Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Исаков: премьер менен президент тирешпейт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министрдин ортосунда эч кандай тиреш болбойт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттер менен жолугушууда Баш мыйзамдын жаңы күчүнө кирген беренелери боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков кыраакы жана акылман адам катары эч качан аша чаппайт.

«Мен бул кишини көп жылдан бери билем. Сооронбай Шарипович менен бирге менин атам түштүктө бир нече жыл иштеген. Бул кишиге ага катары сый менен мамиле кылам», - деди Исаков.

Премьер-министр бийлик органдарынын ортосунда тең салмактын болушу өлкөнүн өнүгүшү үчүн туура чечим экенин кошумчалады.

Былтыр өзгөртүү киргизилген Конституциянын негизги беш беренеси 1-декабрда күчүнө кирген. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейткен эле.

Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат. Ошондой эле өкмөт башчы жумуштан алууну сунуш кылган министрди президент бошотпосо, премьер-министр көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешип, аны кызматтан өзү кетире алат.

XS
SM
MD
LG