Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Жерүйдү иштетүүнүн шарты бекитилди


Өкмөт Жерүй боюнча сынактын шарттарын бекитти. Ал жакынкы күндөрдө расмий маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Сынактын негизги шарттарынын бири - инвестор 300 млн. доллар төлөш керек. Бул сумманы аз дегендер да, көп дегендер да бар.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуевдин 19-мартта “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, конкурстун шарттары бекитилди. Ал жакынкы күндөрү мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыяланат:

- Жарыя берилгенден кийин бир ай күтөбүз. Бир айдан кийин жаап, комиссия он күн документтерди текшерип чыгат. Ошондо документтердин конкурсу болот. Андан кийин бизнес долбоорго жыйырма күн убакыт беребиз. Мына ошондон кийин бизнес-долбоорду баллдык система боюнча карай баштайбыз.

Конкурстун шарттарына токтоло турган болсок, ага катышууну каалаган тарап 1 млн. сомго документтерди алууга тийиш.

Жеңүүчү деп табылган компания 300 млн. доллар төлөөгө тийиш. “Бул бонус эмес, мурда кетирилген тарыхый чыгымдардын ордуна берилчү төлөм”, - дейт Чунуев.

Сынактын шартында алтын ылгоочу фабриканы куруунун, экологиялык талаптар сакталган долбоорду түзүүнүн так мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Ал мөөнөттөр сакталбаса, инвестор айып пул төлөй баштайт.

Маалыматка караганда, сынактын шарты марттын соңунда жарыяланса, анда май айында кайсы компания жеңгени айкын болуп калат.

Жерүйдү иштетүү укугу 300 млн. долларга бааланганы талаш-тартыштарды жаратып келатат. Айрымдар бул ашыра баа десе, башкалар 80 тонна алтыны бар, демек 4 млрд. долларга бааланган кен Кыргызстандын колунан арзан кетет деп жатат.

Кыргызстандын тоо-кен тармагында иштеген белгилүү адис Мамат Айбалаев Жерүй 300 млн. долларга сатылса, анда кен мына ошол инвестордун менчигине өтүп, Кыргызстан таасир эте албай калат дейт:

- Сатып алгандан кийин менчик ээси болуп алат. Биз менчик ээси экенибизди колдон чыгарабыз. Келген тарап мыйзам менен иштейт. Бирок менчик ээси деген белгилүү да. Ага текшерүү болбойт. Прокуратура кире албайт. Техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан келишет, ага пара берип койот, ошону менен кайтып кетет. Мына, Кумтөрдөй болот.

Мамат Айбалаев Жерүй кенин Кыргызстан өзү иштетүүгө жөндөмдүү деп эсептейт. Анын айтымында, эгерде Кыргызстан өзү иштетсе, 2 млрд. доллар таза киреше табат:

- Жерүйдө 80 тоннанын тегерегинде алтын бар. Бүгүнкү баа менен 4 млрд. доллардан ашык болот. Кенди иштетүүдө 4 млрд. доллардын 2 млрд. доллары чыгашага кетет. Бул эми айлык акы, өндүрүш үчүн сатып алуулар жана башка чыгымдар. Ошондо 2 млрд. доллары калат. Аны инвестор менен 50/50 кылып бөлүп алсаң, 1 млрд. доллар калат. Биз 300 млн. долларга сатабыз деп жатабыз. Эгерде өзүбүз иштетсек 2 млрд. доллар таза киреше түшөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Жерүйгө коюлган 300 млн. долларды кымбат деп, инвестор келбей койсо, “Кыргызалтын” иштетиш керектигин белгилеген.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев да Кыргызстан Жерүйдү өзү иштетүүгө жөндөмдүү деп эсептейт.

Жерүй кени жайгашкан Таласта кенди иштетүү боюнча бир жактуу пикир жок. Айрым тургундар Кумтөр маселеси чечилмейин, Жерүйгө тийбей турууну талап кылып келатканы маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG