Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Биолабораторияны курууга каршылык күчөөдө


Биолабораторияны курууга каршы акциядан, 20-апрель.
Биолабораторияны курууга каршы акциядан, 20-апрель.

Баш калаанын ботаникалык багынын аймагында биологиялык лаборатория курууга каршы нааразылык акциясы болду.

Канадалык гранттын эсебинен курула турган бул макулдашуу парламенттин тиешелүү комитеттеринде карала баштаган эле.

Кооптуу коркунучпу же жөнү жок чочулообу?


Колдоруна Кыргызстанда “Биополигонго орун жок” жана “Биологиялык лаборатория элдин саламаттагы үчүн коркунучтуу” деген сыяктуу ураан-жазууларды илип алышкан демилгечи топ ордо калаанын борбордук аянтында нааразылык акциясын өткөрдү.

Кыргызстандын жаштар кеңеши уюмунун өкүлү Мавлян Аскарбеков биологиялык лабораториянын ботаникалык бактын аймагына курулушуна каршы экендиктерин мындайча негиздеди:

- Ал жерден Аламүдүн суусу өтөт. Кокус жамгыр нөшөрлөп, суу ташкындаса, ага жакын жайгашкан биологиялык лабораторияны суу жууп кетүү коркунучу бар. Ал эми анда коркунучтуу оорулардын вирустары жана инфекциялар сакталат эмеспи. Мындан сырткары тоодон келген шамалдын багыты ботаникалык бак тараптан өтөт. Эгерде кокустуктан коргоо калыптары бузула турган болсо вирустар жана инфекциялар шамал аркылуу тарап кетпейт деп ким кепил боло алат?
Биолабораторияны курууга каршы акция, 20-апрель.

Аталган биолаборатория Канада өкмөтүнүн 60 миллион долларлык грантынын негизинде курулмакчы. Бул маселе Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, курулушту каржылоо жагы үч жылдан бери чечилбей келгендиги өткөндө парламенттин комитетинде талкууланган.

Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева аталган лабораторияны куруунун зарыл деп эсептейт:

- Бул деген бизге өтө керектүү нерсе. Эмне дегенде бизге медициналык жана биологиялык дарт аныктоолорду жүргүзүүдө биз мына ушуга окшогон заманбап лабораторияга муктажбыз. Анткени азыркы шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан лабораторияларыбыздын абалы начар. Имараттары эски. Коргоо калыптары тиешелүү деңгээлде эмес. Негизги коркунуч мына ошол шаардын ичинде жайгашкан лабораторияларда болуп жатат. Анда канча жылдан берки лабораториялык материалдар сакталып турат. Мына ошондуктан эл аралык деңгээлдеги биологиялык лаборатория курулса бардыгын ошол жерге бириктирмекпиз. Коопсуздук жагы дагы жолго коюлмак.

Күтүүсүз күмөн саноолордун учуру

Нааразылык акциясынын катышуучулары биологиялык лабораторияда ар кандай коркунучтуу оорулардын вирустарын жана инфекцияларды изилдөө иштери коопсуздукка коркунуч туудурбайбы деген суроону кабыргасынан коюшту. Анткени аларды кооптондурган жагдай 2008-жылкы макулдашуу долбоорунда тамак-аш заттарын изилдөөдөн өткөрүү жагы гана көрсөтүлгөн. Ал эми макулдашуу доблоорунун жаңысында TSL-3 үлгүсүндөгү ири кубатуулуктагы биологиялык лабораторияны куруу зарылдыгы сунушталган.

Коомдук активист Алмаз Жазыбаев буга андай өзгөртүүлөр мында биологиялык куралдарды сыноо иштери да жүргүзүлүшү мүмкүнбү деген ойго түртөт деп күмөн санайт:

- Ал жердеги лабораторияны канадалыктар иштетишет экен. Алар буюртмачы катары өздөрүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы үчүн аталган мекемени пайдаланышы мүмкүн. Анткени макулдашууга ылайык Кыргызстан аталган объект жашыруун болгондуктан аны текшерүүгө жана көзөмөлдөөгө акысы жок. Ошондой эле аталган лабораторияга эмне алып киришип, эмне алып чыгып жаткандыгын билүү кийин кыйын болуп калат. Мына ушундай тобокелчиликтери менен курулган лаборатория бизге керекпи?
Биолабораторияны курууга каршы акция, 20-апрель.

Ошол эле учурда коомчулукта аталган лаборатория боюнча чындыкка туура келбеген маалыматтар таркатылып жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле лабораториянын имаратын куруу үчүн ботаникалык бактын аймагы ылайыктуу жай катары тандалып алынгандыгы айтылды.

Дамира Ниязалиева коомчулукка бул макулдашуунун Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн пайдалуу экендигин түшүндүрүү зарыл экендигин белгиледи:

- Ал жерге башка жактан же башка өлкөдөн кандайдыр бир козгогучтар же кандайдыр бир патогендик вирустар ташылып келбейт. Аталган лабораторияда эл аралык деңгээлдеги кандайдыр бир изилдөө иштери жүргүзүлбөйт. Болгону ал биздин ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана муктаждыктарыбызды чечүү үчүн гана колдонулат. Азыр коомчулукта айрым бир туура эмес ой-жоорулар болуп жатат. Биз мындан чочулабашыбыз керек.

Канада өкмөтү менен Кыргызстандын ортосундагы биологиялык лаборвториянын курулушу боюнча макулдашуу парламенттин башка комитеттеринен талкуудан өткөндөн кийин палатанын кароосуна чыгарылат. Нааразылык акциясын уюштурган демилгелүү топ депутаттарды аталган макулдашууну колдобоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG