Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Шамбесайды иштетүүгө каршылык күчөдү


Кенди иштетүүгө каршы чыккан тургундар компанияга тиешелүү трактордун айнектерин талкалап салган. Кадамжай району, Баткен облусу, 9-октябрь, 2013.
Кенди иштетүүгө каршы чыккан тургундар компанияга тиешелүү трактордун айнектерин талкалап салган. Кадамжай району, Баткен облусу, 9-октябрь, 2013.

Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам ишин убактылуу токтотту.

19-мартта Кадамжайдын Майдан айылынын жашоочулары Шамбесай кенин ишетүүгө каршы акцияга чыгышты. Мунун алдында “Z-Эксплорер” Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигине кайрылып, кендеги ишин токтото туруу өтүнүчүн келтирген болчу.

Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясынын иши токтогондугу тууралуу Баткендин Кадамжай районун акими Акрамжан Мадумаров билдирди:

- Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинен “Z-Эксплорер” Шамбесай алтын кениндеги иштерин токтотот деген кат келди.

Жергиликтүү калк жана Майдан айылдык кеңешинин депутаттары кен иштетилсе анда боло турган жардыруулар, уу калдыктары сакталган жайлар Исфайрам дарыясына, ошол аймактын экологиясына коркунуч алып келет деп чочулоодо. Алар Шамбесай алтын кени Исфайрам дарыясына жана Майдан айылына өтө жакын жерге жайгашканын, бул дарыядан 150 миң адам суу ичээрин айтууда.

Исфайрам суусу.
Исфайрам суусу.
Былтыр аталган айылдын тургундары “Z-Эксплорер” компаниясынын өкүлдөрүн кенге жолотпой, күч менен сүрүп чыгаргандан кийин кырдаал курчуп кеткен. Компаниянын тракторунун айнектери талкаланып, кеңседеги кагаздар өрттөлгөн. Кадамжай райондук милициясы бул окуя боюнча кылмыш ишин да козгоп, бирок элдин сүрүнөн сурак иштери токтотулган болчу.

Район акими Мадумаров бардык иште элдин талабы эске алынуусу зарыл деп эсептейт:

- Жергиликтүү элдин пикирин да толук угушубуз керек. Биринчи кезекте экология маселесине көңүл бурушубуз керек. Шамбесай өзгөчө долбоор. Анын айылга жана дарыяга жакын болгондугу дегендей абалдар бар. Бирок мамлекет тоо-кен тармагын сөзсүз өнүктүрүш керек.

Шамбесай кенинин иштешине каршы акциялар Кадамжайда өткөн жылдан бери уланып келатат. Жергиликтүү калк менен тил табыша албаганына байланыштуу лицензияны токтото туруу өтүнүчү менен “Z-Эксплорер” компаниясы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке кайрылган.

- “Z-Эксплорер” компаниясы Шамбесай алтын кенине байланыштуу жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Учурда компания долбоорлоо иштерин гана жүргүзүүдө. Шамбесай кенинде эч кандай курулуш же айлана-чөйрөнү изилдөө, чалгындоо иштери аткарылбай турат. Компаниядан жогорудагыдай каршылык маселелери чечилгенге чейин кендеги иштерин баштабай турууну суранган, - дейт аталган компания кызматкери Жылдыз Акматова.

Кадамжайдын Майдан айылы.
Кадамжайдын Майдан айылы.
Шамбесай алтын кенинде 10 тоннага жакын алтын бар. “Z-Эксплорер” компаниясы кенди ачык жол менен казып алууну пландаштырган болчу. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик анын кайра качан иштери белгисиз экенин билдирүүдө.

Ошентип Кыргызстанда жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам дагы бир кен иштетүүчү компания ишин токтотту. Мындай тажрыйба Кыргызстандын башка аймактарында да кездешет. Бир четинен каршылык көрсөтүү акциялары экология, коопсуздук маселесине байланыштуу болсо, эчинчиден саясатка айлантып, соодалашуу аракети катары да мүнөздөлүп жүрөт.

Мисалы, Кеминдеги Талды-Булак-Сол жээк кенин кытайлык “Алтынкен” компаниясы иштетишине жергиликтүү тургундар макул эмес. Мындан сырткары Таласта жайгашкан Жерүй, Талды-Булак, Андаш кендерин иштетүүгө да жергиликтүү эл каршы болуп келет. Мындан улам адистер өкмөттүн тоо-кен тармагында бирдиктүү саясаты жоктугун сынга алууда.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай дейт:

- 20 жылдан бери тоо өнөр жай тармагы боюнча биридктүү саясат жок. Адистер жок, адистерди тартпайт, алардын сөзүн укпайт. Бул тармакта чоң реформа болмоюн мындай көрүнүш улана берет.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапабевдин белгилешинче, тоо-кен тармагын иштетүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан бери элдин нааразылыгы азайган. Ал өкмөт бул багытта эл менен чогуу иштеши керек деп эсептейт:

- Ал жерде уулуу заттар иштетилет, элдин ден соолугуна зыян тийет, жайыттар куурап, мал бага албай калабыз деп чочугандыктан ушундай каршылыкка чыгып атышат. Өкмөт түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатат.

Кыргызстанда тоо-кен тармагы экономика үчүн өтө маанилүү тармак болуп саналат. Бирок акыркы мезгилде бул тармактагы коррупциялык аракеттер, лицензиянын жең ичинен берилиши сыяктуу көрүнүштөр элдин ишеничин кетирген. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти буга чейин жетектеген төрт адамга кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG