Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Бир эне чындык издеп, чырылдап жүрөт


Сонунбала Атантаева
Сонунбала Атантаева

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандардын айрымдары Бишкекте НАТОнун өкүлчүлүгүн ачууга каршы көз караштарын билдиришти.

86 жаштагы Сонунбала Атантаева: Дүсселдорф шаарында каза болгон Кундуз Турсунованын сөөгү келгенде көрдүк: германиялыктар кызды “өзү муунду” дейт. Бул жөн гана доо сөз. Чынында кыздын чоло жерин койбой сабап, мыкаачылык менен өлтүргөн. Ошон үчүн каза болгон Кундуз Турсунованын укугун коргоо үчүн апасы Алмабүбү Жылкыбаеванын алы жетпей жатат.

Укук коргоочулар, бийликтегилер жардам берсе дурус болмок. Бечара аялга өтө аянычтуу болуп турат. Биринчиден, кызы өлсө, экинчиден, укугу корголбой жатса...

Өлтүрдү делип шектелип жаткан немис жараны мыйзамдын алдында жоопко тартылса дейбиз. Анткени калган мигранттардын укугун коргоого жол ачылат эле. Германияда гана эмес, башка өлкөлөрдө да кыргыз жарандарынын укуктары корголбой жатат. Ошондуктан укук коргоочулар, бийликтегилер Германиянын элчисинен ушул Кундуз Турсунованын өлүмү жөнүндө Германиянын сотторунун калыс чечим чыгарышын талап кылып, оңдуу чечип берүүңөрдү өтүнөм. Жасаган кылмышына жараша жоопкерчиликке тартылса болот эле.

Маалымат үчүн: 1984-жылы туулган Кундуз Турсунова Дүсселдорф шаарына үй жумушчу катары жеке канал менен 2005-жылы кеткен. Кундуздун туугандарына былтыр “15-майда ал өз жанын өзү кыйып өлдү” деген мазмунда Германиядан кат келген.

Маркумдун туугандары үй жумушчу катары чакырып алган Германия жараны Гот Валт Патрикти Кундуздун өлүмүнө тиешеси бар деп шектенип, тергеп-иликтөө амалдарын так жүргүзүүнү Германиянын элчилигинен талап кылып келишүүдө.


Жамалдин Темирбердиев, Бишкек шаары: Замандын карт тарыхында көчмөн кыргыз улутунун уңгусу жана урууларынын башын бириктирип, тээ Энесай, Алтай, Саян, Теңир-Тоо, Памир (Саркол), Кең Алай (Гималай) тоо кыркаларынын түндүк-түштүк жагында жашап келген.

Кыргыз элин, Ата мекенин мүнөзү курч, аң сезими бийик, Манас бабабыз баш болгон улуу инсандар сырт душмандардан, баскынчылардан сактап, коргогон. Байыркы заманда эле мына ошол аймактарда Улуу Түрк каганаты маданий жана экономикалык жактан өнүккөн. Ошондуктан улуу Манас бабабыздын басып өткөн жолу кыргыз-түрк элдеринин туу туткан идеологиясы болуусу абзел. Ыймандуу элибизди сырттан келген жана ичтен чыккан маңкурттардан сактоо зарыл.

Элдар Аттокуров, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси: Жакын арадан бери баш калаабыз Бишкекте НАТОнун өкүлчүлүгүн ачуу маалыматы тарады. Ошол маалыматтан кийин “өлкөбүздүн келечеги үчүн” деген жаштар биригип, каршы пикирибизди билдирип жатабыз.

Себеби июнь коогалаңы боюнча түзүлгөн эл аралык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу Киммо Килюнен жарыялаган маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым “АКИ-пресс” агенттигине курган маегинде колдоорун билдирди.

Эгерде “Эл үнү” берүүсүнө пикириңизди, сунушуңузду билдирем десеңиз 31-61-65 номурлуу телефонго чалып аты-жөнүңүздү айтып, пикириңизди жаздырып коюңуз. Бирөөнү каралаган, аброюна шек келтирген же жалган маалыматтар эфирден чыгарылбайт.

XS
SM
MD
LG