Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Жаңы өкмөттөгү эски "салт"


Өкмөттүн Жогорку Кеңеште отчет берип жаткан учуру.
Өкмөттүн Жогорку Кеңеште отчет берип жаткан учуру.

Өкмөттүн 100 күндүк иши, кадрдык дайындоолор, анын ичинде бир эле адамдын акыркы айларда эле бир канча кызмат которгону "Арай көз, чарай" берүүбүздүн бейшемби күнкү талкуусунда кенен сөз болду.

Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Исаков 11-декабрда журналисттерге Кулматовду аталган кызматка дайындоо боюнча президент менен кеңешүү болуп, ал макулдугун бергенин билдирди.

Кулматов Бажы кызматына ушуну менен экинчи ирет жетекчи болуп дайындалууда. Ал быйыл сентябрдан бери Улуттук банкты жетектеп келе жаткан. Ага чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштечү.

2010-2013-жылдарда Бажы кызматын башкарган, 2014-2016-жылдары Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри кызматтарын аркалаган.

100 күндө жасалган иштер

Өкмөттүн 100 күндүк иши, кадрдык дайындоолор, анын ичинде бир эле адамдын акыркы айларда эле бир канча кызмат которгону "Арай көз, чарай" берүүбүздүн бейшемби күнкү талкуусунда кенен сөз болгон.

Талкууга Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси Талант Султанов жана Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Тынычбек Табылдиев катышкан.

“Азаттык”: Талант мырза, жаңырган өкмөттүн иш баштаганына 100 күндөн ашты. Ошондон бери өкмөт эмне жумуш бүткөрө алды, эмнеге жетише алды, алдыга кандай багыттарды белгиледи?

Талант Султанов.
Талант Султанов.

​​Талант Султанов: Чындыгында артта калган 100 күн бир күндөй эле өтүп кетти. Тарыхый окуя – президенттик шайлоону өткөрдүк. Кыргыз-казак чек арасында бир топ маселелер болуп кетти. Ошолорго карабай кыргыз өкмөтү 100 күндүн ичинде көп аракеттерди жасады. Эң негизгиси - өкмөт бул убакыттын ичинде бардык маселелерде элге ачык жана жакын болууга аракет кылды. Бир топ олуттуу маселелерди чечти: мамлекеттик ипотека компаниясынын пайызы 8ге түштү, эки-үч жыл мурда 20 пайызга жакын болчу. Мындан тышкары экспортко иштегиси келген ишканаларга көңүл бурулуп, женилдетилген насыялар бериле баштады. Жакында күрөөсүз насыя бергенге аракет көрүлүүдө. Социалдык тармакта Бишкектеги Онкология борборунун реконструкцияланышы жана заманбап жабдуу менен камсыз болушу чоң жетишкендик болду. Өкмөт эми Улуттук кардиология борборуна көңүл бурганы турат. Жакынкы убакта биздин ишкерлер, жалпы элибиз сезе турган көп реформалар, өзгөрүүлөр болот.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, "азыркы өкмөттүн негизги курамы жаштардан түзүлдү, жигердүү иштегенге негиз түзүлдү" деп айтышты эле. Артта калган жүз күндө ошол жаштык жигер, жаштык демилгелер байкалдыбы, болсо кайсы кадамдарын белгилейт элеңиз?

Тынычбек Табылдиев.
Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: Менин жеке оюмда акыркы 100 күндө жаштардан турган өкмөт көзгө урунган мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алган жок, ага объективдүү себептер да болду. Биринчиси, президенттик шайлоонун өтүшү өкмөттү ишинен бир топ алаксытты. Экинчиси, 1-декабрдан баштап өкмөт башчынын бир катар укук-ченемдери көбөйө турганы белгилүү эле, аны да күтүп, кылчактап калышты окшойт. Үчүнчүсү, кадрларды ары-бери которуштуруу, алмаштыра берүү да өз кедергисин тийгизди деп ойлойм. Өкмөт башчы “мындан ары системдүү өзгөрүү кылабыз” деп жатат, алар кайсы өзгөрүүлөр экенин ачык айтса болмок. Мисалы, кадрларды дайындоодо дагы деле партиялар бөлүштүрөбү же өкмөт башчы өзү тандап, өзү дайындайбы, ачык айтыш керек. Бул маселе системдүү өзгөрүүлөрдүн эң негизгиси.

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруулар болуп жатат. Президент бир апта мурун мактаган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматка сунушталды.

“Азаттык”: Талант мырза, өкмөт башчы өз кеңешчилерин дайындоодо дагы жаштарга басым жасады, акыл кошчулардын эң жашы 26 жашта болду. "Эмне үчүн тажрыйбалуу инсандарды тарткан жок?" деген суроолор көп. Жаштарга эле таянган мындай мамиле өзүн актадыбы?

Талант Султанов: Өкмөткө тажрыйбалуу кадрлар жана жаштар да келип жатат. Штаттык бирдикте азыр өкмөт башчынын үч кеңешчиси бар. Алардын сырткары коомдук башталыштагы, өз ыктыяры менен өкмөткө жардам берейин деген кеңешчилери да бар. Өкмөттүн ишин илгерилеп кетиши үчүн бир топ идеяларды берип жатышат. Премьер-министрибиз КМШ мамлекеттеринин эң жаш өкмөт башчысы, экономика министрибиз да абдан жаш жигит. Азыркы өкмөттөгү иштеп жаткандарга карасак, тажрыйба менен жаштык дем, энергия биригип жатат, демек жакшы натыйжаларды берет деп ишенебиз.

Орун алмаштырган кадрлар

“Азаттык”: Тынычбек мырза, сиз акыркы өкмөттөгү кадрлык өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алдыңыз? Тагыраак айтсак Зилалиевдин бир айда эки кызматка дайындалышы, Абдыгуловдун кызматтан ылдыйлап калышы, Матраимовдун бажы жетечисинен алынышы, депутат Шадиевдин өкмөткө келиши... Кадрларга сапатты жакшыртууга көңүл бурулуп жатат десек болобу же кландык, партиялык, аймактык кызыкчылыктар дагы эле басымдуулук кылып жатабы?

Тынычбек Табылдиев: Айтылып жаткан төрт жетекчи боюнча маселе башкача чечилип жатты. Мисалы, Матраимовдун кетишин коррупциялык иштерге байланыштырышты окшойт. Абдыгулов менен Зилалиевди болсо себебин ачык айтпай эле ары-бери орундарынан жылдырышты. Башында булардын укуктук ченемдери туура бөлүштүрүлбөй калган же алардын мүмкүнчүлүктөрү жакшы эске алынбай калгандай сезилет. Бир аз убакыт өткөндөн кийин булардын жөндөмү көрүндү окшойт. Ошондуктан алар өз тармактарында эч нерсе жасай алышкан жок. Шадиев болсо тажрыйбалуу киши, анын ишинин үзүрүн убакыт көрсөтөт. Ушул дайындоолорго баам салсак, дагы эле сырткы факторлор: Жогорку Кеңеш, экс-президент, азыркы президенттин таасири бардай, алар менен акылдашып чечилип жаткандай сезилет. Тилекке каршы, бизде мурдагы “салт” уланып жатат. Мурда бир чиновник айдын башында Чек ара кызматына жетекчи болсо, айдын ортосунда облуска губернатор, айдын аягында вице-премьер-министр, дагы көп өтпөй өкмөт башчынын кеңешчиси болгон мисалдар болгон. Ошондуктан азыркы кадрлык дайындоолорду жаңылануу деп айта албайм....

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Өкмөткө артылган үмүттөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:29 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG