Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:48

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда айрым жергиликтүү тургундар тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыгышты.

Алар бул фабриканын мал-жанга, экологияга зыяны тиет деп эсептешет. "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү зыян тууралуу сөздөр негизсиз экенин айтууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эми маселени коомдук талкуу аркылуу чечүүгө камынып жатат. Алтын элеген фабриканы куруу иши былтыр башталган.

Тогуз-Торо айылында 1-февралда алтын чайкаган фабриканын курулушуна каршы, жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 150-200дөй адам чогулду. Ал эми уюштуруучулар келген элдин саны андан алда канча көп болгонун билдирүүдө. Анда "бизге фабрикадан мурда ден соолук керек" деген өңдүү ураандар айтылды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 7-февралда бардык тараптар катышкан кеңири жыйын өткөрүп, анда дооматтар талкууланарын убада кылгандан кийин чогулгандар тарап кетти.

"Бизге жаратылыш керек..."

Нааразылык акциясына чыккандардын бири Таалайбек Бакытбек уулу жергиликтүү эл "фабрика мал-жанга зыян алып келет, кесепети оор болот" деп чочулап жатканын айтып берди:

- Биз аягына чейин каршы турабыз. Анткени бизге зыяндуулугу тууралуу эч нерсе айтышкан эмес. Элди чогултуп, ошонун баарын айтып коюшса болмок. Ошон үчүн бул жакта "көтөрүлүш" болуп жатат. Бул фабриканы Кыргызстандын жети облусунда тең зыяндуу экенин билип, кубалашкандан кийин бизге келишкен. Кара-Балта, Таласка да сала баштаганда ал жактагы эл каршы чыгып салдырбай коюптур. Эгер зыяны тийбесе башка жактагылар кубалабайт эле да?

"Макмал" кенинин базасында тоо-кен байытуучу фабрика куруп жаткан "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясын кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы менен Ян Вэйхун аттуу кытайлык жеке ишкер түптөгөн.

Тогуз-Тородо өткөн митинг. 1-февраль, 2018-жыл

Тогуз-Тородогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Фабрика салуу былтыр башталган жана аны быйыл жайга чейин аягына чыгарып, ишке салуу каралып жаткан. Компаниянын башкы директору Максат Жээналиевдин айтымында, ишкананын элге зыяны тийбей турганын буга чейин бир канча жолу түшүндүрүшкөн:

- Технология боюнча биз ал жерде кен иштетпейбиз. Кенден чыккан байытылган концентрантты гана иштетебиз. Мисалы Иштамберди, Кайди, Орловкада "Алтын кен", "Кыргызалтындын" даярдап койгон концентранттарынан доре (70 пайыздан кем эмес алтын-күмүш куймалары) жасайбыз. Бул өзү эле айтып тургандай, таза технология болуп жатпайбы. Себеби, биринчи башка жерден иштетилип жатат. Азыр алтын кошулмалары чет өлкөгө кетип жатат. "Аны алып кетпей, Кыргызстанда эле калса, көп пайдасы тиет" деп 2010-жылдан бери өкмөт, депутаттар деле аракет кылып жүрүшөт. Ошондуктан ушул комбинат курулуп жатат. Мен өзүм тогузторолукмун. Бул деген - "Макмалдын өмүрүн узарталы" деген мекенчилдик сезим менен сунушталган долбоор.

Максат Жээналиев фабриканын курулушуна каршы чыккандардын артында өз кызыкчылыгын көздөгөн топ турат деп эсептейт.

- "Бул жерде "Макмал" комбинаты жоюлуп кетет экен, республика боюнча алтындан чыккан калдыктарды иштетет экен, биринчи компания ушуларды билип алып мындай фабрика курбай качып кетти" деген сыяктуу сөздөрдү чыгарышты. Үч уктаса түшкө кирбеген сөздөрдү айтып жатышат. Бул нерсени Макмалда ЗИФте иштеген балдар уюштурду. Анткени алардын өз кызыкчылыгы бар. Эми ошолор элдин түшүнбөгөн катмарына тыйын берип, ташыды деп айтып жатышат.

"Фабрика иштесин"

Бул маселе боюнча 7-февралда кайра жыйын өткөнү турат. Райондун акими Тилек Идирисов ага бардык тараптар чакырылганын билдирди:

- Биз мыйзамга ылайык, иш алып барабыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бар. Ошолордун баары өз корутундусун чыгарып, түшүндүрүп бериши керек. Адамга зыяны, кесепети тийбеши керек.

"Азаттык" Тогуз-Тородогу жагдай боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскуловго кайрылганда, ал маселе иликтенип жатканын билдирди:

- Мен муну кечээ Интернеттен окудум. Орун басарыма тапшырма бердим. Өзүм Жогорку Кеңеште жүрөм. Бул фабрика иштеши керек. Ал азыр ишке да кире элек, эч нерсеси баштала элек. Албетте, биз деле муну карайбыз, териштиребиз.

"Макмал" 1986-жылы ачылган жана учурда алтын дээрлик түгөндү. Кыргыз өкмөтү ишкананын өмүрүн дагы узартуу максатында бир канча жылдан бери ага инвестор тарта албай келет. Буга чейин ал үчүн кеминде 30 миллион доллар керек экени айтылган.

20 миңдей адам жашаган Тогуз-Торо районунун бюджетинин дээрлик 95 пайызын "Макмал" алтын комбинаты толтурат. Учурунда анда үч миңге жакын жумушчу иштеген жана айына 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр болсо бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, 30-40 килограммга түшкөн.

"Азаттыктын" архиви: Бүгүнкү Макмал. 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG