Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Жерүй маселеси Гаага сотуна жетти


Жерүй алтын кениндеги курулуштар. Талас, 21-январь, 2012
Жерүй алтын кениндеги курулуштар. Талас, 21-январь, 2012

Бүгүн Гаагадагы Эл аралык арбитраждык сотто казакстандык Visor компаниясынын Жерүй кени боюнча арызы каралат. Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын башчысы Алмаз Алимбеков кыргыз өкмөтүнүн бул жараянга даярдыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Алмаз мырза, бүгүн Гаагадагы Эл аралык арбитраждык сотто казакстандык Visor компаниясынын кыргыз өкмөтүнө каршы арызы каралат экен. Буга карата кыргыз өкмөтү кандай даярдык көрдү. Өкмөттүн кызыкчылыгын коргогон юридикалык компания тандалдыбы?

Алимбеков: Буга чейин Жерүйдү иштеткен компаниянын 60 пайыздык үлүшү Visor компаниясына таандык болчу. Бирок ал келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмесин аткарган эмес. Буга байланыштуу лицензиясы жокко чыгарылган. Visor азыр биздин өкмөттү эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар өндүрүп алууну көздөп жатат. Биз кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн бул жаатта тажрыйбасы мол “Арнолинг портер” аттуу эл аралык юридикалык компанияны жалдадык.

Экинчиден, “Жерүй алтын” компаниясынын бардык лизенциялары мыйзам чегинде жокко чыгарылган. Кыргызстандын бардык баскычтагы сотторунун токтому муну тастыктап турат. Андыктан Visor коюп жаткан доону негизсиз деп айтсак болот.

“Азаттык”: Бирок Visor компаниясынын өкүлдөрү Жерүй кенин иштетүүгө ири көлөмдөгү каражат жумшаганын, кыргыз өкмөтү лизенциясын эч негизсиз тартып алганын билдирип келет...

Алимбеков: Башта айткандай, компания менен өкмөт түзгөн келишимдеги бир дагы пункт аткарылган эмес. Алар айткан 400 миллион доллардын кайда жумшалганын далилдеш керек. Азыр кенге барсаңар, жайдак талааны эле көрөсүздөр. Эч кандай инвестиция салынган эмес. Муну Эл аралык арбитраж соту эске алат деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Эгер Эл аралык арбитраж соту Visor компаниясынын пайдасына чечим койсо, кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрөт?

Алимбеков: Биринчиден, бул доо арыз биздин пайдабызга чечилет деп ойлойбуз. Себеби, компанияны лизенциядан ажыратууда бардык мыйзамдар сакталган. Экинчиден, чечим бүгүн же эртең эле чыга калбайт. Бир жылга чейин создугушу мүмкүн. Эл аралык арбитраж сотунун иштөө тартиби боюнча алдын ала изилдөөгө атайын мөөнөт берилет. Маселен, бүгүн чогулуп, арызды кароо тартиби аныкталышы мүмкүн.

“Азаттык”: Демек, бул жараян бир канча жылга созулушу мүмкүнбү?

Алимбеков: Бул доону экиге бөлүп карашы керек. Алгач юридикция деп коёт, анда доогердин арызын кароого негиз барын же жогун арбитраж сотунун мүчөлөрү изилдешет. Эгер кароого негиз жок деп тапса, иш дароо эле токтотулат. Эгер ишти кароого негиз бар деп чечим чыгарса, бир канча убакытка созулушу мүмкүн. Бирок биз ага жеткирбей эле, юридикциясы жок деп чечим чыгартканга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Visor компаниясынын компаниясынын доосунун эл аралык арбитражда каралып жатканы Жерүй алтын кенине кызыккан башка инвесторлорду чочутуп, ишке кедергисин тийгизбейби?

Алимбеков: Биз сот бүтөбү, бүтпөйбү аны карабай эле Жерүй алтын кенин иштетишибиз керек. Чечимди күтпөй эле сынак өткөрө беребиз.

“Азаттык”: Буга чейин Жерүйдү иштетүү боюнча сынак өтпөй калып, анын эрежелери кайрадан жарыяланаары кабарланды эле. Жаңы сынак качан өтөт?

Алимбеков: Бул суроого мен жооп бере албайм, учурда өкмөт иштеп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG