Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Ала-Бука – Чаткал: Алтындын жыргалы менен кууралы


Жалал-Абаддагы Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тоолору чектешкен жерде Иштамберди кенин кытайлык компания 2008-жылдан бери чалгындап, эми алтын казган жатат.

Аталган ишканага жергиликтүү элдин дооматы арбын. Быйыл август айында Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасынын жана Кызыл-Токой айылынын эли жол бууганга чейин барышкан болчу.

Иштамберди кени негизинен Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна карайт. Бирок кен бойлогон суу Чаткалдын бир катар айылдарын аралап өтөт, Иштамберди өзү да бул айылдардан анча алыс эмес жерде жайгашкан.

Алтынды цианид менен алышабы?

Кен катуу кайтарууга алынган. Иштамбердиге барганыбызда, кытайлык компаниянын жетекчилери интервью берүүдөн таптакыр баш тартышты.

Чаткалдыктар Иштамберди кенин казган кытайлык компанияны "алтынды бөлүп алуу үчүн цианид колдонуп, сууну булгап жатат" деп айыпташат. Бул сууну негизинен Кызыл-Токой, Ак-Терек жана Ынтымак айылдарынын эли да, малы да ичет.

Кызылтокойлук Анара аттуу келин кен ишке киргени ар кандай оорулар күчөп жатканын айтты:

- Суу булганып, иче албай жатабыз. Кадимкидей жыттанат. Мал деле ичпей калды. Балдар ооруп жатат.

Кызыл-Токой айылынын башчысы Мирлан Мырзаев сууга уулуу заттар кошулуп кеткен учурлар болгонун тастыктады:

- Химикаттар менен иштеген фабриканын калдыктар жаткан жери бар. Ал талапка жооп береби, же жокпу билбей жатабыз. Менимче, ал жер 25-30 жылга чейин бекем болушу керек эле. Булардыкы азыр эле түбүнөн сарыгып чыгып, сууга кошулуп кетиптир. Анан ал жакта иштеген биздин айылдыктар бул жакка телефон чалып, “сууну ичпегиле, булганды” деп айтышты. Бул окуя 13-октябрда болду. Анан эл ызы-чуу болгондо, кенди иштеткен компаниянын башкы деректири Жао элден кечирим сурап, түшүнүк кат жазып берди. Бул жактан Байкоочу кеңештин мүчөлөрү барып, көрүп, сүрөткө тартып, акт түздүк.

Булганган суу, чаңдаган жол...

Бул окуядан кийин кытайлык компания айыл элине бир маал суу ташып бере баштаган экен. Бирок Ала-Бука райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмү иликтеп, зыяндуу эмес деп тыянак чыгарып бергенден кийин суу ташуу токтоптур.

Кызылтокойлуктар “Фулл Голд Майнинг” мурда айткан таза суу чыгарып берүү убадасынан баш тартканын билдиришти.

Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасынын мэри Эрмек Алкеев жолго байланыштуу да нааразычылыктар бар деп билдирди:

- Оор техникалар Кызыл-Токой, Терек-Сайды аралап өтөт. Ошолор бир жагынан чаңытып, экинчи жактан жолду бузуп жатканына да эл нааразы болгон.

Чаткал, Ала-Букада кен казып жаткан компаниялар биригип, эл талап менен чыгып жол буугандан кийин Кызыл-Токойдо эки чакырым, Терек-Сайда дагы ушунча узундуктагы жолду асфальттап берүүгө макул болушкан. Азыр убада кылынган жолдун жарымына асфальт төшөлүптүр.

Цианидге байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, анын курамында Кызыл-Токой айылдык кеңештин депутаты Айжан Өмүркулова да болгон экен:

- Ушул жерден аккан дарыябыз - эл аралык мамиледеги дарыя. Бул сууну Өзбекстан да ичет. Эгер Өзбекстандан да уулангандар боло турган болсо, эки мамлекеттин ортосунда жаңжал чыгышы мүмкүн. Аким баш болуп, милицияларды алып, Терек-Сайдын депутаттарын кошуп бардык. Ошондо контейнерлерди карап цианидди таппадык. Бирок контейнерлерде башкача, кытайча жазылган медикаменттер бар экен. Биз аны түшүнбөдүк.

Анан дагы бир формуланы айтып жатышат. Ал формуланы өздөрү айтпай коюшканда интернеттен каратсак, аны деле чече алышпады. Жалал-Абаддан келген атайын адистер өздөрү аныктай албай коюшту. Алар билбесе, биз кайдан билмек элек? Ал дарылардын таптакыр котормолору жок экен. Котормо түгүл документ да жок. Документи жок чек арадан кантип өтүп келгенине таң каласың. Документ көрсөткүлө десек көрсөтө алышпады. Бишкекте, баланча күнү, түкүнчө күнү алып келебиз деп коюшту. Дарысы бул жакта, документи ал жакта имиш.


Алтындан пайда

Ала-Буканын акиминин биринчи орун басары Атантай Рыскулов аталган райондун Иштамберди участкасынан 140 гектарга жакын жер “Фулл Голд майнинг” компаниясына 8 жылга ижарага берилгенин “Азаттыкка” билдирди:

- Фирма ушул күнгө чейин 2 миллион 600 миң сомдук райондук социалдык-экономикалык инфраструктураны жогорулатканга солым кошкон.

Ал эми салык башкармасына 2010-жылы 29 миллион сом, 2011-жылы сегиз айында 32 миллион сом салык төлөдү. Ал эми Социалдык фондго 2010-жылы 12 миллион 200 миң сом, 2011-жылдын сегиз айында 7 миллион сомдук камсыздандыруу төлөдү.


Рыскулов бул ишкана азырынча алтын чайкай электигин билдирип, жергиликтүү элдин айтып жаткан дооматтарынын айрымдарын негизсиз деп атады:

- Бул комбинат ишке кире электе эле эл талап кылып жатат. Бирок кудай кааласа ишке кирип калса, Ала-Буканын өнөр жайын көтөргөнгө, социалдык-эконоикалык абалын жакшыртууга чоң таасири тиет. Бул ишкана ушул жылдын сентябрь айына чейин чалгындоо менен гана алектенген.

2011-жылдын сентябрь айында байытуучу фабрикасын ишке киргизген, бирок азыркы күндө толук иштегенге шарты болбой турат. Себеби ар түрдүү текшерүүлөрдүн негизинде бул жерде жакшы иш болбой жатат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, ишкананын өзү 200 миллион сомго бааланууда. 500дөй жумушчу иштейт.

Иштамберди кенинин негизинен мамлекеттик мааниси бар. Алтын кен казып жаткан ишкана Ош-Иркечтам жолун куруп берүү милдетин алган. Анда алтындын 80 тоннага жакын запасы, дагы ушунча көлөмдө күмүш бар деп айтылууда.

Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык программага кирген 40 долбоордун бирөө болуп эсептелет.

Ала-Букада жалпысынан алтын чалгындап, казып жаткан 6 ишкана бар. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып, азырынча тымызын чалгындап жүргөн фирмалардын саны жыйырмадан ашат экен.

Чынында Ала-Букадан Чаткалды көздөй кеткен жолдун боюнун баары эле казылып жатканын көрдүк. Жолдун так эле боюна 5-6 метр ары жакта эскалатор тынбай иштеп, жер казып жатат.

Жергиликтүү эл тонналап казылчу алтынга көп кубанбай, экологиялык маселелердин, жолдун, суунун убайымын тартышууда.
XS
SM
MD
LG