Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Жаңы-Арыктын тургундарын ким угат?


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар алыскы айыл жерлеринде жашоо турмуш кыйындап калганын билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылынын тургуну Айнура Көккөзова: Үстүбүздөгү жылдын апрель айында очогу Чоң-Дөбөдө 7-8 баллдык жер титирөө болгон.

Биздин Жаңы-Арык айылында 6 баллга жеткен. Бирок бул маалымат эч жерде айтылган жок. Көпчүлүк үйлөрдүн чатыры бузулуп, дубалдардан жаракка кетип, шыптын шыбагы түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен комиссия келип, "силердин үйлөрүңөр жер титирөөдөн эмес, жер алдындагы суунун көтөрүлүшүнөн улам болгон" деп жыйынтык чыгарып кетишкен. Дубалдар жарылган, чатыры бузулган үйлөргө МЧС ссуда берерин айтып кетишкен. Ошону берсе, кыш түшө электе үйлөрүбүздү оңдоп-түзөп алат элек. Биздин көйгөйүбүзгө көңүл бурган эч ким жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов: Ссуда берүү маселеси менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алектенбейт. Аны менен түздөн түз Архитектура жана курулуш агенттиги иш алып барат.

Ошолордун алдында Турак-жай курулуш департаменти деген бар. Ссуданы берүү, таркатуу жумуштары менен ошолор алектенет. Бул маселе боюнча ошолорго кайрылышса болот.

Сокулук, Өндүрүш Токтонасыров: Президент Роза Отунбаева Жогорку Сот жана Конституциялык палатада иштөөнү самаган талапкерлер менен жекеме-жеке сүйлөшүүсү кыргыз сыналгысы аркылуу көрсөтүлүп, көрөрмандарды абдан таң калтырды.

Себеби судья болуп иштөөнү каалаган ошол талапкерлер президенттин жөнөкөй суроолоруна жооп бере албай, коомчулуктун алдында бир топ эле уят болушту. Бул негизинен чоң сабак.

Адамдардын тагдырын чече турган ошол билими тайкы адамдар сотту башкарып отурса кандай болот? Ушундай көрүнүштөн кийин мен сунуштайт элем: мамлекеттик кызматтарга иштей тургандарды, акимдерди, айыл өкмөт башчыларын премьер-министр жеке кабыл алып, анын жөндөмүн, билим деңгээлин текшерип, анан кызматка койсо башкаруу багытында бир топ натыйжа берет.

Чоң-Алай району, Орозмат Чалакеев: Чоң-Алайда алты ай кыш болот. Мына ушундай кыйын шартта жаштар эмне менен алек болсун? Албетте мал чарбасы. Анан дыйканчылык кылабыз. Андан башка эрмек кыла турган иш жок.

Сандыкта дипломдор жатат. Бир жерде иштейин десең жумуш жок. Жаштар эс алып, көңүл ача турган маданий жайлар, спорт менен машыга турган жерлер жок. Акимдер деле жыргатып иштебей койду. Тоолуу аймактарга өкмөт жакшылап көңүл бөлсө болот эле.

Чоң-Алай району, Зеби Ташматова: Менин тилегим тынчтык болуп, кыргыздардын жашоосу жакшырса экен. Биздин ушул Чоң-Алай өрөөнүндө кытайлыктар кен байлыктарды иштетип, анын зыяндуулугу биздин ден соолугубузга кедергисин тийгизип жатат.

Келиндерибиздин боюнан түшүп, балдардын өлүмү көбөйдү. Малдарыбыздын төлү да болбой калды. Жайыт жерлерибизге чөп чыкпай, кенди иштетүүнүн зыяндуулугу кадыресе таасирин тийгизип жатканын көрүп эле турабыз.

Кытайлыктар кен чыкчу жерлерди кандай иштетип жатат? Эмнелерди казып жатышат? Ачыгын айткан бир адам жок. Жергиликтүү элге кытайлыктардын кереги жок. Чын ден соолук, жерибиздин тазалыгы керек.
XS
SM
MD
LG