Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

НАТО, Кыргызстан, кызматташтык...


НАТО менен Кыргызстан биргелешип кызматташууну өнүктүрүү жолдорун талкуулап жатат. Расмий Бишкек кыргыз өкмөтү НАТО менен алака-байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирүүдө.

НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстанга сапарынын алгачкы жолугушуусун өлкөнүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов менен өткөрдү. Өмүрбек Бабанов НАТОго мүчө өлкөлөрдөн өткөн жылкы Нура айлында болгон табигый кырсыктан жабыркагандарга көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылыгын айтып, кыргыз өкмөтү НАТО менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал эми Роберт Симмонс болсо өз кезегинде “Түндүк Атлантикалык биримдик” менен Кыргызстандын ортосунда “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” долбоорлорунун алкагында он беш жыл бою тыгыз кызматташуу болуп келгендигин айтып, мындай кызматташуу мындан ары да ушундай деңгээлде улана берерине үмүт артаарын билдирди.

Андан соң альянстын өкүлү Бишкектеги Дипломатиялык академияда НАТОнун белек кылган китепканасын расмий түрдө ачты. Бир катар журналисттер жана студенттер менен баарлашып алардын суроолоруна жооп берди. Анда "Манас" аба майданындагы АКШнын аскерий базасы тууралуу суроо болду эле, ага Симмонс дүйнөлүк терроризмге каршы күрөшүүдө кыргыз тарап бирден-бир чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

- АКШ жана анын өнөктөштөрү "Манас" аба майданын колдонуудан чоң пайдасын көрүп жатат. Ооганстанга аба аркылуу жүк жеткирүүгө көмөктөшүү менен Кыргызстан дүйнөдөгү адамзатка коркунучтуу терроризм, адам сатуу, баңзаттардын күчөшүнө каршы зор салым кошууда. Эгер Кыргызстан АКШнын аба базасын чыгарып жиберсе, анда абдан эле өкүнүчтүү иш болот.

Ал эми саясат таануу адистиги боюнча билим алып жаткан айрым студенттер “Түндүк Атлантикалык биримдик” менен жылуу алакада болуу Кыргызстандын келечегине оң таасирин тийгизет деген ойдо.

Алардын бири Абдыманап мындай дейт:

-Менимче, Кыргызстан НАТО, Орусия, андан башка өлкөлөр менен да жакшы мамилелерди түзө бериши керек. Кыргызстандын өнүгүшү кыйын болуп жаткан чакта жардам көрсөтөбүз деген өлкөлөрдүн колдоосун алып турушу керек.

Деген менен, дөө-шаа өлкөлөрдүн ортосундагы геосясий оюндардын курмандыгы болуп калуудан көрө, жакынкы өлкөлөр менен жылуураак болуу дурус болот деген да пикирлер бар. Бишкектеги Дипломатиялык академиянын студенти Саддам мындай оюн айтат:

-Карап көрөлүчү. Кыргызстан Борбор Азияда жайгашкан. Ал эми НАТО Европада жайгашып атпайбы. Мен ойлойм мындай иш аракеттер менен демократияны таңуулаган АКШ Борбор Азия аймагында таасирин арттыргысы келип жатат. Ал эми "Манастагы" база тууралуу кеп кыла турган болсок, жакында эле, Ооганстанда өндүрүлгөн баңги заттарды өндүрүүнүн көлөмү коалициялык күчтөрдүн жайгаштырылганына чейинки маалга салыштырмалуу кыйла жогорулагандыгы айтылды. Демек бул авиабаза курал-жарак жана азык-түлүк жеткирүү үчүн гана колдонулбастан баңги заттарды да алып чыгуу үчүн колдонулуп жүрбөсүн?

Кыргызстанга сапар тартып келген НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс эртең коргоо, тышкы иштер жана чукул кырдаалдар министрлери менен жолугушаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG