Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Чоңалайлыктар менен кытайлык компания тил табыша албай жатат


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургундары алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүүнү талап кылышууда. Алар заводдон чыккан саркындылар жергиликтүү элдин ден соолугуна залакасын тийгизип жатат деп нааразы.

Жергиликтүү тургундар алтындан түшкөн кирешенин жарымы Кыргызстанда калышы керек дешет. Ал эми кытайлык ишкерлер эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде кен казылып жатканын, экологияга залакасы тийбей турганын ырасташууда.

Кытайлык “Интербизнес Кайди” алтын компаниясынын кен ташуучу унааларын өткөрбөй, бир аптадан бери күнү-түнү жол тосуп отурган дарооткоргондуктар заводдун зыяндуулугун бир жылдан бери сезип атканын айтышат. Алардын белгилешинче, Кара-Казыктан казылган сырье ачык жүк ташуучу унаалар менен 5 айылды аралап өтөт.

Турдумамат Жакыпов
“Мунун баары эрежеге туура келбейт” дейт жашоочу Турдумамат Жакыпов:

- Менде бар документтер боюнча гамма-нурлануунун өлчөмү 11-14. Так ушундай өлчөм элдин ден соолугуна зыян эмес деп, мамлекет уруксат берген.

Бирок бул жерде нурлануу 35-40, кээ бир жеринде 105-130ду көрсөтүп жатат. Машинелери менен ачык эле айылды кыдырып өтүшөт. Ар бир чайпалганда да ал нурлануусу чачырап атат. Алып келген жеринде да жабык сактабай ачык коюшат.


Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кен казыла башталгандан бери аялдардын төрөттөн кыйналуусу күчөгөн. Жол тоскондордун бири Шайымгүл Маматова буларды айтты:

Шайымгүл Маматова
- Мен 30 жыл акушер болуп иштедим. Ошончо жылдан бери мындай нерсени көргөн эмесмин. Келиндер айына жетпей, кыйналып төрөп жатат. Патология менен төрөйт. Төрөгөн балдары ара болуп, чала өлүк туулуп жатат.

Кичинекей балдарда аллергия күч алды. Биз деле кычыткы болуп атабыз. Чүчкүрүк-бышкырык көбөйдү. Кен чыкпаса чыкпасын, бизге элдин, балдардын ден соолугу керек.


Дароот-Коргондун дагы бир тургуну Пардас Жунусова соңку мезгилде жан-жаныбарларда да табигый эмес көрүнүштөр байкалып жатканын айтат:

- Дарыяларда балык көп болчу эле, кышында баары өлүп калыптыр. Жерлерге суу койгонубузда бакалар чыгып калчу эле – быйыл ал деле жок. Мунун себеби ушул алтындан болуп жатса керек.

2008-жылы иштөөгө укук алган “Интербизнес Кайди” компаниясы Чоң-Алай районунда алтындан сырткары күмүш жана жез өндүрүп келет.

Бир гана Кара-Казык участогунан 543 кг алтын, 1911 кг күмүш жана 670 тонна жез запасын казып алаары күтүлүүдө. Бирок жергиликтүүлөр бул ишкана кошумча уран, цинк сыяктуу кендерди да өндүрөт деп тополоң салып келет. Ошондой эле кендин саркындылары коопсуз жайда сакталбайт деп айыптап коюуда.

Жунус Сейданов
Ал эми заводдун башкы директорунун жардамчысы Жунус Сейданов мындай айыптарды четке кагууда:

- Бул сактоочу жай талапка ылайык эле курулган. Болгону азыр бир аз суу жок, ным жок гана чаңып жатат.

Бул жерде шамал катуу болгону үчүн эки жакка учуп жатат. Бирок ал зыяндуу эмес. Адистер баарын текшерип кетишкен. “Эч кандай зыян жок” деп аныктама беришкен.


“Интербизнес Кайди” компаниясы алтынды түздөн-түз бул жерде өндүрбөйт. Казып алган таштарды майдалап, концентратын Кытайга ташып кетет. Өткөн жылы 2494 тонна концентрат өндүргөн.

Эки өлкөнүн келишимдерине ылайык түшкөн кирешенин 1 пайызы гана Кыргызстандын пайдасына өтөт. Бирок ошол 1% киреше ушу кезге чейин бериле элек. Чоң-Алай районунун акими Азизбек Алайчиев мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

- Биз менен Кытайдын келишимине ылайык, алар кирешенин 1 пайызын гана Кыргызстанга беришет. Анткени алтын бул жерде өндүрүлбөйт да.

Алар сырьену майдалап, талкалап, анан Кытайга ташып кетишет. Аны иштеп чыгууга да өзүнчө чоң каражат кетет, мээнет кетет. Балким ошондон болсо керек.

Бирок өкүнүчтүүсү – ошол 1 пайызды да ала элекпиз. Анын себебин компаниянын жетекчилери таза алтынды колдоруна ала электиги менен түшүндүрүп атышат.


Бийликтер белгилегендей, компания 3 жыл аралыгында 10 млн. сом жер салыгын төлөгөн. Бирок жергиликтүү тургундар кирешенин жарымы Кыргызстандын пайдасына чечилмейин кытайлык заводдун иштешине мүмкүнчүлүк бербей турганын айтышууда:

Дароот-Коргон айылынын тургуну Турдумамат Жакыпов:

- Биринчи кезекте заводдун өндүрүшү экологиялык жактан таза экендигин далилдешсин. Аны далилдеш үчүн бизге лабораториянын да, адистин да кереги жок.

Жөн гана ташылып аткан таштардан бир КАМАЗ акимдин үйүнө, бир КАМАЗ Оштогу Лениндин эстелигинин алдына, бир КАМАЗды Ак үйдүн алдына алып барып төгүшсүн.


Экинчи талабыбыз, эгер чындап таза экендиги аныкталса, түшкөн пайданын 51 пайыздан кем эмес Кыргызстандын, жергиликтүү тургундардын пайдасына чечилсин.

Бир нече күндөн бери жашоочулар атайын адистер менен биргеликте комиссия түзүп, “Интербизнес Кайди” заводунун өндүрүшүн карап чыгуу чечимине келишти. Андан кийин гана тараптар бир бүтүмгө келүүсү күтүлүүдө.

Маалым болгондой, Чоң-Алай районунда мындан башка Asia Gold Enterprise аттуу кытайлык алтын иштетүүчү заводу да иш алып барууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG