Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Иштамберди: жагдайды жөнгө салуу аракети


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Иштамберди алтын кенинде жумушчулар менен иш берген компания жаңы эмгек келишими боюнча тил табыша элек.

Талаштуу кырдаал 8-январда Бишкекте Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинде талкууланды. Ага кенди иштеткен кытайлык “Фул Голд Майнинг” компаниясынын жана жумушчулардын укугун коргогон Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун өкүлдөрү чакырылды.

“Фул Голд Майнинг” жумушчулардын айлык акысы азайтылып жатканын компаниянын каржылык абалы менен түшүндүрүп жатат. Кесиптик кошуун болсо жаңы келишимдин талаптарын мыйзамсыз деп эсептейт.

Өткөн жылдын этегинде компания кыска мөөнөттөгү эмгек келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Мунун айынан 400гө жакын киши ишсиз калган болчу.

Компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү учуру. 8-январь, 2018-жыл.
Компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү учуру. 8-январь, 2018-жыл.

Жыйында "Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 370 адам ишсиз калганы тууралуу маалымат берди. Ишкананын вице-президенти Чи Шуань Тань компания түзүлгөндөн бери киреше таба электигин, ошондуктан чыгымды жумушчулардын эсебинен азайтууну пландаштырып жатканын билдирди. Анын айтымында, ишкана жаңы эмгек келишимин түзүп, негизинен төрт жобо өзгөртүүнү сунуш кылып жатат.

​Биздин компания иштегенден бери чыгымга учурап жатат.

- Биринчиден, биз эмгек стажы үчүн ай сайын берилген кошумча акчаны алып салалы дегенбиз. Экинчиден, биз жумушчуларга күнүгө 140 сомдон тамак-ашы үчүн төлөп берчүбүз. Биз муну да алып таштайлы дегенбиз. Андан сырткары вахталык ыкма менен иштегендерге айлыгынан сырткары үч миң сом кошулчу. Жаңы келишимде аны да алып салалы дедик. Ошондой эле жумушчулар үчүн алардын айлыгынын он пайызын Социалдык фондго, он пайызын салыкка биз төлөчүбүз. Биз андан да баш тартып жатабыз. ​Биздин компания иштегенден бери чыгымга учурап жатат, азырынча пайда таба элек.

Чи Шуань Тань компания ​жалпысынан 200 миллион доллар инвестиция жумшаганын, ушул күнгө чейин 100 миллиондой сом айлык акы катары төлөнүп берилгенин кошумчалады. Ал каражаттын айынан кытайлык жумушчулардын 30 пайызы кыскарып жатканын да билдирди.

- Кыргыз тараптан мүмкүн болушунча жумушчуларды азыраак кыскартууну караштырып жатабыз. Ошондуктан айлыкка кошулуп берилген акчаны азайталы деп чечтик. Биз кыргыз тараптан абалыбызды түшүнүүнү өтүнөбүз, бул кыйын жагдайдан чогуу чыгабыз деп үмүт кылабыз.

"Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулар тууралуу жарыясы.
"Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулар тууралуу жарыясы.

Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну кошумча төлөмдөрдү алып салууну мыйзамсыз деп эсептейт. Кошуундун жетекчиси Элдар Тажибаевдин айтымында, кенчилер компаниянын азыркы абалын түшүнүү менен кабыл алып, айлык акыны көбөйтүү, жумушчуларды иштөө шартын жакшыртуу өңдүү талаптардан баш тартты. Андан сырткары бала төрөлгөндө, адам өлгөндө же маараке болгондо жана башка учурларда акча берүү каралган социалдык пакетти алып салууга көндү:

- Биз компанияга буга чейинки төлөнүп келген кошумча акчанын баары мыйзамда каралганын түшүндүргөнгө аракет кылдык. Стаж үчүн, тамак-аш үчүн акча кошуу Эмгек кодексинде, өкмөттүн токтомдорунда жазылган. Эмгек жамааты компаниянын абалын түшүнүп, айлык акыны көбөйтүүнү талап кылган жок. Ушул эле абалда калышына көндү. Ошондуктан кырдаалдан тезирээк чыгып, жумушчуларды ишке кайтарып келишибиз керек. Биз жумушчулар менен ушул жылдын 1-январынан тартып эмгек келишимин түзүүнү талап кылабыз. Анткени алардын жумуш стажында үзгүлтүк болбошу керек. Аларга компания реалдуу эмес шарттарды сунуш кылып жатат. Биз эски келишимдин калышын, мыйзамдар сакталышын талап кылабыз. Биз болсо өз кезегинде кенде иш мыйзамсыз токтобой, иш таштоо болбой турганына кепилдик беребиз. Компания пайда тапканча айлык акыны жогорулатуу маселесин да козгобойбуз.

Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунунун Жалал-Абаддагы өкүлү Абдижалил Тажиматов жаңы келишимге ылайык айлык акы 30дан ашык пайызга азайып жатканын билдирди:

- Биз азыр оор абалда турабыз. Жумушчуларга оор болуп калат. Алар жер алдында оор шартта, вахталык ыкма менен иштейт. Айлыкты 30 пайызга азайтуу жумушчуларга оор болуп калышы мүмкүн. Азыр биз "мынча пайыз" деп булар менен соодалашкан жокпуз. Бирок мыйзам чегинде тамак-ашка, вахталык ыкма менен иштегени үчүн акча төлөп берсе, калган Социалдык фонд менен салыкка байланыштуу төлөмдөрдү мыйзам чегинде сүйлөшөбүз.

Жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскулов “Фул Голд Майнинг” компаниясын кыргыз мыйзамдарын сактоого чакырды. Ал бул ишканага лицензия 20 жылдык мөөнөт менен берилгенин эске салып, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлбөгөнүн сынга алды.

Улан Рыскулов.
Улан Рыскулов.

- Бизде Эмгек кодекси бар, ал жерде талаптар бар. Биз силерге ошол талаптарды аткаргыла деп жатабыз. Ага ылайык, кыска мөөнөттөгү келишимдерди түзүү туура эмес деп жатабыз. Силер "үстөк акча төлөбөйбүз" дегениңер да туура эмес. Ошондуктан ушундай жагдайларды жоюп, тез арада жамааттык келишим түзгүлө. Азыр компаниянын каржылык абалы анча жакшы эмес. Эгер ал кайсы бир нерселерди төлөп бере албаса, анда аны жамааттык келишимде көрсөтүшү керек. Бирок бул мыйзамдын чегинде болушу зарыл.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы менен Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну жаңы келишимдин долбоорун эми өз ара да талкуулаганы жатышат. Азырынча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы белгисиз.

Иштамбердиде жалпысынан 600гө чукул адам иштейт. Ушул тушта эмгек келишими узартылбаган 370 жумушчудан сырткары 200дөй адам жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде чалгындоо иштерин 2008-жылы баштаган, алтын казууга болсо 2011-жылы киришкен. Ал алгач технологиянын начардыгынан алтын өндүрүүнү ишке ашыра алган эмес. Эки жыл мурун гана алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаганы маалымдалган. Кенде болжол менен 40 тоннага жакын алтын жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG