Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Дүйнөдө байлар байып, кедейлер кедерине кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө 2017-жылы жаралган байлыктын ар 5 долларынын 4ү жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн ири байлардын капчыгын толтурду. Ал эми дүйнө калкынын жарымынан көбүнүн кирешеси эч өскөн жок. "Oxfam" уюму мындай бүтүмүн Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.

"Оксфам" (Oxfam) уюму - дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси. Ал Швейцариянын Давос жергесиндеги өткөрүлө турган дүйнөлүк бизнес жана саясий элитанын форумун утурлай жаңы баяндамасын жарыялады. Уюм ал аркылуу планетадагы экономикалык теңсиздикке, ошондой эле азыркы система байларга артыкчылык берип, ал эми жакырларды жерип жатканына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн.

Уинни Бианийма.
Уинни Бианийма.

- "Oxfamдын" теңсиздик боюнча быйылкы баяндамасы биздин экономикалар миллиондогон адамдардын оор эмгегин эмес, байлыкты канчалык колдоп жатканын көргөзүүдө. Ушундан улам эң үстүңкү катмардагы байлар байыгандан байып, ал эми ылдый жактагылар жакырчылыктын капканынан чыга албай жатышат. Былтыр жаралган байлыктын 82% эң үстүңкү середеги бир пайыздын энчисине тийди. Ал эми ылдыйдагы 50% же 3,7 миллиард адам эч нерсе алган жок. Алардын жаңы байлыктагы үлүшү нөлгө барабар болду, - дейт "Оксфам" (Oxfam) уюмунун аткаруучу директору Уинни Бианийма.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Оксфам" эл аралык бирикмеси дүйнөдөгү экономикалык теңсиздик тууралуу жыл сайын иликтөө жүргүзүп келет. (1942-жылы негизделген бул уюмдун "Оксфам" (Oxfam) деп аталышы "Ачарчылыкка кириптер болгондорго көмөк көрсөтүү боюнча Оксфорд комитети" деген сөздүн кыскартылган түрү болуп саналат).

Былтыркы баяндамасында "Oxfam" миллиардерлердин алдыңкы сегизинин байлыгы жети миллиарддан ашуун калктын жарымынын дүнүйө-мүлкүнө барабар экенин атайын белгилеген.

Ал эми акыркы бир жыл ичинде дүйнө миллиардерлеринин байлыгы да 762 миллиард долларга өстү. Бул дүйнөдө өтө жакырлардын абалын оңдош үчүн талап кылынган каражаттан жети эсе көптүк кылат экен.

"Oxfam" ошондой эле дүйнөнүн калкынын эң байы болгон бир пайыз киши өткөн жылы 200 миллиард доллар салыктан качкан деп эсептеген.

Бул уюмдун аткаруучу директору Уинни Бианийма "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жыл сайын салыктан качкандардын эсебинен 100 миллиард долларды жоготот. Балдардын билими, саламаттыгы, жаштардын жумушу үчүн сарпталышы керек болгон бул акча каражаты "бейиш барактары" аркылуу өлкөдөн сыртка чыгарылып кетүүдө. Өкмөттөр бул көрүнүштү токтотушу керек, дүйнө лидерлеринен биз ушуну күтөбүз.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Клаус Шваб Давостогу жыйындын ачылышында. 22-январь, 2018-жыл.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Клаус Шваб Давостогу жыйындын ачылышында. 22-январь, 2018-жыл.

Америкалык "Forbes" журналы буга чейин жарыялагандай, 2017-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө миллиардерлердин саны 2043кө жетип, мурдагы жылдан 233кө көбөйгөн.

Алардын карамагындагы мүлктүн акчалай көлөмү 7,7 триллион долларга барабар.

Ошол эле учурда дүйнөлүк дүң өнүмдүн бир жылдык номиналдык көлөмү 78 триллион доллардын тегерегинде. Мунун 85% жакынын "Чоң жыйырманын" тобуна кирген бай мамлекеттер беришет.

Эл аралык валюта корунун ушул аптадагы баяндамасына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы менен дүйнө экономикасы 3,7% өстү. Быйыл жана келерки жылы ал 3,9% өсөрү күтүлүүдө.

Эл аралык валюта корунун пикиринде, буга дүйнөнүн биринчи экономикасы - Америка Кошмо Штаттарындагы салык реформасы да өз салымын кошот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG