Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Карзай элдешүүнү каалайт, а талиптер - жок


Президент Хамид Карзай өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде. Кабыл. 18-январь 2010
Президент Хамид Карзай өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде. Кабыл. 18-январь 2010

Президент Хамид Карзай жекшемби күнү талип согушчандарын каруу жарактарын таштоого жана Ооганстандын мыйзамдарына ылайык жашоого чакырды.

Бирок талиптер Ооган президентинин элдешүү жөнүндөгү үндөөсүн четке кагып, чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кетмейин, урушту токтотпосун билдирди. Бул тушта коңшулаш Пакистандагы талиптердин ана башы Хакимулла Мехсуддун өлгөнү маалымдалды.

Карзайдын үмүтү Батыш аскерлеринде

Жекшемби күнү Ооган президенти талип эрегишчилери менен элдешүүнүн жаңы планын сунуш кылды. Хамид Карзай Кабылда журналисттер үчүн жасаган билдирүүсүндө террорчулар менен экстремисттер талкаланмайын, АКШ менен НАТОнун аскерлери
Талип согушчандары Сват өрөөнүндөгү Бунер вилаетинде жолго камынууда. 24-апрель 2009
Ооганстанда кала берерин эскерте кетти:

- АКШлык жана башка күчтөр үйлөрүнө кайтып кетүүсү үчүн талиптерди өз мекенине кайтууга жана тынчтыкка салым кошууга үндөйм. Биз, оогандар, Ооганстанда тынчтыкка жана коопсуздукка жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз.

Карзай билдирүүнү Ооганстан боюнча Лондондо өткөн эл аралык конференциядан үч күндөн соң жасады. 70 чукул өлкө катышкан Лондондогу жыйында Ооганстандагы тынчтык планы колдоого алынып, курал-жарагын таштап, тынч жашоону каалаган талиптерди жумуш менен камсыздоо, коргоо жана машыктыруу үчүн донорлор үстүбүздөгү жылга 140 миллион доллар убада кылышты.

Талиптер президент Карзайдын элдешүү жөнүндөгү сунушун шыр эле четке кагышты жана чет жерлик аскерлер Ооган жеринен толук чыгып кеткенче, куралдуу күрөштү токтотпосун билдиришти.
Британия. Ооганстандык демонстранттар Лондондогу эл аралык конференция өтүп жаткан имараттын сыртында президент Хамид Карзайдын карикатуралык сүрөтүн карамп турушат. 28-январь 2010


Сауд Арабиясы талиптер менен сүйлөшүүгө макулбу?

Ооганстандын адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиясы Ооган өкмөтү менен талиптер арасындагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоду. Бирок комиссиянын төрага орун басары Фарид Хакими “Азат Ооганстан” радиосуна берген интервьюда эки тарап адам укугу боюнча эл аралык жоболорду сактоосу зарыл экенин баса көрсөттү:

-Биринчиден, тынчтык сүйлөшүүлөрү биздин адам укугунун негиздери, аялдардын укуктары, басма сөз эркиндиги жана жарандык коомду куруу аракеттерибизге таасир этпеш керек. Экинчиден, ар кандай келишим адам укугу боюнча эл аралык эрежелерди урматтоого жана сактоого тийиш.

Хакими тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ар кандай планы ачык-айкын болуп, согуш кылмышкерлери менен адам укугун бузуучуларга сот алдында кепилдик бербөөсүнө да көңүл бурду.

Президент Карзайдын сөзүнчө, “ал-Каиданын” түрдүү деңгээлдеги командирлерине эч кандай кепилдик берилбейт жана жаңы планды жетектөө үчүн Тынчтык жана элдешүү боюнча Жогорку Кеңеш түзүлөт. Бул план жакында өлкөнүн Аксакалдар жыйыны- Лоя жыргага талкууга берилет.

Ооган жетекчилиги талиптер менен сүйлөшүүгө Сауд Арабиясы арачы болуп берет деген үмүттө. Бул маселе, кабарларга караганда, президент Карзай апта соңунда эр-Риядга барганда сүйлөшүлөт. Саудия буга чейин талиптер менен Ооган өкмөтү арасындагы сүйлөшүүгө арачылык кылуудан баш тартып жүргөн.

XS
SM
MD
LG