Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

НАТОго президент Карзайдын "сөзү өткөн жок"


Президент Карзай маалымат жыйынында. Кабул, 31-май, 2011-жыл
Президент Карзай маалымат жыйынында. Кабул, 31-май, 2011-жыл

Ооганстандагы НАТО башындагы аскерлердин козголоңчуларды такымдай кууп жок кылабыз деп жатып, оогандардын үй-жайларына сокку уруусуна жол берилбейт.

Бул жөнүндө президент Хамид Карзай эскертти. Ал ошондой эле берегидей чабуул токтотулбаса, эл аралык күчтөрдү “баскынчы катары кабыл алуу” калк ичинде дагы кеңири жайылат деп эскертти.

НАТО абадан сокку уруу жана “түнкү жортуул” өтө зарыл деп, мындай операциялар токтотулбасын билдирди.

Ооган лидери НАТОго айбат жасады

Президент Карзай НАТО башындагы эл аралык күчтөргө эскертүүнү 29-майда Гелманд провинциясындагы турак-жайга урулган аба соккудан тогуз киши курман болгон соң жасады.

“Ооган эли өз үйлөрүнө чабуул жасоого мындан ары чыдабайт. Силер маселени жөндөө үчүн биз менен сүйлөшүүгө барбасаңар, оогандардын үй-жайын бомбалоону болтурбоо үчүн Ооган өкмөтү бир жактуу чара көрүүгү мажбур болот”,- деди Хамид Карзай 31-майда Кабулда журналисттер менен кездешип жатып.

Оогандар НАТОнун авиачабуулунда курман болгон баланын жасатын Лашкар Гах ооруканасында көтөрүп баратышат. Гелманд провинциясы. 29-май 2011
Ооганстандын түштүк батышындагы НАТО башындагы күчтөрдүн командири Наузад районундагы кан төгүү үчүн кечирим сурап, коргондуу үйдү көтөрүлүшчүлөр база катары пайдаланганга байланыштуу ага сокку урулду деп түшүндүрдү.

Көпчүлүк эл бул окуя жөнүндө авиачабуулда өлгөн балдардын жана наристелердин денелерин кармап турган ата-энелердин колдо тартылган сүрөтүн көргөндөн кийин билишти.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Ооганстанда жарандар арасындагы бейажал өлүмдүн төрттөн үчүнө козголоңчулар жооптуу. Бирок оогандарды чет элдик аскерлердин чабуулунан кимдир бирөө өлсө катуу кыжырдантат. Бул, арийне, эл ичинде Карзайга болгон нааразылыкты күчөтөт.

Ошентип НАТОнун түнкү авиарейд же “түнкү жортуулу” учурундагы өлүм-житимдер Ооган жетекчилиги менен Батыш союздашы ортосундагы өз ара түшүнбөстүктүн эң чоң себепчиси болууда.

31-майда президент Хамид Карзай НАТО жетекчилигин өздөрүн Ооганстанда баскынчы катары алып жүрбөөгө чакыруу менен эми кайра карапайым адамдардын үйлөрүнө сокку урулса, өкмөт авиачабуулдарды токтотуунун амалын табарын эскерте кетти:

- НАТО авиарейддерди Ооган өкмөтүнүн чечимин күтпөй өз алдынча токтотуусун каалайбыз. Себеби кызматташууну уланткыбыз келет. Алар Ооганстанга күнкорсуз мамлекет катары мамиле кылышы абзел. Кээ учурда алардан бизди эгемендүү өлкө катары санабагандай билдирүүлөрдү алабыз.

Ооганстан баскынчылык астындагы эмес, шериктеш өлкө экенин, биз ошондуктан НАТОго союздаш иретинде мамиле кылганыбызды ачык шарданалашыбыз керек. Эгер баскынчылардын жүрүм-туруму жөнүндө кеп кылсак, ага кантип мамиле кылганды ооган эли билет жана бир жактуу аракеттер көп болушу мүмкүн.


НАТО зарыл санаган операцияларын токтотпойт


Студенттер тынчтыкка жана зобун-зордукту алдын алууга чакырган митингде. Кабул. 30-май, 2011
НАТОнун өкүлү Уана Лунгеску шейшемби күнү Брюсселде жасаган билдирүүсүндө “президент Карзайдын тынчсыздануусуна альянс өтө кылдат мамиле кыларын”, бирок сокку уруулар токтотулбасын айтты.

“Бул сыяктуу операциялар Ооган коопсуздук күчтөрү менен макулдашып жүргүзүлө берет. Алар зарыл жана дайыма керек. Бирок алар Ооган коопсуздук күчтөрү менен макулдашылып жана чогуу жүргүзүлөт”,-деди Лунгеску кабарчыларга.

Жин МакКензи - Global Post жаңылыктар кызматынын Кабулдагы кабарчысы. Анын айтышынча, НАТОнун командирлери Карзайдын баскынчылык тууралуу сөзүнө астейдил көңүл бурушу лаазим:

- Карзай айткандай, НАТО эгер оогандардын үйлөрүнө абадан сокку урганды токтотпосо, эл үчүн баскынчыга айланышы мүмкүн. Ал учурду пайдаланып, оогандар баскынчыларга кандай мамиле кылганын тарых көрсөткөнүн айта кетти. Ал иш жүзүндө Эл аралык коопсуздук күчтөрүнө ооган калкы активдүү каршылык көрсөтөрү тууралуу айтууда. Бул абдан олуттуу билдирүү. Албетте Карзайда ачык коркуткандай каражаты жок. Аны толук бойдон эл аралык коомчулук камсыздайт.

НАТО жетекчилиги акыркы эки жылда абадан сокку уруунун жана түнкү жортуулга чыгуунун эржесесин бир кыйла катаалданткан жана дайыма кайсы бир элдүү жайга сокку уруу Ооган өкмөтү менен макулдашылып жүргөнүн айтып келет.

Ошол эле учурда түнкү рейд менен авиасокку эл арасында жашынган согушчандарды жок кылуунун эффективдүү куралы деп санайт. Бул тактика козголоңчуларга каршы согушта негизги стратегия катары 2010-жылы жайында генерал Дэвид Петреус Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү жетектей баштагандан тарта кеңири колдонула баштаган. Ошон үчүн эгер НАТО түнкү жортуулдан жана авиачабуулдардан баш тартпаса, серепчинин айтымында, Карзайдын эскертүүсү опуза катары акырындап унутулуп калышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG