Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:23

"Макмал" өкмөттүн баш оорусуна айланды


Макмал кени

Жогорку Кеңеште "Кыргызалтын" "Макмалга" кызыккан кытайлык инвесторго тоскоолдук кылып жатат деген доомат айтылды.

Мындан улам маселе жакын арада Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинде каралмакчы. "Кыргызалтын" болсо парламентте айтылган дооматтарды четке какты.

"Макмал" 1986-жылы ачылган жана учурда алтын дээрлик түгөндү. Кыргыз өкмөтү ишканага бир канча жылдан бери инвестор тарта албай келет.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жакында "Кыргызалтын" ишканасынан отчет алганы жатат. Комитеттин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев 19-октябрдагы сессияда ишкана "Макмалга" кызыккан кытайлык инвесторлорго бут тосуп жатат деп билдирди:

- Кытайлык инвесторлор алтын фабрикасын куруп жатат, бирок биз жактан тоскоолдуктар болууда. Мен "Макмалга" барып келдим. Инвестор дейбиз, бирок өзү келип куруп жаткандарга жардам бере албай, бут тосуп жатабыз. Муну көзөмөлгө албаса болбой калды. “Кыргызалтын” ишканасы “Макмал” токтойт, кен түгөндү деп айтып жатат. Тогузторолуктардын абалы кандай болот? Ошол заводду эле карап отурушат. Заводдун абалы начар. Архитектурадан мөөнөтү эбак бүткөн деген корутунду бар. Кен жок. Ал жерге кытайлык инвесторлор келип завод куруп жатышат, мен капсула салып келдим. Алар бүгүнкү күндө дамбаны сурап жатышат, Кылдоону өз акчабызга чалгындап берели деп сурашты. Эмнеге жардам бербейбиз? Инвестор издеп жүрөбүз, келген инвесторду "Кыргызалтын" карабайт. Ошондуктан “Кыргызалтынды” да комитеттен карасак, эмне иш кылып жатканын комитетте кеңири карасак. “Макмал” токтосо кандай иш-чаралар болот? Жанында курулуп жаткан Кытайдын заводу кандай иштейт? Ал жерде бут тосуу бар.

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

Кожобек Рыспаевдин дооматы тууралуу "Кыргызалтын" учкай комментарий берди. Ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова кытайлык инвестор куруп жаткан заводдун "Макмалга" тиешеси жок деп түшүндүрдү:

- Депутат Кожобек Рыспаев айткан кытайлар куруп жаткан заводдун "Макмал" заводундагы өндүрүшкө пайдасы тийбейт. "Кыргызалтын" "Куранды девелопинг" жоопкерчилиги чектелген коом менен "Макмал алтын ишканасына" таандык жерди ижарага берүү боюнча гана келишимге кол койгон. Ошондуктан инвесторлор менен "Куранды девелопинг" сүйлөшүү жүргүзөт жана "Макмал алтынга" эч кандай тиешеси жок. Ал жерде Кыргызстан боюнча алтынды кайра иштетүүчү жаңы завод курулуп жатат.

"Кыргызалтын" "Макмал алтынга" инвестор издеп жатканын кабарлаган жана кеминде 30 миллион долларлык инвестиция керектигин айткан. Ошондой эле ишканага үч компания кызыгып жатканы белгилүү болгон.

Кыргыз өкмөтү жыл башында Саймалуу-Таш коругунун аймагындагы Кылдоо кенин иштетүүгө аракеттер башталганын кабарлаган. Маалымат боюнча, Кылдоо кенинде алты тоннага жакын алтын кору бар жана ал “Макмалалтын” ишканасынын дагы 10 жылга чейин иштешин камсыз кылат.

"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров "Макмалды" мамлекеттик үлүшүн калтырып жеке колго берүү керек деп эсептейт:

- "Макмалды" биргелешкен ишкана кылып кайра түзүү керек. Ал жерде Кыргызстандын өзүнүн үлүшү болот жана жеке инвестор дагы акчасын салып чогуу иштейт. Макмалды жандантуу үчүн инвестор келиши керек. Инвесторго пайыз бериши керек. Ишкананы жеке ишкер иштетпесе аны эми иштетүү кыйын, Союздун тушунда курулган жабдууларынын баары түгөндү. Өкмөт тоо-кен тармагын көзөмөлдөшү керек. Ошол эле учурда жеке ишкерлерге жардам берүү зарыл. Тоо-кен тармагы татаал. Мамлекет начар менеджер, ишкананын жүз пайыз үлүшүн ээлеп отурса пайда чыкпайт.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Ал арада тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев тоо-кен тармагында саясатка байланыштуу Жогорку Кеңештин өзүн айыптады жана шайланган президентке үмүт артып турушканын билдирди:

- Жогорку Кеңештин сунушу менен Андаш кени токтотулду. Жогорку Кеңештин сунушу менен Кумтөрдү жоготуп кое сактадык. Парламент тоо-кен тармагына жолтоо болгон учурлар бар. Бул тармак боюнча Жогорку Кеңеште бир дагы адис жок. Депутаттардын арасында бул тармакты билгендер жок. Жаңы келген президент эле жардам бери тоо-кен тармагын көтөрбөсө башкалардан үмүт жок. Бул тармак беш-алты жылдан кийин эмне болорун билбейбиз.

"Макмал" алтын комбинаты 1986-жылы ачылган. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, азыр бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган.

20 миңдей адам жашаган Тогуз-Торо районунун бюджетинин дээрлик 95 пайызын "Макмал" алтын комбинаты толтурат. Учурунда үч миңге жакын жумушчу иштеген жана айына 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр болсо бул көрсөткүч кескин өзгөрүп 30-40 килограммга түшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG