Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев.

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруулар болуп жатат. Президент бир апта мурун мактаган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматка сунушталды.

Кыргыз өкмөтүнүн реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматына өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев сунушталды. Бул кызматты эки айдан бери аркалап келе жаткан Дүйшөнбек Зилалиев болсо, коопсуздук маселелери боюнча вицеликке бара турган болду. Бул орун вице-премьер-министр, маркум Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапкандан бери бош турган болчу.

Кыргыз өкмөтүнүн Дайыр Кенекеев менен Дүйшөнбек Зилалиевди жаңы кызматка дайындоо сунушун шейшемби күнү Жогорку Кеңештин комитети жактырды.

Кенекеев уккан мактоо

43 жаштагы Дайыр Кенекеев 2011-жылдан соң "Республика" партиясынын сунушу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигин кыска убакыт жетектеген эле. Акыркы бир жарым жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан.

Ал 16-октябрда президенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп чыккан Таластын тургундары менен жолугушуусундагы айткан сөздөрү үчүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин мактоосуна татыган эле:

- Мен мурдагы күнү Youtube каналынан видео көрүп алып жаман кайгырдым. Таластын губернатору Дайыр Кенекеев "Манасты" алып келип окуп берем десе, жаш балдар ышкырып, бакырып окутпай койду. Аркасында ким турганын билебиз. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантып, Манас атанын сөзүн Таласта окутпай жатат. Таластыктар үчүн абдан уят. Дайыр Кенекеевге рахмат. Ага телефон чалып “Манастын урпагы экенсиң” деп айттым.

Атамбаев: Таластыктар, мени укпасаңар да, Манасты уккула
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Президенттин бул сөздөрүнөн бир апта өтпөй Дайыр Кенекеев борбордук бийликке сунушталып отурат.

Өкмөт кыйбаган Зилалиев

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерликке сунушталып жаткан Дүйшөнбек Зилалиев августтан бери өкмөт башчынын реалдуу сектор боюнча орун басары болуп келген.

44 жаштагы Зилалиев кесиби боюнча милиционер. Ал укук коргоо тармагында бир нече жылы эмгектенген.

Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Апрел ыңкылабынан соң Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган жеринен Геология жана кен байлыктар агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Күч кызматкерин кен байлыктар тармагына дайындоого бул агенттиктеги бир нече жетекчиге кылмыш иши козголгону себеп болгону айтылган. Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген агенттикке комитет макамы берилип, энергетика жана өнөр жай тармактары да кошулган.

Зилалиевдин ысымы акыркы учурда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим жокко чыгарылган чехиялык "Лигласс" компаниясына байланыштуу жаңжалдан улам көп аталып келген эле. Бирок ал сындарга карабай Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан жогорулаган болчу.

Ал президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгына дайындалып, бирок Баткен облусундагы сапарында жергиликтүү жетекчилерди бийлик талапкерин колдоого үндөгөнү ачыкка чыгып кетип, бул милдеттен бошотулган. Аталган окуядан соң коомчулуктун талабы менен премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге катуу сөгүш жарыялаган.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев акыркы кездери ысымы бир топ чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгып калган кадрды жаңы кызматка көрсөтүүнүн жүйөсүн көрбөй турганын айтты:

- Зилалиев коопсуздук тармагында иштеген, бир аз тажрыйбасы бар. Бирок акыркы кездеги бир топ чуулгандуу иштерге байланыштуу аты кайра-кайра чыгып калды. Анын жаңы кызматка көрсөтүлүшү канчалык деңгээлде туура болду деген суроого жооп бере албай жатам. Эми карап көрөлү, иштеп көрсүн. Кылган ишине жараша баа берилет.

Кадрларга баа кандай?

Ал эми жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, жетекчилерди дайындоодо коомчулуктун пикири, берген баасы эске алынбай калып жатат:

- Ошол эле Дайыр Кенекеев Мүлк министрлигин жетектеп турганда БНК ишканасын сатууга байланыштуу бир катар маселелер көтөрүлгөн. Бирок ал боюнча эч кандай иликтөө жүргөн эмес. Бул жерде бизде чочуткан дагы бир нерсе - коомчулуктун пикири эске алынбай жатат. Өкмөткө жаштарды тартып жатабыз дегенди шылтоо кылып жатышат жана атуулдук коомдун талапкерлер боюнча нааразылыгы эске алынбай калууда.

Адил Турдугулов.
Адил Турдугулов.

Вице-премьерликке талапкерлерди кубаттап чечим чыгарган Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева жаңы кадрларга оң баа берди:

- Кенекеев мырза Талас облусунун губернатору катары тажрыйбалуу адис экенин көрсөттү. Андан мурда да Мүлк министрлигин ийгиликтүү жетектеген эле. Абдан билимдүү адис катары билебиз. Ал эми Зилалиев мырза болсо юрист. Мурда укук коргоо органдарында иштеген жана бул тармакты абдан жакшы билет. Ошондуктан туура ротация болду деген ойдомун.

Сапар Исаков башкарган өкмөт быйыл август айында бекиген. Анын курамы негизинен жаш адистерден куралып, премьер өз өкмөтүн "технократтардын өкмөтү" катары сыпаттаган эле. Коомчулукта болсо кадр тандоодо калпыстарды белгилешип, ар кыл сындар айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG