Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Казынаны какшыткан коррупциялык кылмыштар


Кыргызстандын казынасы өткөн бир жылда коррупциялык багыттагы кылмыштардын айынан бир жарым миллиард сомго чукул зыян тарткан.

Коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын караган парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Башкы прокуратура менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жалпысынан коррупциялык мүнөздөгү 210 кылмыш иши козголгонун белгилешти.

Бирок айрым фракция мүчөлөрү коррупциялык кылмыш түшүнүгүн кабыл алууда жана ага каршы күрөшүүнүн өзүндө маселе бар экенин айтышып, бул система тартипке салууга муктаж экенин белгилешти.

Жең ичинен бүткөн иштер

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчи орун басары Тилек Чокморов 210 иштин 72си кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, он төртү опузалап акча талап кылуу жана калганы бажы менен салык төлөмдөрүн жашырууга байланыштуу экенин билдирди. Муну Башкы прокуратуранын өкүлү да коррупцияга байланыштуу кылмыштар катары мүнөздөдү. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев кызматтык кылмыштарды коррупцияга байлап, масштабын чоңойтуп, "коррупциянын бетин ачтык" деп, жасалма отчет берүүнүн өзүн коомчулукту адаштыруу катары сынга алды.

Курманкул Зулушев отчетту талдай келгенде, чынында "коррупция" беренеси боюнча өткөн жылы төрт гана кылмыш иши козголгонун айтты:

- Сиздер кызматтык кылмыштар деп бир нече беренени көргөзүп жатасыздар. Ушулардын баары коррупциялык кылмыштарбы? Ооба, коррупциялык кылмыштар. Мына биз 5-6 жылдан бери "коррупция" менен кармалды дегенди модага айлантып алдык. Көчөдөн бирөөнү 3 миң сом пара менен кармап алып да ошону коррупция дейбиз. Ал жөн эле пара алуу, коррупция эмес. Сиздер азыр коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ушунун баарын коррупциялык кылмыштар деп жатасыздар. Андай эмес да. Мыйзамды карабайсыздарбы. КЖКнын 30-бөлүмүнүн 303-беренеси - коррупция деп турат. Бир гана берене. Анын аныктамасы пара алуудан же кызматтык кылмыштан бир топ кеңири. Калгандарынын баары пара алуу, жасалмалуулук, алдамчылык, шылуунчулук сыяктуу кызматтык кылмыштар. Сиздер аларды дүңүнөн коррупциялык кылмыштар дебей, өз аты менен атагыла.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Ошол эле кезде депутат Курманкул Зулушев өткөн жылы июнь айында фракциянын атынан тешкерүүгө жиберилген жол куруудагы коррупция боюнча материалдарга Башкы прокуратура көңүлкош мамиле жасаганын айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев коррупциялык кылмыштын белгилери турса да ал боюнча иш козголбой калганын айтып өттү:

- Бишкек шаарынын Сыдыгалиев көчөсү, Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолу боюнча бизге түшкөн материалдарды сиздерге тиешелүү чара көрүү боюнча жөнөткөн элек. Бул жерде паракорчулук эмес, чыныгы коррупциянын жыты урат. Анткени бир канча мамлекеттик мекемелер келишип алып, күңүрт схеманы түзүп, ири өлчөмдө мамлекеттин акчасы жок кылынган деп сиздерге кайра текшерүүгө берген болчубуз. Сиздерден келген жооп бизди аябай таң калтырды. Анда сиздер бул ишти иликтеп чыгып, 349 миң сом ашыкча акча көрсөтүлгөнүн аныкталганын жана ал өндүрүлгөнүн көрсөтүп, ошол эле кезде бул үчүн жооптуу жетекчи кызматынан төмөндөтүлгөнүн жазыпсыздар. Кылмыш иши аныкталып жаткандан кийин эмне себептен коррупция боюнча кылмыш иши козголгон эмес? Бул коррупция эмеспи? Эмнеге? Келтирилген зыянга жана жолдун сапатына ким жооп берет?

Кийинкиге калган жооптор

Ошол эле кезде башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев коррупция беренеси менен коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардын айырмасы бар экенин, бирок алар кызматтык кылмыштар катары көрсөтүлөрүн айтып жооп берди. Нурлан Дүйшөмбиев Бишкекте жол куруудагы кыңыр иштерге байланыштуу материалдар боюнча кылмыш иши эмнеге козголбой калганын иликтеп чыгып, кийин жооп берерин билдирди:

- Азыркы айткан сунуштарыңызды эске алып, бул материалды кайрадан окуп чыгайын. Мына ошондон кийин гана сизге бул боюнча кат жүзүндө жооп берейин. Бул жерде тактап кете турган бир жагдай бар: бул жанагы коррупция беренеси боюнча. Биз аны кызматтык кылмыштар менен аралаштырбай эле турабыз. Болгону коррупция боюнча жана андан сырткары кызматтык кылмыштар десек туура болот да. Бул жагы эми коррупциялык багыттагы кылмыш иштери деп эле айтылып жүрөт.

Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев 2011-жылдан бери келе жаткан бир катар чуулгандуу коррупциялык иштерге ушуга чейин чекит коюла электигин мисал келтирди. Алардын эң эле жаңылары катары депутат Кенжебек Бокоев жасалма документтерди даярдап берүү менен туйтунган аткаминерлердин бири дагы жоопко тартылбаганын билдирди:

- 2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер берилгени аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу үчүн 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин пара беришет экен. Ошондо бул кытай жарандарынын иши боюнча эле 5 миллион долларга чукул коррупциялык акча айланганын байкоого болот. Мына ошол кылмыш иши эки жылга чукулдап калса дагы бир жыйынтыгы чыкпай, тынчып эле кетти. Мына ошол иш эмне болгон? Анан дагы жасалма паспорт, жасалма айдоочулук күбөлүк берүүгө байланыштуу дагы бир топ чуулгандуу кылмыш иштери козголду эле. Чет элдик криминалдык төбөлдөрдөн баштап, сыртта качып жүргөн чет элдик олигархтарга чейин кыргыз паспорттору берилип кеткени аныкталган болчу. Бир дагы аткаминер ошол иштер боюнча кармалып, камакка алынбаптыр. Ошол иштердин аягы эмне болду? Акыры бир жыйынтык чыгарып, кылмыш иштери эмне болгонун айтып койбойсуңарбы? Керек болгон учурда, бир эле адамдын көрсөтмөсү менен алып барып, камап коюп жатасыңар го.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев жасалма документ жасоо, паспорт даярдап берүүгө байланыштуу мындан 2-3 жыл мурун козголгон кылмыш иштеринин тергөөсү прокуратуранын көзөмөлүндө экенин билдирди. Нурлан Дүйшөмбиев кээ бир кызматтык кылмыштарды иликтөө көп убакытты аларын айтты:

- Сиз көтөргөн маселелер боюнча өз учурунда кылмыш иштери козголгон. Адегенде прокуратура органдары тарабынан кылмыш иштери тергелип, бирок бизден тергөөнү алып койгондон кийин аны башка укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз. Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы менен кийин сөзсүз тааныштырабыз. Кылмыш иштери деген оңой эмес. Кылмышты далилдөө үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, аудитордук текшерүүлөр жүрүшү керек. Тергөө сапаттуу жүрүп, кылмыш иштери толук аныкталган соң гана биз аларды сотко өткөрөбүз.

Башкы прокуратура парламенттин алтынчы чакырылышынан беш депутатка, эки сотко, бир прокурорго жана төрт министрлик менен мекеменин жетекчилерине кызматтык кыянатчылык жана коррупция беренелери боюнча иштер козголгон мисал келтирди.

Өкмөт башчысынын орун басары Аскарбек Шадиев коррупциялашкан тармактардын рейтингин жарыялады. Анда бажы кызматы, саламаттыкты сактоо тармагы, жазаларды аткаруу кызматы, ички иштер органдары, каржы полициясы, билим берүү тармагы жана салык кызматы алдыга чыккан.

Тасмада: “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул чыгарылышында жемкорлукка айыпталган айрым аткаминерлерден жоопко тартылбай жатканы тууралуу сөз болот.

Коррупция менен тандалма күрөш
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:14 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG