Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

Куралдуу күчтөр чукул кырдаалдарга даярбы?


Куралдуу күчтөрдүн атайын даярдыктагы "Скорпион" тобунун жоокерлери Ала-Тоо машыгу жайында, 2011-жылдын 25-майы.
Куралдуу күчтөрдүн атайын даярдыктагы "Скорпион" тобунун жоокерлери Ала-Тоо машыгу жайында, 2011-жылдын 25-майы.

Кыргыз куралдуу күчтөрүнө 19 жыл толду. Бир жыл мурда этникалык кагылышты баштан кечирип, коопсуздугу негизги планда турган өлкөнүн куралдуу күчтөрү кандай абалда?

Соңку жылдары ар кыл эл аралык уюмдар Борбор Азия чөлкөмүн ар кандай конфликттер чыгып кетүү ыктымалдуулугу чоң аймактарга кошуп жүрөт. Ага бир канча негиздер бар.

Биринчиден, Борбор Азиянын бир ыптасында орун алган Ооганстандагы кырдаал, дал ушул мамлекеттен келе турчу террорчулук, экстремизм, баңги заттарды ташуу сыяктуу маселелер чөлкөмдөгү коопсуздукка таасирин тийгизет. Экинчиден, Фергана өрөөнүндөгү курч абал, этникалык, диний негиздеги тирешүүлөрдүн бар экени.Үчүнчүдөн, Борбор Азиядагы мамлекеттердин куралдуу күчтөрү конфликттерди чечүүдө алсыздык кылуусу ыктымал.

Дал ушул себептерден улам “Былтыр эле этникалык кагылышты баштан кечирген Кыргыз мамлекетинин куралдуу күчтөрү кандай абалда? Өлкө армиясы ар кыл коркунучтарга даярбы?” деген сыяктуу суроолор келип чыгат.


Кыргыз армиясынын абалы

Кыргыз армиясында Ми-8, Ми-24 үлгүсүндөгү бир канча тик учак болбосо, бир дагы аскерий учак жок. Өткөн кылымдын 70-жылдары чыккан советтик чабуулчу учактар эбак эскирип, дат басып жатат.

Ошентсе да коргоо министринин биринчи орун басары, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын зардалы Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, ушул тапта кыргыз армиясынын кайраты, профессионалдык даярдыгы мурдагыдан кыйла жогорулап калды. Жоокерлердин дээрлик 75 пайызы келишимдик кызмат өтөөгө өткөрүлдү. 25 пайыздай жоокер гана милдеттүү кызмат өтөөгө алынгандар.

Өмүралиевдин пикиринде, совет доорунан калган негизги курал-жарактар, танктар, артиллериялык куралдар дагы 10 жылча керекке жарап берет. НАТО стандарттарына төп келчү жеңил куралдар деле четинен келе баштады. Андыктан ыктымалдуу жаңжалдарды ыкчам чечкенге кыргыз армиясынын кудурети жетет:

- Өзүңүздөр көрүп аткандай террорчулук күчөп атат. Мына экстремизм, этникалык жаңжалдар болуп. Ошолорго биз даярдык көрбөсөк, ага карата даяр болбосок, анда бул биз үчүн өлүмгө тете болот. Былтыр деле июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында эки элдин ортосунда чыр-чатак болуп өттү. Ошондо куралдуу күчтөр, милиция болбосо окуя кандай багытка бурулуп кетмек эле? Эгер биздин армия начар, моралдык-психологиялык жактан төмөн болгондо тетиги Африка өлкөлөрүндө, Ливияда болгондой окуялар болуп кетмек. Ал эми биздин армия кудайга шүгүр жакшы эле. Техниканы анча-мынча жаңыртып алганбыз, оңдоп алганбыз. Келишим түрүндө кызмат өтөөгө өткөрүп алганбыз жоокерлерди. Былтыр ошол жерде милдеттүү чакырылган тажрыйбасыз жоокерлер болгондо башкача болуп кетиши мүмкүн эле.

Борбор Азияда кимдин армиясы күчтүү?

Ушул тапта кыргыз куралдуу күчтөрүндө 15 миңдей жоокер кызмат өтөйт. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту жарыялаган отчетко караганда, 2010-жылга карата Борбор Азиядагы мамлекеттер арасынан кыргыз армиясы аскерий техникалары жагынан Тажикстандан гана бир аз алдыда. Кайсы бир иликтөөлөрдө согуштук операцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү боюнча бул эки өлкө негизинен тең бааланат. Ал эми коңшу Өзбекстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрү салыштырмалуу алда канча жогору турат. Кытайдын куралдуу күчтөрү болсо дүйнөдөгү эң эле күчтүүлөрдүн катарында.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, кыргыз армиясы техникалык жактан да, моралдык жактан да эскирип калды. Ошол эле маалда Фергана өрөөнү жарылып кетүү ыктымалдуулугу чоң бомбаны элестетет. Андыктан армияны жаңы согуштук техникалар менен камсыздоону, бекемдөөнү күчөтүп, чек ара маселелерин болушунча ыкчам чечүү зарыл:

- Куралдуу күчтөрдү биз жаңы курал-жарактар менен камсыз кылышыбыз керек. Американын, жанагы НАТОнун күчтөрү “Манаста” жайгашып атпайбы. Ошолор 60 миллион доллар берет экен жердин ижара акысы үчүн. Ушул 60 миллион долларга биз жыл сайын толугу менен заманбап, өтө жаңы курал сатып алышыбыз керек. Армияга ушинтип өзгөчө көз караш менен жардам бербесек болбойт. Жаңы, заманбап куралдарыбыз болбосо биз кошуналарга караганда алсыз, көз каранды мамлекет болуп кала беребиз.

Транзиттик жүк ташуучу борбордон ижара акысын куралдуу техникалар түрүндө алуу сунушу буга чейин да айтылып келген. Ошентсе да экономика өсмөйүн армияны каржылоо, мындайча айтканда бекемдөө оорго турчудай.

Ниязовдун айтымында, улуттук бюджет тышкы насыялардын эсебинен түзүлүп аткан чакта армияны дурустап каржылоо мүмкүн эмес. Ошол эле маалда армия күчтүү болмоюнча, өлкөнүн коопсуздугун толук камсыз кыла алмайынча өнүгүү кыйын.

Салыштыруу иретинде айта кетсек, жер аянты Кыргыз мамлекетинен кыйла кичинекей, калкынын саны 5 миллиондун тегерегиндеги Сингапурдун ар дайым кармалчу 72 миң жоокерден турган армиясы бар. Согуштук техникалары да эң алдыңкы. АКШнын атактуу F-16, F-15 баштаган согуштук учактарынан эле 100 чакты. Албетте экономикасы да ошого жараша абдан кубаттуу.

Өлкөсүн дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин катарына киргизген Сингапурдун улуттук лидери Ли Куан Юнун эскермелеринде, алар экономикалык, социалдык, саясий реформаларды жүргүзүү менен барабар куралдуу күчтөрдү бекемдөөгө олуттуу көңүл бурушканы айтылат. Анткени Ли Куан Ю Сингапурду башкара баштаган маалда этникалык кагылыштар көп болуп, коңшу Малайзия, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдөн коркунуч чоң болгон. Арийне Кыргызстанда да этникалык жагдай курч болуп, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн коркунуч бар. Ошол себептүү өлкөнү байытчу экономикалык реформалар менен катар куралдуу күчтөрдү да бекемдөө сунуштары айтылууда.

XS
SM
MD
LG