Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

УКМК кызматкерлеринин иши сотко өттү


Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнөн соң кылмыш иши козголгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) оперативдүү кызматкерлеринин иши сотко өттү. Тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзгөнүн Башкы көзөмөл органы билдирди.

УКМК Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген эле. Аскер прокуратурасы пара алууга шектелген Медакадемиянын аппарат жетекчисин өлүмгө дуушар кылган атайын операция боюнча териштире баштаган. Атайын кызматтын ага тергөөчүсүнө “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, эки оперативникке “шалаакылык” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуядан соң УКМКнын ошол кездеги төрага орун басары, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG