Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Казак жарандыгын алган кыргызстандыктар көбөйүүдө


Кармалган мигранттар сот имаратынын алдында. Алматы, 2011-жылдын 27-январы.
Кармалган мигранттар сот имаратынын алдында. Алматы, 2011-жылдын 27-январы.

Былтыркы апрел окуяларынан кийин Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын укуктары кескин басмырланууда.

Бул тууралуу 19-апрелде Бишкекте өткөн талкууда Казакстандагы кыргыз мигранттарынын өкүлдөрү даттанышты. Эми кыргыз бийликтери өз жарандарына жардам берүү жолдорун ойлонуп жатат.

Мигранттар мыйзамсыз иштөөгө аргасыз

Казакстандын 7 шаарынан келген мигранттардын лидерлери мигранттарга соода кылууга укук берилбегендигин, миграция полициясынын, бажы жана чек ара кызматтарынын кысымга алуулары, тамеки талааларында иштеген адамдарды кулчулукка сатуу, мигранттардын балдарын мектепке албай коюу өңдүү көйгөйлөрдү айтышты.

Казакстанда ар кандай маалыматтар боюнча, 60 миңдей кыргызстандык мигрант иштейт. Былтыркы окуялардан кийин күчөгөн кысымдардан улам мигранттардын бир даары аргасыздан Казакстандын жарандыгын алып жатышкан экен.

“Кыргыз-Ата” коомдук корунун жетекчисинин орун басары Мухтар Эргешов мындай дейт.

- Кыргыз мигранттары Казакстанда чет өлкөлүктөргө соода кылууга уруксат берилбей, мигранттар мыйзамсыз иштегенге аргасыз болуп жатабыз. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мигранттарды кармап кубалап, убактылуу камоочу жайларга камаган учурлары көбөйүүдө.

Алматыда 15 жылдан бери соода-сатык менен шугулданган Азиз Абакиров мигранттардын укуктарын коргоо жагынан кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатканына токтолду:

- Бизге мурдагыдай иштөөгө уруксат кагазын берсе жакшы болоор эле. Болбосо бизге кул болгон адамдардай мамиле кылып жатышат. Казак полициялары а түгүл боюнда бар аялдарды, апаларды сүйрөп камашат. Базардагы товарлары чачылган боюнча калып калып жатат. Камап кеткен учурда бала-чакасы үйүндө кароосуз калууда. Бул жолугушууга чакырылган депутаттар, өкмөт мүчөлөрү кайдыгерлик кылып келип, көйгөйлөрдү уккан жок. Мына бизге карата биз шайлаган депутаттардын мамилеси.

Адылбек Атабаев болсо Тараз шаарында ишкерлик кылат. Ал да мигранттарга Казакстандын чек ара, бажы кызматтарынын кысымы күчөп жатканын айтууда.

- Казакстанда иштеген мигранттардын бардыгында бирдей көйгөй. Эң негизгиси эле убактылуу каттоого туруу кыйын маселе бойдон калууда. Полиция кармаса дароо айып салат. Жок эле дегенде бир жолку кармалганда 100 долларыңды шыпырып алышат. Ошол маселени бир жактуу кылып чечип берсе жакшы болот эле. Бул жеке эле мен үчүн, же тууганым үчүн эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакшы болот эле. Бул маселе боюнча Кыргызстандын жетекчилерине бир нече ирет кайрылдык. Кат жазган элек. Алигиче жооп жок.

Балдар мектепке барбай калды

Алматы шаарында кыргыз мигранттарынын укугун коргогон Кыргыз маданий борборунун лидери Алтынбек Сыдыков каттоо мөөнөтүнүн 90 күндөн беш күнгө чейин кыскартылышы Казакстандын коңшусуна карата мамилесинен кабар берет деп белгиледи.

- Учурда кыргыз жарандары Казакстанда беш гана күн жүрүүгө укуктуу. Беш күндөн кийин Казакстанга туруктуу бир дарекке каттоого туруу керек, же өлкөдөн чыгып кетишиң керек. Миграция баракчасы беш күн өткөн соң жараксыз деп табылгандыктан кыргыз мигранттарынын андан аркы тагдыры абдан кыйын. Туруктуу дарекке катталуу мүмкүнчүлүгү жок кыргыздар жергиликтүү аймактык полиция жана миграция полициясынын жемине айланып, кордук көрүп жатабыз.

Таразда ишкерлик кылып жүргөн Канат Акаев Казакстанда мигранттардын балдарын мектепке кабыл албай койгонун да “Азаттыкка” айтты. "Акыйткат жолу" коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова кыргыз бийлиги расмий Астана менен теңата сүйлөшө албайт, ошондуктан коңшулар тоотпойт деп эсептейт. Мына ушундай жагдайлардан улам кыргыз мигранттарынын 400 чамалуу уул-кызы мектепке бара албай жатышкан экен.

Мигрант лидерлердин айтымында, ар тараптан болгон кысымдын айынан көпчүлүк кыргыздар 5 жылдык убактылуу жашоого укук алууга умтулууда. Ошентип, Казакстандын жарандыгына өткөндөр кескин көбөйүүдө дейт Алматыдагы кыргыз маданий борборунун төрагасы Туратбек Аманбаев.

- Кыргыздардан Алматыда үй алгандар көбөйө баштады. Былтыр мигранттардын балдарын Алматыдагы мектептерге албай, көйгөй жаралган. Айла жоктон ушул жерден акы төлөп мектеп ачып беришкен.

Кыргызстан миграция деңгээли жогору мамлекеттердин катарына кирет. Туташ жумушсуздук, эмгек маяналарынын аздыгы айрыкчы жаштардын сыртка иш издеп кетүүгө түртүүдө. Кыргызстандан кеткендердин саны боюнча Казакстан Орусиядан кийин экинчи орунда турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG