Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

NATO Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачмай болду


Президент Роза Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушууда. Брюссел, 2011-жылдын 28-февралы.
Президент Роза Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушууда. Брюссел, 2011-жылдын 28-февралы.

Кыргызстанга НАТО баш катчысынын атайын өкүлү Жеймс Аппатурай келип, жогорку деңгээлдеги ырасмий жолугушууларды өткөрдү.

Жеймс Аппатурай - НАТОнун баш катчысынын Борбор Азия жана Кавказдагы атайын өкүлү. Анын Бишкектеги иш сапары - Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитети НАТО менен кызматташтыкка байланыштуу мыйзам долбоорду жактырган күнгө туш келди. Коргоо министринин орун басары парламентте билдиргендей, депутаттар бул мыйзам долбоорду кабыл алган соң НАТО Бишкекте өз кеңсесин ачып, кызматташууну тереңдетмекчи. Айтмакчы, НАТОнун мындай кеңсеси Казакстанда да бар.

Аскер бөлүктөрүнө көңүл бурулат

Ырасмий сапары маалында Жеймс Аппатурай президент Роза Отунбаева баштаган жетекчилер менен жолугушту. Роза Отунбаева өлкө чек араларын бекемдөө жана чек ара аскерлеринин мүмкүнчүлүгүн арттыруу жаатында көмөк сурап, НАТО өкүлү анын сөзүн кубаттады.

Аппатурайдын айтымында, НАТО Кыргызстандын Коргоо министрлигинин рекета жана артиллериялык куралдарды сактоо жайларын толук оңдоп чыгууга жардам берет. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аскер бөлүктөрүнө көңүл бурулат.

Жеймс Аппатурай ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө бул аймакка эле эмес, дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар бар экенин, ал коркунучтар Ооганстан тараптан келип атканын, ошол себептүү НАТО үчүн бул чөлкөм стратегиялык маанигее ээ экенин айтты:

- Ал коркунучтар боюнча мисал келтирип кетүүгө уруксат бериңиздер. Булар эл аралык террорчулук, баңги заттарды ташуу, экстремизим, куралдарды мыйзамсыз таратуу. Анан албетте эң чоң коркунуч жараткан нерсе, бул - өзүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөтүп аткан Ооганстан сыяктуу өлкөлөр.

НАТО Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүнү колдойт

Аппатурай андан тышкары НАТО менен Кыргызстандын алакасы Ооганстандагы кырдаал менен гана чектелбесин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө Кыргыз мамлекети былтыртан тарта чындап демократиялык нукка түшкөнүн, анын бул багытта өнүгүүсүн НАТО ар качан колдоого алаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, былтыркы ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн аракети менен жаңы баш мыйзам кабыл алынып, өлкө парламенттик башкарууга өткөн. Муну күчтүү президенттик башкаруу өкүм сүргөн авторитардык Орусия, Казакстандын жетекчилери жактырган эмес. Орусия күйүүчү майларын кымбаттатып, Казакстан кырдаалга шылтоолоп чек арасын жаап салган. Орусия президенти Дмитрий Медведев болсо парламенттик башкаруу Кыргызстанга да, Орусияга да туура келбесин, мындай өзгөрүүнүн жыйынтыгы кайгылуу болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Бир катар адистер авторитардык коңшулардын мындай мамилесин чочулоо, бийлигин жоготуп алуудан коркуу катары баалашкан.

Кызматташтык тереңдейби?

Аппатурай болсо, НАТО менен Кыргызстандын тыгыз кызматташуусу өлкөнүн башка аскерий уюмдар менен иштешүүсүнө жолтоо болбой турганын, НАТО бул чөлкөмдө Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдар менен атаандашуу ниети жоктугун айтууда.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Орозбаевдин пикиринде, НАТО менен Кыргызстандын алакасы мурдагыдай эле өнүгүүдө. Бишкекте НАТОнун байланыш офицери болуп берчү кеңсесин ачуу планы мурда эле болгон жана мындай кызматташтык өлкөгө абдан пайдалуу:

- Менин оюм боюнча, НАТО менен Кыргызстандын кызматташуусунда өтө айырмалуу өзгөрүштөр деле жок. Баягы эле кызматташтык деңгээлде, биз мурда кирген “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” деген программага таянып, мурунку пландагы эле программалар ишке ашып атат. Коңшу мамлекеттер менен деле ушундай программа менен иштейт НАТО.

Кыргыз Республикасы менен НАТО “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында 1994-жылдан бери эле кызматташып келет. Документтер боюнча тараптар коопсуздук, тынчтыкты орнотуу ишмердүүлүгү, чек ара коопсуздугу, террорчулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташып келишет. 2007-жылы Кыргызстан НАТОнун Пландоо жана талдоо процесси программасына кошулган. Бул программа куралдуу күчтөрдү реформалоо, аскерлерди даярдоого багытталган. Аппатурайдын иш сапары маалында бул жаатта алака тереңдетилери айкын болду.

XS
SM
MD
LG