Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Казак компаниясы Бозумчактагы ишин улантат


Бозумчак кени
Бозумчак кени

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Бозумчак алтын кенин иштетүүгө 3-ноябрда кайра уруксат берди.

Кенди казып жаткан казакстандык "Казминералс" компаниясы экологияга зыян келтирди деп айыпталып лицензиясы ушул айдан тарта убактылуу токтотулганы маалым болгон.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчак кениндеги экологияга зыян келтирген фактылар буга чейин да ачыкка чыккан. Ошондой эле компания менен жергиликтүү тургундар да араздашкан учурлар катталган.

"Казминерал" компаниясы алгач кыргыз өкмөтү лицензияны эч себепсиз эле токтотуп койду деп айтып чыккан.

Компаниянын Кыргызстандагы маалымат катчысы Елена Трегубова муну төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Ал маалымат бизден эмес, Лондондон айтылды. Компаниянын акциялары Лондондогу биржада жайгаштырылган. Бизге расмий эскертүү беришкенде "Кенди пайдалануу жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин негизинде деп гана жазылган эле. Бул үч айга чейин лицензияны токтотуу тууралуу Кенди пайдаланууга уруксат берүү комиссиясынын чечими болчу. Ал жерде Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын катынын негизинде деп да көрсөтүлгөн. Биз кемчиликтердин баарын оңдодук, айып пулду төлөдүк. Бүгүн биздин лицензиябыз калыбына келди.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиев Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын экинчи катынын негизинде лицензия калыбына келгенин бышыктады:

- Кечээ бизге Экотехинспекциядан “Казминералс” компаниясы бардык мыйзам бузууларды жойду, айып пулду төлөдү деген кат келди. Бүгүн Кен казуу тармагын лицензиялоо комиссиясы алардын лицензиясын кайрадан жандандырып, “Казминералс” компаниясына ишин улантууга уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алды.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Бозумчак кенин иштетүүдө экологияга зыян келген фактыны былтыр кышында эле аныктаган экен. Мекеменин башчысы Канатбек Муратбеков текшерүү дагы уланарын "Азаттыкка" маалымдады:

- Кышында биздин кызматкерлер барып текшергенде аныкталган. Бирок кардын калыңдыгынан канча арча кыйылганын санай алышкан эмес. Бул жолу барганда санап, айып пул салганбыз. Сом менен айтканда, 649 миң сом болгон. Мындан башка дагы мыйзам бузуулар болгон. Тез аранын ичинде жоюп, ордуна коюп, биздин талаптарыбыздын баарын аткарышты. Булар арчаларды биз кырккан эмеспиз, бизге чейин эле болгон экен деген ар кандай шылтоолорду айтып жатышат. Бирок факт деген факт да. Ошонун негизинде экологдор зыянды аныкташты. Эми айып пул төлөсө, анда бул күнөөсүн мойнуна алышканы да.

Бозумчак кени Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Аталган айылдык кеңештин төрагасы Нышанбай Жакыев кенди иштетүүдөн айыл эли пайдасын көрүп жатканын айтты. Бирок экологияга зыян келтирүү өңдүү учурлар да бар экенин белгиледи:

- Кенди иштетүүдө мыйзам бузуулар бар. Кендин этегинен чыккан булак, суулар бар. Элдин айтымында, ошол сууларды мал ичпейт экен. Айрыкча, жылкы назик келет эмеспи, аттарды сугарса ичпейт экен, Ал суу айылга чейин агып барат. Биз ал сууларды текшерүү керек десек, өздөрү лабораторияга алып бардык, текшердик, баары таза деп кайсы убакыт болсо деле айта берет. Эми ал жактан өздөрү кантип сүйлөшөт, бизге ал жагы караңгы. Алар бизге белгиленген салыкты төлөп берип турат. Элибиз иш менен камсыз болгон. Бир чети ыраазы боло турган деле жерибиз бар. Ошол жакта иштегендер, турмушу начарларды ишке алган. Айыл өкмөтүнүн бюджети деле 70 миллион сомдон төмөн болбойт. Жакшы жагы деле бар. Экология тууралуу адис болбогондон кийин так айта албайм.

Бозумчак жез кенин “Казминералс” компаниясы 2014-жылдан тартып казып жатат. Ошондон бери расмий маалымат боюнча, 7 миң тоннадай жез, бир тоннадан ашык алтын казылып алынган.

Бозумчакты казып жаткан "Казминерал" компаниясынын экологияга зыяны тууралуу былтыр дагы талаш чыккан. Анда 16 гектар ашык жердеги арча-карагай кыйылганы айтылган.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги зыяндын көлөмүн алгач 21 миллион сомдон ашуун деп эсептеп берген. Бирок көп өтпөй эле бул сумма кескин азайып, 4,5 миллион гана сом болуп калган. Бул жагдайды териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматына берилген, бирок кандай чечим чыкканы белгисиз бойдон калган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG