Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

"Тоо-кен тармагы саясатташып кетти"


Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Аймагынын 90% тоо болгон Кыргызстанда тоо-кен тармагы соңку жылдары саясатташып кетти. Мындай пикирин "Азаттык" менен маегинде Кыргызстандын Эл аралык ишкерлер кеңешинин Минералдык ресурстар боюнча комитетинин төрагасы Максат Көбөнбаев билдирди.

“Азаттык”: Тоо-кен тармагы өлкөгө пайда алып келчүдөй иштөөсү үчүн инвестор менен мамиле кандай болушу керек?

Көбөнбаев: Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте билим жана капитал керек. Капитал кандайча келет? Инвесторлор аркылуу. Кыргызстандын аймагынын 90% тоо болгондуктан тоо-кен байлыктары абдан көп. Ошолорду иштетүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок, менимче, соңку жылдары бул саясий маселеге айланып кетти. Тоо-кен тармагын экономикалык маселе катары гана карап, өнүктүрүү зарыл. Бул энергетика, айыл чарбасы сыяктуу эле сектор. Аны саясаттан чыгарып, экономикалык долбоор катары иштетүү керек.

“Азаттык”: Айрым серепчилер Жерүй алтын кенин Кыргызстан өзү эле иштетсе болмок деген пикирин айтууда...

Көбөнбаев: Албетте, мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок мен азыр 100 миллион долларды мамлекеттик казынага салып бул долбоорду иштете тургандар бар экенине көзүм жетпей турат. Балким, келечекте Монголиядагы “Эрденет” же Орусиядагы “Газпром” сыяктуу ири компаниялар болсо аны өз алдынча иштетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр ачык сынак өттү. 100 миллион инвестиция алып келем деген компания жеңди.

“Азаттык”: Бирок Жерүй боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат, бүгүн “Кыргызалтын” да сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, сотко кайрыларын айтты. Ушундай жагдайларды эске алганда эл аралык тажрыйбада мындай маселелер кандай чечилет?

Көбөнбаев: Дүйнөлүк практикада соттошуулар нормалдуу эле тажрыйба экени белгилүү. Мындай талаш-тартыштар боло берет. Бирок бул маселеге көз караш төмөнкүчө болуш керек: биз сынак жарыяладык, компания анын жеңүүчүсү болду деп комиссия чечимин чыгарды, демек эми биз ага шарттарды түзүп беришибиз керек да. Ал инвестиция алып келе турган болгон соң мамлекет да өз милдетин аткаруусу зарыл. Биринчиден, инвестор толугу бойдон корголушу, башкача айтканда, протекция болушу керек. Инвестиция менен мамлекетке салык төлөнөт, ал салык казына аркылуу социалдык программаларга жумшалат. Башкача айтканда, эки тараптуу келишим иштеши шарт.

“Азаттык”: Инвесторлорго шарт түзүү тууралуу айттыңыз. Жерүйдө жергиликтүү эл менен да айрым проблемалар болуп келгени белгилүү...

Көбөнбаев: Кендер жалпы элдин жана мамлекеттин байлыгы экенин түшүнүү зарыл. Ал бир коомдун же жергиликтүү элдин гана байлыгы эмес, бүткүл кыргыз элинин байлыгы. Бирок ошол эле учурда жергиликтүү тургундар да приоритет катары каралышы шарт. Анын баары кен байлыктар жөнүндөгү мыйзамда жазылган. Анда кирешенин 2% жергиликтүү бюджетте калаары каралган. Кенге жакын жайгашкандыктан, экологиялык жана башка тобокелдиктер болгондуктан жергиликтүү тургундар үчүн компенсация болушу керек. Мыйзамда бул так жазылган. Мурда мыйзамда мындай жок болчу.

“Азаттык”: Демек, бул мыйзамдан кийин буга чейинкидей проблемалар чыкпайт деп ишенсе болобу?

Көбөнбаев: Эч ким кепилдик бере албайт. Андай проблемаларды кимдир бирөөлөр атайылап жаратышы ыктымал. Себеби саясий оюндар, кызыкдар тараптар болушу мүмкүн. Бирок биз бир нерсеге көңүл бурушубуз керек – эгер Кыргызстанды өнүктүрөбүз, бюджетти көбөйтөбүз десек, бул маселе боюнча мамлекеттик көз карашты калыптандыруу маанилүү.

XS
SM
MD
LG