Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Бардык бийликтин тилин тапкан Шадиев


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык Аскарбек Шадиев Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал депутаттык мандатын да сактап калган алгачкы вице-премьер-министр болду. Акаев заманынан бери ат үстүндө келаткан Аскарбек Шадиевдин ийгилик сыры эмнеде?

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин биринчи вице-премьерлик кызматка талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков сунуш кылды. Анда Шадиевдин энергетика министри болуп тургандагы иши, адамдык сапаты, кесипкөйлүгү эске алынганы жана мындан ары да отун-энергетика тармагын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Мен Аскарбек Шадиевди көп жылдан бери билем. Ал оор абалда энергетика министри болуп иштеп кеткен, анда мен дагы президенттин аппаратында иштегем. Ошондо чогуу көп маселелер менен алек болдук эле. Мисалы, Аскар Алимбаевич бир топ салымы бар, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бир топ иштерди дагы алып барган. Ошол эле "Датка-Кемин" долбоору, "Датка" көмөк чордону, ТЭЦ долбоорун да чогуу башташты эле.

Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин 103 депутаттын 96сы колдоду.

Президенттик шайлоодон кийин Шадиевдин парламентке спикер болору айтылып, кийин таластыктарды сооротуу үчүн ордун Дастан Жумабековго бошоткону айтылып жүрөт. Буга чейин Темир Сариев кеткенден кийин анын өкмөт башчылык орунду мелжеп жатканы да айтылган эле.

"Тазабек" порталынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы 100 бай адамдын катарына кирген 48 жаштагы Аскарбек Шадиев Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Голбо айылында туулган. Учурда беш баланын атасы.

1988-жылы Фрунзе шаарында Политехникалык техникумду аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ушул эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн. Эгемендиктин алгачкы жылдарында анын спирт, мунай бизнеси менен алектенип, кийин саясатка өткөнү айтылып жүрөт.

2000-2002-жылдары Баткен облусунан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп келип, ушул эле жылы каржы министринин орун басары болуп, Каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектеген.

2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп, 2007-2010-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн "Ак жол" партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, Экономика, бюджет жана каржы комитетин жетектеген. Ушул убакта анын дарегине карата "үй-бүлөгө" иштеген деген сындар айтылган. 2009-жылы Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлгөндө Шадиевдин Курманбек Бакиевдин дарегине мактоо сөздөрдү айтканы гезит беттеринде жазылган.

Экс-министр жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков өзгөчө коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Разаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдөгү анын эмгегин баалайт.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Шадиевди мен 2000-жылдан бери билем, биз бирге депутат болгонбуз. Ошол учурда ал өзүнүн мекенчил, адамдык сезимин, улууларды урматтаганын көргөзгөн. Ал Исхак Разаковдун сөөгүн Москвадан алып келгенге салым кошкон жигиттердин бири. Албетте ал бардык бийлик менен иштешип келет. Менимче буга өзүнүн жөндөмү да болсо керек. Ким менен иштешпесин, ал чоң тажрыйба алды. Ачуусун да, татуусун да көрдү.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин эки жыл энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеп, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынан депутат болуп келген. Учурда парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетин башкарат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тышкы сапарларынын көпчүлүгүнө Шадиевди алып жүрдү. Көптөрү Акаев заманынан бери ат үстүндө келаткан Аскарбек Шадиевдин ийгилик сырын анын кичи пейил, элпек мүнөзү менен байланыштырышат.

Шадиевдин "Ак жолдогу", "Бир Болдогу" кесиптеши Улукбек Ормонов билимдүү адам кайсы бийликте болбосун талап кылынарын белгиледи.

Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

- Аскарбек Алимбаевичтин эң мыкты сапаттарынын бири - анын кичи пейилдиги. Жөнөкөй кишиби, башкабы сүйлөшө билет. Экинчиси - анын билими. Билимдүү адам кайсы бийликке болбосун керек.

2012-жылы Башкы прокуратура Кыргызстанга ташылып келген уулуу көмүр боюнча 304-берене ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгоп, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге айып коюлган. Кийин бул айып далилденген эмес.

Ушул эле жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Шадиевге жылуулук сезонуна даярдык начар болгону үчүн сөгүш жарыялап, анын энергетика тармагын реформалоо боюнча сунуштарын сындаган эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов дагы Шадиевди реформатор эмес деп эсептеди:

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

- Премьер-министрдин биринчи орун басары түштүктөн болушу керек, бул жак түндүктөн болуп калды. Караса ийкемдүү, бийликке дайым жаккан, Бакиевге да, Атамбаевге да ошондой адам керек. Анан Шадиев болуп чыгып атат. Буга эч таң калбаш керек. Демократиялык система курулмайынча адам өз ийгилигин көрсөтө албайт. Эч өзгөрүү болбойт. Анткени ушунча жылдан бери ал жигиттин оозунан реформа тууралуу сөз чыккан эмес. Анын жери, анан бийликке каршы чыкпаганы эске алынды.

Жарандык активист Адил Турдукулов Аскар Шадиевдин 2009-жылы Курманбек Бакиевдин Орусиядан каржылык жардам тууралуу айткан жаңылыгына ордунан туруп кол чабууга кесиптештерин чакырганын эстеди.

Булар саясатты, мамлекеттик ишмердүүлүктү конъюктурага жараша, жалданма мамиле аркылуу карьера жасоо катары көрөт.
Адил Турдукулов

- Аскар Шадиев Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун доорунда дагы эч убакта оппозиция болбой колдоп келген. Аша чаап колдогон учурлары да болгон. Мисалы, Бакиев убагында Орусиядан насыя алган үчүн депутаттар "Курманбек Бакиевди колдоп кол чаап коёлу" деп демилге көтөргөн. Сапар Исаков премьер-министр болуп бекитилип жатканда Шадиев "мурда Исхак Разаковго окшогондор 35 жашында келген, биз да жаштарды колдошубуз керек" деп айткан. Булар саясатты, мамлекеттик ишмердүүлүктү конъюктурага жараша, жалданма мамиле аркылуу карьера жасоо катары көрөт. Экинчиден, бизде эки революция болгон менен элде да, саясий элитада да буга чейин ошол адамдын жасаган иштери, сүйлөгөн сөзү эске алынбаганы өкүндүрөт.

Аскарбек Шадиев Кыргызстандагы алгачкы депутат-чиновник. Анын талапкерлиги Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелерине ылайык көрсөтүлүп, вице-премьер-министр болуу менен депутаттык мандаты да сакталып калат. Баштапкы маалыматтар боюнча, Аскарбек Шадиев өкмөт мүчөсү катары гана маяна алышы ыктымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG