Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Инвестор менен элди элдештирүү аракети


Кыргызстан кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен инвесторлордун чыр-чатактарын жөнгө салуунун жолдорун издеп жатат. Бул максатта атайын колдонмо даярдалды.

Буга чейин өлкөдө кен казган компаниялар менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар далай жолу катталган.

Маселен, ушул тушта Баткендеги Шамбесай алтын кенинин ачылышына каршы чыккандар көп.

Шамбесай кени Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан жана анда болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Инвесторлор үчүн чыгарылган китепче.
Инвесторлор үчүн чыгарылган китепче.

​Шамбесайдын ачылышына каршы чыккан жергиликтүү тургундар көп. Алардын бири Зарылбек Абдыкалык уулунун пикиринде, анын пайдасына караганда экологиялык зыяны көп:

- Эгер кен ачылса биздин экологияга өтө чоң зыяны тиет. Кен эл жашаган жерге, дарыяга жакын турат. Ошон үчүн элдин баары каршы. Анан экономика жагынан такыр эле пайдасы жок. Беш жылда 250 миллион сом салык төгөт экен, биз кенсиз эле, бак-дарагыбыз менен жылына 40 миллион сом табабыз. Кен ачылса бир эле эмес, 16-17 айылга зыяны тиет. Эң башкысы - экология жагынан өтө коркунучтуу. Мурда канадалык компания ача турган болуп, "бул жерде эл жашайт экен" деп ачпай калган. Эми кытайларга сатып, алар "ачабыз" деп жатыптыр. Азыр күч органдары бирден суракка алып барып, элге катуу кысым көрсөтүп жатат.

2-февралда Шамбесай боюнча Кадамжайда жыйын болот. Райондун акими Жаныбек Исаков анда компания элди ынандырганга аракет кыларын айтып берди. Ал айтылган дооматтар эске алынат деп ишендиргенге аракет кылды:

- Бул маселе 2012-жылдан бери көтөрүлүп келет. Компания цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунуш кылды. "Ошону элге жеткирели" дешти. Бизге биринчи кезекте аймактын тынчтыгы керек. Эл менен компаниянын ортосунда жакшы мамиле болсун, кирешебиз көбөйсүн, инфраструктурабыз өнүксүн деген тилегибиз бар. Компаниянын аракеттери, долбоорлору экспертизадан өткөн, мыйзамдуу. Бирок эл бир топ жылдан бери нааразылыгын билдирип келет. Эми биз колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. "Ачылса жакшы болот эле" дейбиз. Албетте, элдин оюн да эске алып жатабыз.

Жерүй кенине каршы Таластагы нааразылык.
Жерүй кенине каршы Таластагы нааразылык.

Ал арада кыргыз бийлиги кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин чыр-чатагын жөнгө салуу, алдын алуу жолун издеп жатат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети донорлордун жардамы менен инвесторлорго, жергиликтүү бийликке кеп-кеңеш берген колдонмо даярдады. Анда кенге байланыштуу чыр-чатак чыккан аймактар тизмектелген, буга чейинки талаш-тартыштардын төркүнү, себеби учкай жазылган.

Сурамжылоонун негизинде жергиликтүү элди нааразы кылган жагдайлар айтылган. Маселен, анда "компаниялар ээнбаш, убадаларын аткарбайт, экологияга зыян келтирет, иши ачык эмес" деген өңдүү дооматтар бар. Колдонмодо кен казган компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштешүү тартиби жазылган, укуктары, милдеттери көрсөтүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, соңку жылдары чыр-чатак кескин азайды:

- Бизде 2011-2012-жылдары кендин казылышына эл каршы чыккан, компанияларга нааразы болгон учурлар катталган. Мындан улам жумуш токтоп турган 43 объект бар болчу. Геологдордун лагерлери талкаланган, техникаларын айдап кеткен, айдоочуларды сабаган учурлар болгон. Ошол кездеги жетекчи Дүйшөнбек Зилалиев баш болуп региондорду кыдырып баштаганбыз. Мисалы 2014-жылы эле Зилалиев аймактарды 63 жолу кыдырган, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Азыр деле жаңжалдар бар, жок деп айта албайм. Бирок жаңжал мурдагыдай эмес, каршы чыккандар 100 пайыз болгон учурлар жок. Көбүнчөсү колдойт. Анткени биз кен иштесе кандай пайдасы болорун биз түшүндүрүп бердик. Бирок эл арасында каршы чыккандар бар. Биз муну ачык айтабыз, ишти улантып жатабыз. Мисалы Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенинин ачылышын эл колдойт, бирок алардын арасында каршы пикир айткандар бар. Ошон үчүн биз иштеп жатабыз.

Улан Рыскулов.
Улан Рыскулов.

Тимур Гайнанов - Кыргызстанда кен тармагында иштеген "Росгеоперспектива" компаниясынын өкүлү. Анын пикиринде, чет өлкөлүк ишканалар чыр-чатактын алдын алуу боюнча тажрыйбалуу болуп калды:

- Көп учурда чет өлкөлүк инвесторлор жергиликтүү айрым бир жагдайларды, салттарды толук түшүнбөйт. Ошондуктан алар ишке киришерде жергиликтүү эл менен карым-катнаштын болжолдуу иш-аракеттерин белгилеп алганы оң. Анын баары бул колдонмодо жазылган. Ал жерде инвестор ишке киришерде эмнелерди сөзсүз кылышы керек экендиги көрсөтүлгөн. Мурдагы иштеген жеримде мен Чаткалда адамдар кен казган компанияга каршы чыккан жагдайга туш болгом. Анан калса 2000-жылдардын башында биздин тажрыйбабыз аз болчу. Ошол учурда биз көп нерселерди билип, түшүнчү эмеспиз. Тилекке каршы дейбизби же бактыбызга жарашабы, азыр биз ошондой жаңжалдарды чечүү боюнча тажрыйба топтодук. Келечекте мындай чырлар чыкпашы үчүн өткөндөн сабак алышыбыз керек.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну да чыр-чатактарды азайтуу боюнча өз сунуштарын берип жатат. Бул тууралуу кошуундун жетекчиси Элдар Тажибаев маалымдады:

- Мисалы, биздин кошуун инвестор, жергиликтүү бийлик, аксакалдар, аялдар кеңеши, жаштар уюмдарынан турган жергиликтүү коомчулук менен үч тараптуу келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо гана кен чыккан жерде туруктуулукту камсыздаса болот. Эгер компания оңдоп берген көпүрө сел болгондо бузулуп калса, нааразылык чыгат. Бир кылка иш болбойт. Ошондуктан иш системалуу жүрүшү керек. Дегеле тоо-кен тармагы ачык-айкын болушу зарыл. Киреше-чыгашасы, жамааты, канчасы чет өлкөлүк жумушчулар, канчасы жергиликтүү жарандар, алардын маянасындагы айырмачылыктар, иштөө шарты тууралуу ачык маалымат берилүүгө тийиш. Кийинки жылга пландары кандай - ушундай сандардын баары ачык болушу керек.

Кыргызстанда кендерге байланыштуу ири чыр-чатактар негизинен Кумтөргө байланыштуу чыккан. Анын айынан бир канча өкмөт башчы кызматынан да кеткен, президенттер маселени чечүүгө убада берген.

Бирок Кумтөр тууралуу дооматтар азая элек, маселе бир жаңсыл болбой турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG