Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

“Макмалдын” алтыны түгөнүүдө


Макмал
Макмал

"Макмал" алтын комбинаты 1986-жылы ачылып, анын иштегенине быйыл туура отуз жыл толду.

Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, азыр бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ишканадагы ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражат менен түзүлөт. "Макмалдын" өмүрүн кайрадан узартуу үчүн отуз миллион доллар керектигин айткан “Кыргызалтын”, учурда инвесторлорду издөө менен жаңы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.

"Жөн эле жаап койо албайбыз"...

"Макмал"
"Макмал"

"Макмал" алтын комбинатынын жетекчилиги учурда чыгымга гана иштеп жатканын айтышууда. 45-50 чакырым алыстыктан кен ташылып келет, буга кошумча жер алдынан кен казып алуу да кымбатка турууда. Мурда алтын кен ачык типте казылып келсе, азыр жер алдынан казылууда. Бул кендин өздүк наркын актабай, ага кеткен күйүүчү май, электр энергиясына болгон төлөмдөр, комбинатта иштеген жумушчулардын маянасын кошкондо өндүрүлгөн продукциянын наркы өтө эле кымбатка түшүп жатат. Анын чоо-жайын “Кыргызалтын” ААК жетекчиси Алмаз Алимбеков “Азаттыкка” мындайча чечмеледи:

- Азыр дүйнө жүзүндө алтындын бир унциясынын баасы 1260 доллар болсо, "Макмал" алтын кенинде 1300 долларга айланып жатат. Мындан улам, албетте, чыгымдарга гана иштеп жатабыз. Айла жок, биз бүтүндөй бир аймактын бюджетин түзгөн мекемени алып туруп эле жаап сала албайбыз да. Учурда комбинатта 1100 адам иштейт, ай сайын алардын маянасына кеткен каражат жыйырма миллион сомду түзүп, канчалаган соода-сатыктагы жүгүртүүлөр айланып турат. Өткөн жылы биз комбинатты эки айга жаап, пландуу иш токтотуу жүргүзгөнүбүздө көпчүлүк дүкөндөр жабылып, иши токтоп калды. Ушундан улам эле алтын комбинат Тогуз-Торо районуна канчалык маанилүү экенин байкоого болот.

Жарактан чыккан шаймандар

"Макмал" алтын комбинатынын жумушчусу Асанбек Керимакунов 30 жылдан ашуун убакыттан бери, тагыраак айтканда, комбинат ачылгандан тарта "Макмал" алтын кенинде техникаларды оңдоп-түздөө мастерскойунда иштеген.

"Макмалдын" жумушчулары
"Макмалдын" жумушчулары

"Азаттыкка" маек куруп жатып мындан туура отуз жыл мурун коюлган станоктор менен тааныштырып, көбү иштен чыгып оңдоп-түздөөгө да жарабай калганын айтат. Учурда бул техникалардын жабдуулары заводдордо чыкпай калган, мындан улам бузулган станоктор комбинаттагы адистердин кесипкөйлүгү менен кайрадан жасалып эптеп ишке киргизилүүдө дейт.

- Эми техникалар убактысы жагынан да, моралдык жагынан да чарчап бүттү. Канча оңдосоң да баары бир станоктор бат эле иштен чыгып калат. Сатып алалы десек, көпчүлүгү азыр заводдордо чыкпай калган, жаңы маркадагысын алууга оңбогондой каражат керек. Учурда жогорку категориядагы мыкты кызматкерлердин ишсиз калуу коркунучу күч. Анткени "Макмал" алтын кенинде электр жабдууларын чогултуу жана камсыз кылуу цехин 1986-жылы түзүлгөндөн тарта ишке киргизип, жүздөгөн жаштарды тарбиялап, мыкты кесипкөй адистерди даярдап чыгарганбыз.

- Азыр дүйнө жүзүндө алтындын бир унциясынын баасы 1260 доллар болсо, "Макмал" алтын кенинде 1300 долларга айланып жатат. Мындан улам, албетте, чыгымдарга гана иштеп жатабыз.
Алмаз Алимбаев

19 миңден ашуун калк жашаган Тогуз-Торо району жалгыз "Макмал" алтын комбинатына көз каранды. Алтын кен ачылгандан тарта ушул күнгө дейре ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден киши ал жерде иштеген. Мамлекеттин жүгүн жеңилдеткен "Макмал" алтын кени бүгүнкү күндө, геологиялык чалгындоо жана изилдөөлөрдү талап кылып турган учур, анткени алтындын запасы түгөнүп, бир райондун социалдык-экономикалык абалы тобокелчилик алдында турган мезгил.

Жаңыланууга муктаж комбинат

Комбинаттын геологиялык чалгындоо иштерин аткарган кызматкери Руслан Калиловдун айтуусунда, техникалык жабдуулардын эскилигинин айынан цехке кирген руданын жарымы топурак менен кайра кетип жатат.

- Мен геолог катары абдан тынчсызданам, анткени комбинат бүгүнкү күндө толугу менен жаңыланууга муктаж. Анткени алтын кен ачылганда орнотулган станоктор азыркы учурга жооп бербейт, ал станоктор ачык казылган кендерге ылайыкташтырылган, азыр жер алдынан келген кендерди иштетүүдө теңи кайра эле топурак менен аралашып артка кетип жатат. Анткени кен канчалык жер алдындагы тереңдиктен алынган болсо анын курамы да ошонча өзгөрөт. Биздин шаймандар азыр жер алдындагы кенди топурактан бөлүүгө ылайыкталган эмес.

Советтик доордо күпүлдөп иштеген "Макмал" алтын комбинатынын бүгүнкү күндө кейпи кетип, ички жана сырткы жабдууларынын бардыгы эскирип, көбү иштен чыккан. Учурунда үч миңге жакын жумушчу иштеп, айына 180 ден 250 килограмга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр ал көрсөткүч кескин өзгөрүп 30-40 килограмга түшкөн. Ага себеп алтындын запасынын азайышы жана жер алдынан казылып алуудагы түйшүктөрдүн көбөйүшүнөн дейт "Кыргызалтындын" өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG