Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:57

"Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси Максат Жээналиев тиешелүү уруксат кагаздары толук бүтө электигине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" кабарлады.

Мунун алдында, 7-февралда Тогуз-Тородо ондогон адам фабрика курууга таптакыр тыюу салууну талап кылып чыкты. Ушундай эле митинг мындан туура бир жума мурун да өткөн эле.

Айрым жергиликтүү тургундар "фабриканын зыяны мал-жанга тиет" деп эсептешет. Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев аларды "тар кызыкчылыкты көздөп жатышат" деп айыптап жатат.

Эми куруп жатса да кыйкырык салып жатышат. Куруп жаткан инвесторду "токтот" деп кыйкырып жатсак, биз өсөбүзбү?
Кожобек Рыспаев

Казарман айылында нааразылык акциясына чыккан жергиликтүү тургундар "Макмал" кенинин базасында тоо-кен байытуучу фабрика курууга тыюу салууну талап кылышты. Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов бул талапты айылдык кеңештердин сессиясында карап, анда кабыл алынган чечимди жогорку бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүүнү сунуш кылып, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды:

- Урматтуу Тогуз-Торонун тургундары, мыйзамдуу түрдө 1-февралда да чыктыңыздар. Биз талап коюп келдик. Акимибиз Тилек Казыбекович "мына, токтоду" деп айтып жатат. Каршы экенибиз. Эл каршы, "курдурбайбыз" дейт. Каршы экенибизди билдирип, протоколду толтуралы. Эми ушул протоколду ар бир айылдык кеңештин сессиясында карап, "каршы" деген протоколдорду толтуруп, документтештирип туруп жогору жакка жөнөтөлү. Тынч тарайлы.

Бирок чогулгандардын айрымдары тарабай, алтын фабрикасы курулуп жаткан жерге барды жана курулушту токтотууну талап кылганы белгилүү болду.

Тогуз-Тородогу алтын элеген фабриканын курулушуна байланыштуу соңку жагдай өкмөттө да талкууланды. "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси Максат Жээналиев биринчи вице-премьер-министр Аскар Шадиевдин катышуусунда жыйын болгонун, анда тиешелүү документтердин баары даяр болгуча ишти убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" билдирди.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

- Дал ошол Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин кагаздары бүтпөй жатат. Биринчи вице-премьер-министр менен жолукканда ошол тууралуу сөз болуп, ага комитеттин төрагасы да катышты. Аларга да "тездеткиле" деп тапшырма берилди. Жетпей жаткан кагаздар мамлекеттик органдарында кол коюу үчүн жатат. Мамлекеттик уюмдардан, тактап айтканда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен эки, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен бир экспертиза корутундусун, документ алабыз. Комитет документти "кол койгонго, бекиткенге бердик" дейт, агенттиктеги документтин тактай турган жерлери бар экен, ошону чогуу тактап жатабыз.

Алтын элеген фабриканын курулушуна каршы алгачкы нааразылык акциясы 1-февралда өткөн. Анда "ишкананын мал-жанга зыяны, кесепети тиет" деп кооптонгон пикирлер айтылган. "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси зыян тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев алтын фабрикасынын курулушун колдойт. Анын пикиринде, нааразылык акциясын өткөргөндөрдүн артында атайын бир топ турат​.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- Ал жерде митингди кимдер уюштуруп жатат, кимдер баштап жатат? УКМК иштеп жатат да. Ошолор маалымат бербейби? Аны болсо Макмалдан куулуп кеткен Алтынбектер, уурулар, ызы-чуу кылып кытайлардан акча алам дегендер уюштуруп жатат. Алар акча берип, элди унаа менен ташып алып келип уюштуруп жатышат. Ал жерде эч нерсе жок. Тиги кытай башы иштебеген инвестор эмес да, 10-11 миллион долларды коротуп, зыяндуу кылып курбайт да. Анда эл эртең эле кууп чыкпайбы. Убактылуу токтоткондо эмне, кура беришсин да. Булар жөн эле оюн кылып жатышат. Мен барып туруп "бул сонун инвестор" деп колдоо көрсөтүп, капсула салып келгем. "Алтын кошулмалары сыртка ташылып кетип жатат" деген кыйкырык-өкүрүк болуп жатат. Алар болсо "технологиясын иштеп чыктык, экологияга зыян кылбайбыз" деп ушуну куруп жатат. Эми куруп жатса да кыйкырык салып жатышат. Куруп жаткан инвесторду "токтот" деп кыйкырып жатсак, биз өсөбүзбү?

Тогуз-Тородогу Каргалы айылдык кеңештин депутаты Бегалы Мусалиев фабрика куруп жаткан компанияны "жергиликтүү эл менен эсептешпей жатат" деп сынга алды. "Нааразылык жыйындарын уюштурган атайын топ бар" деген сөздөрдү ал жокко чыгарды:

- Буга чейин ал компания эл менен эч кандай коомдук талкуу өткөргөн эмес. Элдин пикирин эсепке албай, өзүм билемдик менен сала баштаган. Бизде буга чейин деле 30 жылдан бери комбинат иштеп келген. Азыр банкрот болсо деле иштеп жатат. Жаңы салынып жаткан фабрикага элдин көбү каршы. Комбинаттын жерин "Кыргызалтындан" ижарага алып эле куруп жатышкан экен. Анын зыяндуулугу абдан эле чоң экен. Бизге техникалык-экономикалык негиздемесин берген эмес, коомдук талкуу да өткөргөн эмес.

Тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо.
Тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо.

Бул жаңжал эми эмне менен бүтөөрү белгисиз.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов менен 7-февралда өлкөдөгү кен тармагын талкуулаганы маалым болду.

Рыскулов президентке геологиялык изилдөө иштерин кеңейтүүнүн келечеги, өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө укук алуу үчүн ачык аукциондор менен конкурстарды өткөрүү жана лицензиялоо жөнүндө да айтып берди. Ал президенттин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизги максаттарына шайкеш келген 2018-2025-жылдарга карата Кыргызстандын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча программасы иштелип чыгып жатканына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо өлкөнүн экономикалык турмушундагы тоо-кен тармагынын маанисин белгилеп, тоо-кен компанияларынын ишине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керек экенин айтты.

- Кен иштетүүчү компаниянын ишмердиги республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек, - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков менен Улан Рыскулов.
Сооронбай Жээнбеков менен Улан Рыскулов.

Ушул тапта кыргыз бийлиги кен чыккан, кен иштетилген аймактарда жергиликтүү эл менен инвесторлордун чыр-чатактарын жөнгө салуунун жолдорун издеп жатат. Бул максатта атайын колдонмо да даярдалды. Анда кенге байланыштуу чыр-чатак чыккан аймактар тизмектелген, буга чейинки талаш-тартыштардын төркүнү, себеби учкай жазылган.

Колдонмодо сурамжылоонун негизинде жергиликтүү элди нааразы кылган жагдайлар айтылган. Маселен, анда "компаниялар ээнбаш, убадаларын аткарбайт, экологияга зыян келтирет, иши ачык эмес" деген сыяктуу дооматтар бар. Колдонмодо кен казган компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштешүү тартиби жазылган, укуктары, милдеттери көрсөтүлгөн.

Буга чейин өлкөдө кен казган компаниялар менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган учурлар көп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG