Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

"Картайганда көздөн учаар Ата Журт"


Ысык-Көл аймагы
Ысык-Көл аймагы

"Эл үнү” программасына кайрылган угармандар мигранттар маселесине жана Бишкекте курулуучу биолабораторияга пикирлерин билдиришти.

Бишкек шаары, Эркинай: - Мен бул сөздөрүмдү өткөндөгү мигранттар тууралуу берүүгө байланыштырсамбы деп турам. Себеби мен жумушума байланыштуу Казакстан менен Орусияга көп барам. Ал жерде жүргөн биздин кыргыз жарандарынын башынан өткөргөн кыйынчылыктарын көрүп, колдон келген жардамымды берип жүрөм. Бирок бул бир же эки кишинин колунан келчү жумуш эмес экен. Бул мамлекеттик мааниде чечиле турган деңгээлге жетип калган маселелер болуп калган. Кыргызстанга келгенде чет жакта жүргөн мекендештерибиз тууралуу көп кеп кылып, чыгармачыл адамдардын, акындардын арасында сүйлөшүп калабыз. Анан ушуга байланыштуу акын кызыбыз Гүлжамила Шакирова “Ата Журттан алыс жүргөндө” деген ыр жазды эле. Ошону мен көбөйтүп алып Орусияга же Казакстанга барганда кыргыз боордошторубузга таратып берем. Ал ырды окуп берсем.

-Алыстагы кыргыздын уул-кыздары,
Бакыт издеп башка өлкөгө шаштыңар.
Картайганда көздөн учаар Ата Журт,
Азырынча баркын билбей жашсыңар.

Силер барган башка өлкөнүн асманы,
Ала-Тоонун асманындай шаңкайбас.
Азабына кайыл болуп жашасаң,
Ата Журтту сүйгөн жүрөк картайбас.

Жүлүн муздап, жүрөк сыздап турганда,
Өз жериңдин кубатындай дем болбос.
Ач калсаң, көркөмүнө чулгансаң,
Ата Журтту сүйгөн жүрөк кем болбос.

Эл деминен, жер чегинен айрылып,
Алыс жакта жүрөсүңөр жай кылып.
Аман-эсен болсоңор дейм оорубай,
Ата Журтка келгичекти кайрылып.

Канатыңар сынбай дагы тоңбосун,
Капыс жерден карайлаткан оңбосун.
Түтөсөң да түгөнбөчү бир боорум,
Түпкү аталар, рух арбайы колдосун.

Эсен болгун эне сүтү колдосун,
Эсиңерге евро илдет толбосун.
Эли журтуң түгөлдөгөн жансыңар,
Кыйындыкта Кыдыр болсун жолдошуң.
Бар болгула кандаштарым боордошум!

Бишкек шаары, Сайра:
- Биолабортория курууга элдин баары эле каршы болуп жатат. Ботаникалык бак деген касиеттүү жер. Ал жерге вирусту иликтөөчү лаборотория ачабыз дегенге мен дагы каршымын. Кудай сактасын, бирок жер титиреп же кыян жүрүп кетсе шаардагы элди талкалайт да. Бир кезде Кумтөр алтын кенине цианид ташып бараткан машиненин ууландырганы деле жетиштүү го. Андан көрө депутаттар ушундай кырсыктан элдин коопсуздугун сактоо маселесин көтөрсө болмок.

Бишкек шаары, Бенишаев:- Азыркы кезде Бишкек шаарында Биологиялык лаборатория куруу боюнча эл арасында ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты, медик Дамира Ниязалиева лабораториянын зарылдыгын айтып, илимий жактан далилдеп койгонсуду. Мейли лаборатория курулсун, макул деп коёлу. Бирок аны Илимдер Академиясынын Ботаникалык багынын ичине куруш керекпи? Шаардын четинде бош жаткан жерлер толуп жатпайбы. Ботаникалык бакты академик Гареев деген негиздеген. Анын жетекчилиги менен далай окумуштуулар тарбиялынып чыккан. Азыр Гареевдин окуучуларынан барбы? Бар болсо алар эмне үчүн Ботаникалык бактын маселесин көтөрүп чыгып, үн кошпойт? Бул боюнча Илимдер Академиясынын жетекчилерин позициясы кандай?

Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева:
Бул деген бизге өтө керектүү нерсе. Эмне дегенде биз медициналык жана коопсуздук жактан мына ушуга окшогон заманбап лабораторияга муктажбыз. Анткени азыркы шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан лабораторияларыбыздын абалы начар. Имараттары эски. Коргоо калыптары тиешелүү деңгээлде эмес. Негизги коркунуч мына ошол шаардын ичинде жайгашкан лабораторияларда болуп жатат. Анда канча жылдан берки лабораториялык материалдар сакталып турат. Мына ошондуктан эл аралык деңгээлдеги биологиялык лаборатория курулса бардыгын ошол жерге бириктирмекпиз. Коопсуздук жагы дагы жолго коюлмак.

Эгерде сиз көз караш, пикириңизди же сунушуңузду билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебиздин (0312) 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү" программасына деп аты-жөнүңүздү айтып туруп, автожоопко жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген, же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG