Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 09:38

Акыркы беш жылдан бери кен казууга укук берген лицензиялар атайын аукцион аркылуу сатылып жатат. Бирок бул система өзүн актаган жок деген пикирлер бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тогуз алтын кени иштетилип жатат. Жакынкы жылдары дагы беш кенди ишке киргизүү пландалууда.

31-январда Нарын облусундагы Кумбел алтын кенин чалгындоого укук берген лицензия үчүн аукцион өтүп, аны “АТ Минералз” компаниясы утуп алды. Сынакка төрт компания катышкан.

Кенди чалгындоо лицензиясынын баштапкы баасы 87 миң 790 доллар деп аныкталган, ал эми аукциондо ал 214 миң долларга сатылды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов аукцион системасы өзүн актап жатат деп эсептейт:

- Бир кенге эки-үч компания кызыкчылыгын билдирсе, биз аукционго чыгарабыз. Ким жогору баа берсе, ошол утуп кетет. Ушул айда эле биз бир аукцион өткөрдүк, 14 миллион сомдон (214 миң доллар) ашык каражат бюджетке түштү. Мурда кандай эле? Мурда лицензияларды жең ичинен эле сүйлөшүп берип койчу.

Кумбел алтын кенинде 1970-жылдары 14 тоннага чейин алтын бар деп болжолдонуп, бирок чалгындоо иштери аягына чыккан эмес.

Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев төрт-беш жылдан бери иштеп жаткан лицензияны ачык сынак аркылуу сатуу системасы коррупцияны жоё албаганын айтууда:

- Негизги багыт туура болчу, бирок “Жер казынасы жөнүндө" мыйзам бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Ошондуктан лицензия берүү баягыдай эле чакчелекей. Тоо-кен тармагындагы жетекчилик кызматтарда, аппараттарда адистер жок. Коюлган максаттар ишке ашпады, коррупция кайра эле көбөйдү.

Орозбек Дүйшеев.
Орозбек Дүйшеев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алып, кен тармагын талкуулады.

Рыскулов жолугушууда Кыргызстанда тогуз алтын кени иштетилип жатканын, дагы беш кенди ишке киргизүү планы барын маалымдаган. Бирок ал “Азаттык” менен маегинде булар быйыл эмес, жакынкы жылдары ишке кире турган кендер деп түшүндүрдү.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Тоо-кен тармагы боюнча адис Назгүл Аскариева мурдагы жылдарга караганда, кен тармагында чыр-чатактар салыштырмалуу азайды деген ойдо.

Бирок ал чыр-чатактар, инвестициялык климаттын начарлыгы айрым компаниялардын Кыргызстандан кетишин шарттады деп белгиледи:

- Айрым чоң компаниялар Кыргызстандан кетип калды. Түшүнбөстүктөр айынан жана инвестициялык климаттын начардыгынан азыр австралиялык, индонезиялык кээ бир компаниялар кетип жатат. Акыркы убакта негизинен Кытай мамлекетинен инвесторлор келип жатат.

Айтылгандай эле, Кыргызстандагы кендерди иштетүүгө кытай компаниялары көбүрөөк кызыкдар. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов бул көрүнүштү мындайча негиздеди:

- Эмне үчүн Кытай компаниялары бизде көбөйүп жатат? Бул Кыргызстанда гана эмес бүт дүйнөдө болуп жаткан нерсе. Азыр Кытай Африкадагы, Түштүк Америкадагы, Түндүк Европадагы көп кендерде иштеп жатат. Инвестордун келгени жакшы. Өнүгүү болот, жумуш орундары түзүлөт.

Сооронбай Жээнбеков менен Уланбек Рыскулов.
Сооронбай Жээнбеков менен Уланбек Рыскулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагынын маанисин белгилеп, кен казган компаниялардын ишмердигине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керектигин билдирди:

- Кен иштетүүчү компаниянын ишмердиги республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек, - деди президент.

Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык конкурс жана аукцион өткөрүү аркылуу жер-жерлерде социалдык нааразылыкты жокко чыгарса болот деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG