Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Кулматов бажы кызматына кайтып келди


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Исаков Кубанычбек Кулматов бажы кызматындагы коррупциялык каналдарды тазалап, кирешени көбөйтөрүнө ишенерин билдирди. Эксперттер Бажы кызматына кайрылып келген Кулматовдон чоң өзгөрүүлөрдү күтүү мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.

Чак түштөгү брифинг

Премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду бажы кызматына төрага кылып дайындаганы тууралуу буйрук менен тааныштырыш үчүн атайын брифинг уюштурду. Өкмөт башчы бажы кызматынын ишин жөндөп, андагы коррупцияны жоюп, кирешени көбөйтүүгө Кулматовдун алы жетерин белгиледи.

- Мен Кубан Кеңешович Бажы кызматында жакшы натыйжа көрсөтөт деп толук ишенем. Албетте, бул кишиге жаңы жумушта оор болот. Бирок мен премьер-министр катары Кубан Кеңешовичти колдоп, кандай чара, кадамдарды кабыл албасын жардамдашууга даярмын.

Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов
Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов

Сапар Исаковдун айтымында, Кубанычбек Кулматов 2010-2013-жылдары Бажы кызматынын жетекчиси болуп турган чакта бажы төлөмдөрү 2,5 эседен ашуун арбыган. Эми дагы ошондой жылыштарга үмүт арткан өкмөт башчы чукул арада Кулматовдон олуттуу кадрдык жүрүштөрдү күтөрүн билдирди:

- Бул киши (ред. Кулматов) азыр бажы кызматындагы абалды иликтеп чыгышы керек. Ошого жараша кадрларды дайындап, андан соң ишти башташы керек. Жакын арада кандай кадамдар жасаларын Кубан Кеңешович мага алып келет.

Кулматов кандай жетекчи?

Ошол эле учурда Кубанычбек Кулматовдун Бажы кызматына кайрылып келиши коомчулукта талкууларды жаратты.

Мурдагы депутат Улукбек Кочкоров, Кулматов Бишкектин мэри болуп, андан соң Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун, Улуттук Банкты башкарып турганда өзүн чечкиндүү лидер жана жетекчи катары көрсөтө алган эмес деген пикирде.

Ал 2010-жылдардагы бажы төлөмдөрү кескин өскөн көрүнүштү Кулматовдун эмгеги катары эсептөөдөн мурда, ошондогу абалды эске алуу керек экенине токтолду.

- 2010-жылы бажы төлөмдөрү көтөрүлгөнүн премьер-министр карап көрбөйбү. Себеби ал маалда бажы төлөмү эки эсе, кээ бир товарларга үч эсе көбөйгөн. Килограммы 0,23 центтен, кийин 0,36 центке, андан соң дагы өскөн. Ошондон улам бажыдагы киреше 2010-жылдан кийин көбөйгөн. Албетте, анча-мынча администрациялоо системасы жөнгө салынган, бирок бажыдагы “кара схемалар" Кулматовдун маалында деле жоголгон эмес.

Улукбек Кочкоров Кулматовдун Бажы кызматына кайрадан келиши - жаңы өкмөттүн бул тармактагы коррупция менен күрөшүүгө башка татыктуу кишиси жоктугун көрсөтөрүн белгилейт.

Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматов өз кезегинде 2013-жылы Бажы кызматынан кеткенден бери ал жактагы абалдан кабарсыз экенин жашырган жок. Ушундан улам ал кадрдык жүрүштөрдөн мурда ал жактагы кырдаал менен таанышуу жагына басым жасарын айтты:

- Биринчи кезекте бюджетти көбөйтүү боюнча премьер-министрдин тапшырмасын карап чыгам. Айтор бул жерде абдан көп суроолор жана аткарылчу иштер бар. Анын бардыгын ишке ашырабыз деп ойлойм. Азырынча бул кызматкер иштейт, тигиниси кызматтан алынат деп алдын-ала айтуудан алысмын.

Жаңы жетекчи алаканы жандантышы керек

Кубанычбек Кулматов 2010-жылы апрель революциясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн декрети менен Мамлекеттик бажы кызматына төрага болуп дайындалган. Андан кийин көп өтпөй эле улам бир жооптуу кызматтарды алмаштыргандыктан парламенттин айрым депутаттары ага "бийликтин эрке баласы" деген ылакап ат да коюшкан.

Экономист Максат Мамыткановжаңы бийлик өз кишисин Бажы кызматына алып баруу максатында Кулматовго токтолгонун, анын негизги тапшырмасы орус жана казак бажычылары менен тил табышуу саясаты экенин айтууда.

- Азыр Казакстандын Бажы кызматы менен ишти башташыбыз керек. Кулматов Кыргызстан бажы биримдигине, андан соң ЕАЭБге кирип жатканда ички мыйзамдарды жөнгө салышкандардын сап башында болду. Анын үстүнө Кулматов орустар жана казактар менен жакшы тил табыша билген киши экен. Анткени азыр Казакстан менен мамиле түзө турган учур болуп турат. Бул боюнча Кулматовдун тажрыйбасы мол болуп, өз киши да болуп жатат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Кулматовду Бажы кызматына дайындаардан мурун президент Сооронбай Жээнбеков менен акылдашып, макулдугун алганын айтты. Ал Кубанычбек Кулматов жетектеп келген Улуттук банктын төрагалыгына эми башка адам каралып жатканын, өкмөттөгү кадрдык жүрүштөр муну менен бүтө калбасын кыйытып өттү.

Кубанычбек Кулматов 2013-жылы Бажы кызматынын төрагалыгынан кеткен соң экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, көп өтпөй Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2014-жылы Бишкектин мэри болуп шайланган. Шаардыктар арасында Кулматовго нааразычылык күчөй баштаганда, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилилигине барган. Ал эми быйыл сентябрда Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG