“Азаттыктын” ардактуу угармандары жана окурмандары! Бул аптанын темасы – экология проблемалары. Анын алкагында Табиятка ташбоор же кайдыгер мамиле тууралуу баяндарды, маектерди, арай көз-чарай талкууларды тартууламакчыбыз. Ой-пикир, сунуштарыңыз болсо, сиз дагы ушул жерден талкууга катышыңыз.
Жер-Энени ким эзип жатат?
Ичүүчү суу кору топтолгон дүйнөдөгү сейрек мамлекеттердин бири Кыргызстанда мөңгүлөр кескин кыскарууда. Кайберендерге аёосуз аңчылык жүрүп, кен казылган жерлер кунарынан ажырап барат.