Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Абытов: Бажы биримдиги менен миграция маселелери чечилет


Казакстандагы кыргыз мигранттарынын нааразылык акциясы. Бишкек, 2011-жылдын 1-февралы.
Казакстандагы кыргыз мигранттарынын нааразылык акциясы. Бишкек, 2011-жылдын 1-февралы.

Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министри Алмазбек Абытов Казакстандагы кыргызстандык мигранттар тууралуу кеп салды.

“Азаттык”: Бишкекте Казакстандагы кыргыз мигранттарынын абалы талкууга алынды. Анда апрель окуяларынын кийин мигранттардын укугун басмырлоо күчөдү деп айтылды. Сиздер мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар? Тышкы иштер министрлиги менен биргелешип иш алып барып жатасыздарбы? Сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

Алмазбек Абытов: Сөзсүз түрдө. Коалициялык өкмөт түзүлгөндө биринчи эле премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен атайын Астана шаарына барып миграция маселесин көтөрүп, ал мамлекеттин өкмөт башчысы менен жолугушууларды өткөргөнбүз.

“Азаттык”: Ошол жолугушуулардан кийин натыйжалуу жылыш болдубу?

Алмазбек Абытов: Өзүңүздөр билесиздер, Бажы биримидигине кирүү боюнча көп талаптары бар экен. Аларды аткарсаңар мобуларды жасайбыз деген мааниде сүйлөшүүлөр болгон. Бирок мен министр катары Алмазбек Атамбаевден суранып, казак премьер-министрине да айтып, Бажы биримдигине киргенге чейин биз өзүбүздүн жумуштарыбызды жасай берсек деген жолдомо алганмын.

“Азаттык”: Мисалы кандай жумуштар?

Алмазбек Абытов: Мисалы биз андан кийин бир канча жолугушууларды өткөрдүк. Анан өзүңүздөр билесиздер, Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Мына эми шайлоодон кийин биз көп маселелерди алдыга жылдырабыз. Мен өзүмдүн министрлигим аркылуу Алматыдагы диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жактагы министрликтин өкүлдөрү менен жолугуп бир катар маселелерди койгонбуз. Алар да иштерди жүргүзүп жатканын айтышты. Мисалы эң көйгөйлүү болгон базардагы мигранттардын соода-сатыгына уруксат бербөө жөнүндөгү мыйзамы бар. Ошого казак өкмөтү атайын мыйзам долбоорун иштеп жатышат. Атайын бизнес-мигрант деген түшүнүк кирсе биздин мигранттардын маселелери чечилет.

“Азаттык”: Чек арада бир топ маселе болот дешет, кармап алып эзип, мигранттар кордук көрөрүн айтып чыгышты. Чек арада, базарларда жана соода түйүндөрүндө сиздердин өкүлдөр барбы? Мындай учурларда мигранттардын укугун ким коргойт?

Алмазбек Абытов: Ал жерде мигранттардын укугун коргогон бир эле өкүлчүлүк бар. Тышкы иштер министрлигинин алдында бир эле киши бар. Ал киши да ошол мигранттардын арасынан чыккан. Ошол жумушту бир эле киши аткарат. Кечээ мына сиздердин да кабарчыңыздар катышып биз талкуу өткөрдүк. Ошондо Казакстандагы бардык диаспоралар чогулду. Алар да ушул эң көйгөйлүү нерсе чек арада кысым көрсөтүп жатат деген сөздөрдү айтышты. Эми чек ара түздөн-түз биздин министрликке карабайт. Биз мындай деп резолюция кабыл алдык: чек ара маселеси боюнча өзүнчө атайын кайрылууну тиешелүү министрликтерге беребиз. Анан дагы бир нерсени айтып коёюн, биздин өкмөт Бажы биримдигине кирүү боюнча саясий чечим кабыл алды. Бажы биримдигине кирсек бул маселелердин 99 пайызы чечилет.

“Азаттык”: Мигранттардын 400дөй баласы мектепке барбайт экен. Бул эми 400 бала кат-сабатын жоё албай жатат дегенди билдирет эмеспи. Бул масенин кантип чечкени атасыздар?

Алмазбек Абытов: Жок, андай окубай калган 400дөй бала жок. Биз өзүнчө дагы иликтөө жүргүзүп жатабыз. Себеби алардын билим берүү мыйзамы менен, биздин билим берүү мыйзамы эки башка. Бирок бул мыйзам менен алардын министрлиги буйрук чыгарып биздин мигрант балдардын окушуна уруксат берген. Бул былтыр август-сентябрь айларында болгон эле. Бирок Башкы прокуратура текшерип ал мыйзам менен Билим берүү министрлиги экөөнүн ортосунда мүчүлүштүктөр бар экен деп токтотуп койгон. Бирок мен февраль айында Астанага барганда бул маселени койгонбуз. Анда мындай расмий эмес биздин элчи аркылуу эле тигилердин элчиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп бул маселени чечебиз деген тыянакка келгенбиз.

“Азаттык”: Азыр Казакстанга барганда беш күндүн ичинде каттоого туруш керек экен. Мурун 90 күн болчу дешет. Бажы биримдигине кирүүнү күтпөй жок дегенде ушул маселени чечүүгө болобу?

Алмазбек Абытов: Эми мындай да. Былтыр билесиздер, 7-апрелдеги окуядан кийин алар өзүнүн чек арасын күчөтүү максатында 90 күндү 5 күнгө алмаштырып коюшкан. Биз бул боюнча кайра-кайра кайрылып жатабыз. Бирок алар Бажы биримдигине киребиз, ошондо бул маселе чечилет деп эле бизге жооп берип жатышат. Бирок биз өз ара сүйлөшүүлөрдү күчөтсөк Бажы биримдигине киргенде гана чечилет деген жоопту алып жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG