Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Мигранттар кыргыз элчиликтерине эмнеге нааразы?


Орусия -- Федералдык миграция кызматынын өкүлү мигранттарды документин текшерүүдө. Москва, 2011-жылдын 10-марты.
Орусия -- Федералдык миграция кызматынын өкүлү мигранттарды документин текшерүүдө. Москва, 2011-жылдын 10-марты.

Бул жолку талкууда Кыргызстандын элчиликтеринин жана консулдуктарынын чет жерлердеги кыргыз жарандары, эмгек мигранттары менен алакасы, аларга жасаган мамилеси тууралуу сөз болду.

“Азаттыктын” Бишкек студиясындагы “Арай көз чарай” талкуусуна Тышкы иштер министрлигиндеги консулдук башкармалыктын мекендештер менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Имангазиев, ИИМдин кызматкери, милициянын полковниги Таалайбек Акбаев жана Бишкек-Москва сапарындагы поезд кызматкери Эркинай Жыргалбекова катышты. Ошондой эле Пермь шаарынан ишкер Эркинбек Ботокараев телефон аркылуу катышты. Талкууну Бишкектен Бурулкан Сарыгулова жана Прагадан Гүлайым Ашакеева алып барды.

Орой мамиле оңолобу?

Бурулкан Сарыгулова: Дароо эле айта кетели бизге келген каттарга, журналисттик иликтөөлөргө таянсак – эмгек мигранттарында элчиликтер менен консулдуктардын ишине ичи чыкпаган маанай күч экен. Эркинбек мырза, элчиликтер, консулдук башкармалыктар, дегеле тышкы иштер министрлигинин карамагындагы мекемелерге эмне үчүн мигранттардын ичи чыкпай жатат?

Эркинбек Ботокараев: Екатеринбургдагы элчиликке анча-мынча кайрылып калабыз. Мен 1-2 мисал келтирип кетейин, менин айтканымды ал жакта жүргөн кыргызстандыктар 100 пайызга тактап бере алат. Биринчиден, ар кандай жолдор менен паспортун жоготуп алган, же паспортунун мөөнөтү өткөн жердештерибиз Кыргызстанга кетүү үчүн 10 күндүк мөөнөткө чектелген күбөлөндүрүүчү кагаз алуу үчүн консулга кайрылышат. Мунун акысы 2140 рубль турат. Орусиянын жарандыгын алуу үчүн, консулдуктан каттоого туруш үчүн, же чыгыш үчүн 4500 рубль алат. Бул тариф өтө жогору деп ойлойм.





Бурулкан Сарыгулова: Алмаз мырза, айтсаңыз, документтерди каттоонун тартибине, төлөмдөрдүн тарифине бул төп келип атабы? Мыйзамда кандай көрсөтүлгөн?

Алмаз Имангазиев: Бул айтылган тарифтер боюнча баалар туура. Бул тарифтер боюнча бүгүнкү күндө биздин элчиликтер жана консулдук бөлүмдөр Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө өкмөттүн 2009-жылкы токтому менен иштеп жатат. Ошол боюнча тез тариф деген бар. Бир күндө бүтүрсө ал тариф 4430 рубль, тез эмес тариф 2110 рубль болот. Ошол боюнча мен айтып кетет элем, марттын аягында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий сапары менен Орусияга барган, биздин мигранттар менен маектешкен, ошол жерде бул суроолор аябай көп көтөрүлгөн. Биздин министр бул тарифтерди арзанатуу боюнча бизге буйрук берген. Азыр Тышкы иштер министрлиги арзандатуу жагын караштырып жатат.

Гүлайым Ашакеева: Моквада иштеген дагы бир окурманыбыздын пикирин кыскартып окуй кетейин: “Биздин РФдагы дипломаттык мекемелерибизди үстүртөдөн катуураак текшерүү зарыл деп эсептейм. Себеби документ бүтүрөйүн деп барсаң жазганына өзүнчө, кагазына өзүнчө, штампына өзүнчө кылып эле акча соргондор. Анысы аз келгенсип кыргыздарга абдан орой мамиле кылышат, ал жерге бир барган адам кайра баргысы келбей качат”, - дейт. Алмаз мырза, дипломаттар өзүнүн тагылган милдетин аткара албаганы үчүн кайра Кыргызстанга чакырылган учурлар барбы?

Алмаз Имангазиев: Мындай учурлар бар. Арыз болсо бизге жиберилиш керек. Алар боюнча биз ички иш козгоп караштырабыз. Ал эми сөз боюнча биздин дипломаттарды бул жерге алып келүүгө укугубуз жок. Орусия, Казакстанда биздин 700 миңге жакын жараныбыз бар. Бирок Орусияда биздин 3 эле дипломаттык мекеме бар, Москвада, Новосибирск жана Екатеринбургда. Алар жардам бергенге аракет кылып атат.

Мигранттардын укугу жолго чыккандан эле бузула баштайт

Бурулкан Сарыгулова:
Мигранттарга ар кандай кысымдар жолдо эле башталат деп поезддин кызматкери Эркинай бизге мурдараак пикирин айтты эле. Эркинай, сизде конкреттүү мисалдар барбы?

Эркинай Жыргалбекова: Биздин 80-90 пайыз чет жака чыгып кетип аткан кыргыз жарандарын айына эки жолудан алып барабыз, кайра алып келебиз. Ошондо алардын көйгөйлөрүн жолдон көрүп, аларга жардам берип келатабыз. Себеби жолдон ар кандай себептер менен биздин атуулдарды түшүрүп салышат, миграциялык кызматтардын туура эмес иштегенинин айынан далай кыргыз жүргүнчүлөрүбүз жолдо калышат. Жолдо келатканда колунда паспортунан бөлөк эч нерсеси жок, ошолордун баарын топтоп документтерди даярдап келгенбиз. Бул боюнча кулчулукка сатылып кеткен балдар бар. Алардын баарын бул жака келгенден кийин, биздин ИИМдин Орусия менен чогуу иштеген бөлүмдөр бар экен, ошолорго кайрылгыла дейбиз. Мисалы Оренгбург облусунда болгон окуяны айтып кетейин, чоң плантацияга жайкы учурунда кыргыздарды алып калышат. Кыргыздар укуктук жагын жаман билгендигинен, же документтери тууралуу Орусиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айласыздан түшүп калышат дагы, ошол бойдон дайынсыз болуп кетишет. Биз аларды таап, Оренбургдагы диаспорага кайрылып былтыр он чакты баланы чыгарып келдик.

Кылмыш топтору мигранттарды кысмактоодо

Бурулкан Сарыгулова: Мигранттардын тынчын алган дагы бир маселе уюшкан кылмыштуу топтордун кысымы. Бизге түшкөн пикирлерге караганда азыр кичине тиричилигин оңдоп, ишкердигин кеңейте баштаган кыргызстандык мигранттардын тынчын эми уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү алып жаткан экен. Эркинбек чын эле ушундайбы?

Эркинбек Ботокараев: Кыргызстандан келип, буттарына туруп калган кыргыз балдар бар, айрыкча Москвада курулушта иштеген балдар. Уюшулган кылмыштуу топтордун балдары келип аларды уруп, кысымга алып, тапанчалар менен коркутуп, тоноп атканын балдар көп айтат.





Бурулкан Сарыгулова: Сиз өзүңүз башыңыздан өткөрдүңүз беле, же көрдүңүз беле?

Эркинбек Ботокараев: Мен өзүм ушундай нерсени башымдан өткөрдүм былтыр жайында. Булардын күчү жеткени кыргыз гана балдар, башкаларга андай мамиле жасашпайт.
Бурул Сарыгулова: Таалайбек мырза, айтсаңыз, чет жердеги кыргызстандык кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы кандай күрөш жүрүп жатат, мигранттар менен алака-катыш барбы?

Таалайбек Акбаев: Бүгүнкү күндө баардык интернет сайттарда, гезиттерде жазылып атат, уюшулган кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүүнүн жыйнытыгы чыгып атат. Азыр 130дан ашык уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган, анын 20дан ашыгы лидерлер болуп эсептелет. Ошондой эле биздин Кыргызстандан башка жерлерде да бар болсо, алардын байланышы бар болсо ал боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иш жүрүп атат. Ал жерде биздин өкүлчүлүгүбүз да турат. Ал жактан келип түшкөн арыздар текшерилип, такталып иштер жүрүп атат. Эркинбек мен да ушундай болгом, кыргыз эле балдар деп атат. Эгерде ошондой фактылар болгон болсо бизге арыз менен кайрылса, же ошол жердеги консулдук, элчилик, же Орусиянын ички иштер органдарына кайрылса бул боюнча дайыма чара көрүлөт. Орусиянын аймагында алар андай деле кылмыштуулукту жасай албайт, аларга арыз менен кайрылса чара колдонулат.

Бурулкан Сарыгулова:
Эмне үчүн мигранттарда бир-экөө эмес көпчүлүктөр ушундай доомат менен чыгып атышат. Буга эмне себеп? Бул өз ара эмгек мигранттары менен күч бийликтеринин ортосундагы алаканын жетишсиздиги болуп атабы, же башка себептер да бар деп ойлойсузбу?

Таалайбек Акбаев: Бул жерде андай себептер жок болуш керек. Убагында кайрылса убагында чара көрүлөт. Так арыз жазып берген фактылар жок болуп атат. Уюшулган кылмыш топтору азыр качып ар кайсы жерде жүрөт. Бир гана биздин жарандардан суранат элек, өзүбүздүн адамдар болгондон кийин баарын таанышат, ачык, так арызын жазышса.

Италияга консулдук ачылабы?

Гүлайым Ашакеева:
Интернеттеги маалыматтар боюнча Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык мигранттар бар экени айтылууда. Бирок бул өлкөдө Кыргызстандын эч кандай расмий өкүлчүлүгү жок. Италияда жети жылдан бери жашап иштеген Гүлнара Арыкбаева телефон акрылуу бизге Италиядагы кыргызстандыктардын көйгөйүн айткан эле, ошону угалы:

Гүлнара Арыкбаева: Бизге качан элчилик ачып беришет. Менин суранаарым, Швейцариядагы кыргыз элчилигинен 2-3 айда бул жака бир жолу өзүнүн өкүлүн жиберип, биздин документ боюнча проблемаларды чечип беришсе.

Гүлайым Ашакеева: Алмаз мырза, кыргыз өкмөтү Италияда өз өкүлчүлүгүн ачабыз деп 3-4 жылдан бери эле айтып келген. Бирок иш эмнеге азыркыга чейин токтоп турат?

Алмаз Имангазиев: Азыркы маалда Италияда 5 миңге чейин биздин кыргызстандык жарандар бар. Биздин Швейцариядагы элчиликтин өкүлдөрү былтыр 2-3 жолу барып келген. Бирок бир барып бүт проблемаларды чечүүгө кыйын болуп атат. Ошол боюнча биз азыр Италиянын тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Мүмкүнчүлүк болсо биздин жарандарга каттоо боюнча жеңилдик кылышса деп. Консулдук ачканга каражат керек.





Бурулкан Сарыгулова: Бишкек-Москва сапарындагы вагондун башчысы катары, эмгек мигранттардын документтерин камсыздап берүүчү, укуктук негизди түзүп берүүчү консулдуктар жок болуп жатат деп атасыздар. Сизде кандай сунуш бар ушул боюнча?

Эркинай Жыргалбекова: Биз жүргүнчүлөр менен жолдо жүргөндө, 90 пайызы Орусиянын аймагына барып түшүп калышат. Ошол жерде эң чоң чек арадан биздин кыргыздар же ары жака, же бери жака өтө албай кандайдыр бир себептер менен калып калат. Ошондо же Москвага барып жасап келиш керек, же Кыргызстанга кайра депортация болушат. Көбү суранышат, ошол жерде бүт проблеманы чечиш үчүн чакан филиал ачылса деп.

Бурулкан Сарыгулова: Алмаз мырза, бул маселе каралып атабы, же каражат жок деген маселеге такалып ачык бойдон калабы?

Алмаз Имангазиев: Бул маселе азыркы малада каралып атат. Учурда биз Оренбург облусунда, Хабаровск, Дальний Восток, Южный Сахалинск жактарда консулдук ачканга аракет кылып атабыз. Биз Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү дагы өткөргөнгө аракет кылабыз.

Бурулкан Сарыгулова: Бул канча убакытка созулат, канчан чечилип калышы мүмкүн, канчанкыга үмүт кылсак болот?

Алмаз Имангазиев: Так айтыш кыйын болуп атат. Бирок бул суроо көптөн бери көтөрүлүп атат. Ошондуктан жакынкы арада чечкенге аракет кылабыз.

Бурулкан Сарыгулова: Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG