

- Бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө байланыштуу реформалардын алгачкы жыйынтыктары бир жарым ай ичинде мамлекеттик бюджетке өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эседен көп каражат түшүрдү. Биз бажы органдарынан түшкөн каражаттардын өсүү динамикасын көрүп жатабыз жана бул абдан кубандырат. Айрым бажы органдары боюнча түшкөн каражаттар бир канча эсе арбыды. Мен бажы тармагында резервдер жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдар жасалышын талап кылам.

Өкмөттүн жетишкендигиби?

Бажы төлөмдөрү алда канча көп чогула баштаганы тууралуу кабар коомчулукта түрдүү пикир жаратты. "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев муну өкмөттүн жетишкендиги катары баалады:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Бул өкмөттүн ишинин жакшы жыйынтыгы. Кубанычбек Кулматов өзү тажрыйбалуу жетекчи. Эми жыйынтыгы толук чыксын. Эгер каражаттардын көмүскө схемалар менен айланганы токтоп, коррупциялык айла-амалдар жоюлуп, акчанын баары бюджетке бурулуп жаткан болсо, муну баарыбыз колдошубуз керек. Бир канча жылдан бери эле бул арманыбызды какшап айтып келдик. "Көмүскө экономикада орточо эсеп менен эки миллиард доллардын тегерегинде акча айланып жүрөт" деп баарыбыз айтып жатабыз. Коррупция менен күрөштө ушундай айла-амалдарды жоюп, акчаны казынага бурууда саясий чечим маанилүү. Көмүскө коррупциялык схемаларды бир эле адам жасаган жок да. Мен бул жерде кимдир бирөөнүн аты-жөнүн атагым келбейт. Муну тиешелүү кызматтар иликтеши керек. Ага ондогон, жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлердин, ишкерлердин байланышы бар болушу керек. Ошондуктан буга каршы туруктуу бир саясий чечим керек.

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бажы төлөмдөрүнүн көбөйгөнүн коррупция менен байланыштыруу эртелик кылат деп эсептейт:

- Муну иликтеп туруп, анан "коррупция" же "коррупция эмес" деп айткан туура. Эгер жүк ташуу көбөйсө, бажы төлөмдөрү көбөйгөнүнүн объективдүү себептери болсо, анда каяктагы коррупция? Бүгүн бажы тармагында илгеркидей коррупция кыла албайт. Баары электрондошуп жатат. Кубанычбек Кулматов "электрондук отчет тапшырганга өткөнбүз" деп айтпады беле. Ал Бажы кызматын төрт жыл башкарды. Алмазбек Атамбаев "бажы төлөмдөрүн бир топ эсе көбөйттүк" деп канча жолу айтты. Ушундай учурда "Ош бажысы буга чейин он эсе аз топтоп келген" дегени чындыкка коошпойт деп ойлойм. Бажы төлөмдөрүнүн көбөйгөнүнүн объективдүү себептери болушу мүмкүн. Эгер Ош бажысын кылдат текшерип, "буга чейин он эсе аз чогултуп келген" деп аныктап чыкса, ошондо гана ага кол чаап баа берсек болот.

Кыргызстандын жетекчилиги ЕАЭБдин алкагында ар кандай сынга кабылып жатпайбы. Ар кайсы жактан басым да болду. Ошондуктан мен жаңы жетекчи келип эле абалды оңдой койду деп айткандан алысмын.
Эркин Абдразаков

Эмнеси болсо да бажы төлөмдөрү арбын жыйнала баштаганы коррупция тууралуу талкууну кызытты.

Талдоочу Эркин Абдразаков буга жетекчиликтин эмгегинин үзүрү деп баа берүүгө болбой турганын белгиледи:

- Бул жерде "Райым миллион" деген ат менен таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын жана анын командасын кетирип, схемасынын бузулганы да себеп болушу мүмкүн. Экинчиси - Кубанычбек Кулматов бажы тармагына кайра барды. Эгер ал ушул жолу жакшы ийгиликтерди жаратпай, схемаларды жойбой, бюджетти толтурууга аракет кылбаса, анда бул кызмат эл ишениминен таптакыр кетери тууралуу маселе көтөрүлүп калган. Андан сырткары, бажы терминалдарында эл аралык донорлордун жардамы менен таразаларды коюу, адам факторун азайтуу сыяктуу жакшы иштер пландаштырылып, курулуш иштери жүрүп жатат. Ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. Анан Кыргызстандын жетекчилиги ЕАЭБдин алкагында ар кандай сынга кабылып жатпайбы. Эркечтамдагы маселе боюнча Кытай тараптан да талаптар коюлду. Алар Кыргызстанга кирген товарлар тууралуу так статистикалык маалымат берилбегенин далай жолу айтып келген. Ар кайсы жактан басым да болду. Ошондуктан мен жаңы жетекчи келип эле абалды оңдой койду деп айткандан алысмын.

Коррупция жана саясат

Бажыдагы коррупция маселеси былтыр жыл этегинде Казакстан Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөндө козголгон.

Расмий Астана Бишкекти аткезчиликке байланыштуу айыптаган. Андан көп өтпөй Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынган. Премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Бул билдирүүдөн кийин Бишкекте айрым жарандык активисттер жемкорлукту иликтөөнү талап кылып чыгышкан жана атайын топ да түзүлгөн.

Топтун мүчөсү, юрист Клара Сооронкулованын пикиринде, өкмөт башчы "коррупция менен күрөштүн алгачкы жыйынтыгы" деп айткандан кийин айрым адамдардын ысымдары ачык аталып, көрсөткүч так берилиши керек:

- Бул жерде четин эле чыгарып жатышат. Бажы төлөмдөрү эмне себептен көп топтоло баштаганы айтылган жок. Биз ошол Ош бажысы боюнча маселе көтөргөнбүз. Эми четин чыгаргандан кийин эмне себептен бажы төлөмдөрү көбүрөөк чогулуп калган себебин да кошо айтышы керек. Кулматов коомчулукка Ош бажысындагы схемалардын баарын ачык-айкын айтып берсин. Кандай схемалар болгон, эмне себептен бир канча эсе көбөйдү, анан ошого күнөөлүү адамдар качан, кандай жоопкерчиликке тартылат? Ушундай суроолорго жооп болушу керек. Себеби, бул Матраимовду "ишенимди актаган жок" деп жөн эле кызматтан четтетип коюшту. Жөн гана саясий сөз болуп калды. Ишенимди актабагандан кийин, демек анын кылган иштерине юридикалык баа берилиши керек. Кулматовдун айтканы - демек ушуга чейин мамлекет алардын кесепетинен канча жоготууга учурады. Бул жерде ага күнөөлүү адамдар качан жоопкерчиликке тартылат деген логикалык суроо жаралды.

"Азаттык" бажыдагы соңку маалымат боюнча Ош бажысын бир канча жыл жетектеген, андан кийин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов менен байланышууга аракет кылды. Бирок андан майнап чыккан жок.

Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кенештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептери түрткү болгонун айтууда. Ал инисинин атын түрдүү күдүк ойлор менен байланыштырбоону суранды:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

- Бул маселени саясатка айландырып жатышат. Биринчиден, мен кудайдан тилеп сүйүнүп жатам. Кыргызстанга бир сом болсо да көбүрөөк түшсө, бул биздин пенсиябыз, жөлөк пулубуз. Курулбай турган мектептерге чоң салым. Бирок бул жерде маселени башка жакка буруп, саясатташтырып, менин инимди кошуп жатышат. Инимдин бажыдан кеткенине үч ай болду. Ал эс алып жатат. Анын убагында деле жылдан жылга, айдан айга пландар толуп жаткан. Берилген тапшырманын баары аткарылган. Бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн чек аралардын ачылышы, жүк ташыган унаалардын көп киргени менен түшүндүрсө болот. Өзбекстан менен чек арабыз ачылып калды. Көп товарлар ал жакка Эркечтам аркылуу келип жатат. Ошонун эсебинен бажы төлөмдөрү табигый жол менен өсүп жатат. Бул өтө сүйүнүчтүү кабар. Дагы көбөйсүн. Бажы кызматынын азыркы жетекчилиги деле эмненин негизинде бажы төлөмдөрү көбөйгөнүн так айтып койсо болмок.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү 34 миллиард сомду түзгөн, тактап айтканда, берилген план 98 пайызга аткарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG