Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Ооган аскерлери жети райондо НАТОну алмаштырат


Ооган аскерлери менен полициясын НАТОнун күчтөрү көп жылдардан бери машыктырып келатышат
Ооган аскерлери менен полициясын НАТОнун күчтөрү көп жылдардан бери машыктырып келатышат

Ооганстандын президенти Хамид Карзай жергиликтүү аскерлер коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүнү өздөрүнө ала турган жети аймакты атады. НАТО өлкөдөгү коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүнү толугу менен ооган күчтөрүнө өткөрүп берүүнү 2014-жылга чейин бүткөрөөнүн билдирген.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай быйыл июлдан тарта көзөмөлдүк вазыйпасы НАТОдон ооган аскерлерине өтө турган жети райондун ичинде түштүктө талиптер активдүүлүк кылган шаарды да атады.

Жалпысынан ооган күчтөрү үч вилоятты, төрт шаарды коргой башташат. Бамиан, Панжшир жана Кабул провинциялары бир топ эле тынч аймактарга кирет. Шаарлар болсо Ооганстандын төрт башка бурчунда жайгашкан. Мехтерлам чыгышта, Лашкаргах түштүктө, Херат батышта, ал эми Мазари-Шариф түндүктө.

"Ыйык милдет"

Карзай бу жаңылыкты шейшембиде Кабулдагы ооган аскерий академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда айтты. “Коопсуздук озуйпасын ооган күчтөрүнө өткөрүүнүн ийгилиги эл аралык коомчулук кайра куруу иштерине канчалык жардам көрсөтөөрүнө жараша болот”, - деди президент.

“Азыр мен айткан шарттар милдетти өткөрүп берүүгө жардам берет жана аны бекемдейт. Негизи, ал шарттар аткарылабы, жокпу – баары бир коопсуздукка көзөмөл кылуу иши ооган аскерлерине берилет, - деди Карзай. - Анткени Ооганстанды коргоону анын өзүнүн элине өткөрүп берүү – милдет. Бул өтө маанилүү жана сөзсүз аткарыла турган процесс”.

НАТО менен АКШ Ооганстанда коопсуздукка көзөмөл кылуу иши 2014-жылга чейин бүтүндөй ооган аскерлерине өткөрүлөт дешкен. Ооган президенти жарыялаган иш анын башталганын айгинилейт.

Аталган жети район ооган күчтөрүнө азырынча өз тажрыйбасын арттырууга мүмкүндүк берет. Талиптер дале көзөмөлү күчтүү делген опурталдуу аймактарда азырынча эл аралык күчтөр аскерий операцияларын өткөрө беришмекчи.

Кооптуу шаар

Жети райондун ичинде бир гана шаар ооган күчтөрү үчүн чоң сыноо болушу мүмкүн. Бул – Хелманддагы Лашкаргах шаары. Бул вилояттын бир топ райондорунда, коалициялык күчтөрдүн көптүгүнө карабай, дагы эле талиптердин таасири күч.

Бирок Хамид Карзайдын ишениминде, ооган аскерлери буга даяр.

“Өкмөттүн милдеттерин өз мойнуна алып, коопсуздук ишине активдүү катышуу ооган элинин укугу экенинде шек жок, - деди ал. - Биз муну ооган элинин бейкутчулугу жана эркиндиги үчүн жасайбыз”.

Карзайдын билдирүүсүн НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен колдоду. “Мунун өзү Ооганстандын саякатынын токтоп калбай, уланып жатканынан кабар берет”, - деп айтылат анын билдирүүсүндө. Расмуссен “бул саякаттагы ар бир кадам жериндеги абалга жараша жасалаарын” да кошумчалады. Ал баары бир өз союздаштарын Ооганстандан кетүүгө көп ашыга бербөөгө, азыркы милдетти өткөрүү ишинде артка кайтуу болбошу үчүн ооган күчтөрүнө көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Ооганстандагы аскердик операцияларга азыр 140 000 аскер катышууда. Алар дүйнөнүн 47 мамлекетинен келишкен. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү ооган жеринен кетүү пландарын жарыялашкан. Аскерлердин көбүн америкалыктар түзөт. Вашингтон ал жактагы аскерлерин быйыл июлдан тарта чыгарып кете баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG