Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Статистикалык расмий маалымат боюнча алганда Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашууну же болбосо 1,5 миллиондун тегерегиндеги адам жакырчылыктын чеңгелинде жашайт.

2017-жылдын июль айына карата жалпы жумушсуздуктун деңгээли 7,6 пайызды түзгөн.

Калктын аз камсыз болгон катмарын жана жумушсуздарды колдоо максатында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чакан кредиттик агенттиктери түзүлгөн. Бирок мамлекеттен бөлүнгөн мына ошол социалдык насыялар жок болуп кеткен фактылар ачыкка чыга баштады.

Министрликтин коллегиясы облустардагы чакан насыялоо агенттиктериндеги мамлекеттен бөлүнгөн миллиондогон сомдун жетишпестиги боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүү чечимин кабыл алган.

Бирок жок болуп кеткен акчанын ордун толтуруп, тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу маселеси ушул күнгө чейин карала элек. Тиешелүү агенттиктердин жетекчилери жана министрликтин айрым жетекчилери акча жетишпестигин насыялардын кайтарылбай калганы менен байланыштырат.

Ички аудиттин иликтөө жыйынтыктары

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин астында сегиз чакан насыялоо агенттиги түзүлүп, уюшулгандан бери 39 786 адамга 656 миллион сомдон ашуун жеңилдетилген социалдык насыялар берилген.

Жобого ылайык, бул насыялар калктын аз камсыз болгон катмары деп саналган жумушсуздарды колдоого багытталган.

Насыя дүрбөлөңү

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

2017-жылдын 1-августунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлүп, облус борборлорундагы жана Бишкек шаарындагы чакан насыялоо агенттиктеринин ишмердүүлүгү текшерилген. Анын жыйынтыгы боюнча Баткен облустук чакан насыялоо агенттигинен бир жарым миллион сомдон ашуун акчанын жетишпестиги чыккан.

Ички аудиттин корутундусу боюнча 2014-2015-жылдары бул агенттикке 1 миллион 274 миң сом келип түшсө, болгону 275 миң сом өлчөмүндө гана насыя берилип, калганы анын керектөөсүнө жумшалган.

Оштогу агенттиктен 5 миллион сомго чукул акчанын кайда жумшалганы дайынсыз экени аныкталган. Анын жалпы кредиттик портфели 18 миллион сомго барабар болсо, 13 миллион сомдон ашууну насыя алуучуларда экени көрсөтүлүп, ортодогу айырмачылык 4 миллион 938 миң сомду түзгөн.

Акчаны калыбына келтирүү үчүн министрликтин коллегиясы ички аудиттин материалдарын прокуратурага өткөрүп, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароо чечимине келген.

Каражат жетишпестигине берилген жооптор

Оштогу чакан насыялоо агенттигинин жетекчиси Ажыкул Ибраев акчаны жеп албаганын айтып, жетишпестиктин себептерин төмөндөгүчө баяндап өттү:

- Бардыгы жакшы эле келе жаткан. Анан 2012-жылы "Ала-Тоо финанс" уюму аркылуу насыя бериле баштагандан тарта мына ушунун баары башталды. Анткени биз дагы андан 20 миллион сом алып, насыялоону баштаганбыз. Бирок кийинки келген өкмөт башчысы насыялоону "Айыл банкка" өткөрүү чечимин чыгарып, ошондон кийин башаламан болуп кетти. Бирок биз акчанын 18 миллион сомдон ашуунун тапшырганбыз. Күрөөсүз эле ишенимге негизделип берилген насыяларды кайра кайтаруу кыйын болуп жатат. Насыяларды жана ага чейинкисин да сот органдары өндүрө албай жатат. Мына ошол жерден айырмачылык чыгууда. Өткөндө текшергенде биздеги эки жылдын отчету кирбей калыптыр. Ал киргизилсе, 18 миллион сом менен 14 миллионго жакын каражаттын ортосундагы айырмачылык аз эле болуп чыгат. Ал жерде маянага жана административдик чыгымдарга дагы кирип кеткен акчанын өлчөмү чыгат. 5 миллион сомго чукул акчаны чөнтөгүмө салып алган жокмун да.

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Жалал-Абаддагы чакан насыялоо агенттигинен жумушсуз жарандарды каржылык колдоо ишинде кредиттик портфелдеги акчанын жетишпестигине байланыштуу мыйзам бузуулар табылган эмес. Ошол эле кезде агенттиктин эмгек акыларды төлөө китепчесин текшерүү учурунда чакан агенттиктин директору жана башкы эсепчиси өздөрүнө ашыкча айлык акы чегерип алганы аныкталган.

Негизсиз төлөнгөн кошумча эмгек акынын жалпы өлчөмү 32 миң сомду түзгөн. Талас облусундагы чакан насыялоо агенттигинде насыяларды кайтаруу мөөнөтү кечиктирилген учурлар аныкталган. Анын жыйынтыгы боюнча 2 миллион 262 миң сомдон ашуун насыялардын кайтарылбай жатканы боюнча иштер сот органдарына тапшырылганы көрсөтүлгөн.

Чүй облустук чакан насыялоо агенттигинен кандайдыр бир олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Нарын облустук чакан насыялоо агенттигинин кредиттик портфели жана мамлекеттик каржылоонун өлчөмү 2016-жылдын январь айына карата 7 миллион 664 миң сомду түзгөн.

Ички аудиттин текшерүү жыйынтыгы боюнча бул агенттиктеги кредиттик портфелдеги акчанын жетишпестиги 3 миллион сомдон ашуун. Ал акча негизги насыялардын пайыздык үлүштөрү өз учурунда кайтарылбай калгандыктан агенттиктин административдик чыгымдарына жумшалып кеткени көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл облусундагы чакан насыялоо агенттигинин кредиттик портфели 2015-жылга карата 5 миллион 474,7 миң сомду түзүп, 2016-жылга карата анын өлчөмү 3 миллион 929,1 миң сомго азайганы аныкталган.

Бул жерде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акча жетишпестигинин өлчөмү 1 миллион 545,6 миң сомго барабар болгон. Ысык-Көл облусундагы чакан насыялоо агенттигинин директору Нурлан Аманканов ички аудиттин мындай корутундусуна макул эместигин айтып, акчанын жетишпестигин мамлекеттик каржылоонун кыскарышы менен түшүндүрдү:

- Акча каражатынын жетишпестиги боюнча маалымат бир аз туура эмес. Акча жок болуп кеткен жери жок. Ал каражаттын баары мына ошол насыяларды алган элдин колунда жүрөт. Биз эми мына ошол акчаны кайтаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Акчанын баары эмес, бирок кайсы бир бөлүгү биздин административдик чыгымдарга жумшалып кеткен учурлар бар. Азыр деле бизге каражат бөлүнбөй жаткандыктан акча киришип кетип жатат. Кызматкерлерге маяна төлөп беришибиз керек да. Насыялардын кайтарымдуулугу начар болгонунун себеби ал социалдык насыя болуп жатпайбы. Анткени ал акчаны эч жерде иштебеген, аз камсыз болгон адамдар алып, кайра кайтарып бере албай калган учурлар арбын. Буга байланыштуу өкмөттө азыр биздин уюмдарды жоюш керекпи же сактап калуу зарылбы деген маселе турат.

Министрликтин эки ача позициясы

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде чакан насыялоодогу акчанын жетишпестиги катары көрсөтүлгөн фактыларды камтыган ички аудиттин корутундусу боюнча кызмат адамдарынын пикири бир кылка эмес. Айрым жетекчилер муну жеңилдетилген насыялоо деген шылтоо менен мамлекеттик казынадан өөнөлгөн каражат катары карашса, кээ бирлери насыяны кайтаруунун кечеңдешинен улам келип чыккан жөнөкөй эле бир кемчилик дешет.

Чоң-Алай.
Чоң-Алай.

Социалдык өнүктүрүү министринин чакан агенттиктерди караган орун басары Зууракан Каденова бул жагдайга карата төмөндөгүчө түшүндүрмө берди:

- Насыялоо агенттиктеринин акчасын бирөөлөр жеп койгон жери жок. Бул акча жетишпестиги дегенде мына ошол кредиттик портфелдеги акчанын кайтарылбай жатканы же болбосо кайтарылган акчанын административдик чыгымдарга киришип кеткенинен улам келип чыкты. Агентиктерди кармоого кеткен байланыш, тейлөө жана маяна сыяктуу чыгымдар. Алар насыялардын пайызынан түшө турган акчаны мына ошол чыгымдарга жумшашы керек эле. Бирок пайыздары турсун, насыялардын негизги суммасы кайтарылбай жаткан шартта аппаратты кармоо үчүн анда чогулган каражатты чыгымдаганга аргасыз болушкан. Ал жакта иштеген адамдарга каяктан болбосун айлык төлөп берип, башка чыгымдарды да төлөө керек. Ошондуктан бул каражаттар башка бир жактарга киришип кеткен дегенге болбойт.

Муктаждарды мукураткан насыя

Ошол эле кезде социалдык багыттагы насыялар ага муктаждарды колдоого жетпей жатканы туурасында айтылган көйгөйлөр көп. Айрыкча коммерциялык банктардан күрөө коюп насыя алууга мүмкүнчүлүгү жок калктын аз камсыз болгон катмары жана жумушсуз жарандар буга окшогон социалдык колдоого муктаж болгону менен айрымдары бул багытта мына ошондой чакан насыялоо бар экенин дагы билишпейт.

Ошол эле кезде социалдык насыяларды алууга документтерин даярдап, бирок бардык шарттары туура келсе дагы бир нече жылдап мына ошол жеңилдетилген насыяны албай жүргөндөр бар.

15 жылга 200 миң сом өлчөмүндө социалдык ссуда берүү боюнча сертификат берүү чечими чыккан. Акчанын элүү миңи эле берилип, калган 150 миң сому ушул күнгө чейин колума тийе элек.
Жумагүл Токоева

Андай жарандардын бири Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну Жумакүл Токоева жеке турак-жайын оңдоого 200 миң сом өлчөмүндө социалдык насыя алууга сертификат алып, бирок анысы бир канча айдан бери толугу менен берилбей келе жатканына даттанды:

- Менин бир эле кызым бар. Ал дагы турмушка чыгып кетти. Жалгыз боймун. Анан турак жайым авариялык абалда калгандыктан улам айыл аймагынан тарта районго чейин арызданып чыккам. Ошондо мен жашаган үйдү текшерип, акт түзүп, 15 жылга 200 миң сом өлчөмүндө социалдык ссуда берүү боюнча сертификат берүү чечими чыккан. Акчанын элүү миңи эле берилип, калган 150 миң сому ушул күнгө чейин колума тийе элек. Сурасам, банка которулбай жаткан имиш. Бирок мен үйүмдү оңдойм деп, баштап алып, азыркы күнгө чейин аягына чыгара албай калдым. Бирөөлөрдөн карыз акча алып, курулушка жумшап алып, анысын дагы кайтарып бере албай жүрөм. Анан эми мага социалдык колдоо көрсөтүү боюнча сертификат бергенден кийин ошонусун аягына чейин толугу менен төлөп берип коюшса болмок.

Социалдык саясаттын натыйжасы

Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун принциптери тууралуу мыйзамга ылайык, мамлекеттик бюджеттин отуз пайызга жакыны социалдык тармакты колдоого жумшалат. Анда мамлекет өзүнө алган социалдык милдеттемелердин бири катары калктын аялуу катмарын жана жумушсуз жарандарды колдоо маселеси көрсөтүлгөн. Бул багытта бюджеттен атайын каражат каралып, социалдык колдоолордун бири катары жумушсуздарга жеңилдетилген насыя берүү шарттары киргизилген болчу.

1998-жылдан 2012-жылга чейин мамлекеттик бюджеттен миллиондогон сом акча каражаты бөлүнүп келген. Насыя берүү агенттиктерин каржылоо 2012-жылы токтотулган. Чакан насыялоо жолу менен калктын аялуу катмарын жана жумушсуздарды социалдык колдоо аркылуу мамлекет жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу максатын койгон эле. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева мамлекет ал милдетин так аткара албай жатканын айтты:

Айнура Алтыбаева
Айнура Алтыбаева

- Баш мыйзамда Кыргызстан социалдык багыттагы мамлекет деп жазылган. Бюджетти кабыл алып жатканда социалдык өнүгүүгө багытталган мамлекеттик программаларды колдоп келе жатабыз. Бирок мына ошол каражат канчалык деңгээлде натыйжалуу пайдаланылып жатат? Өкмөттүн ишинин негизги көрсөткүчү бул - жакырчылыктын деңгээли. Жакырчылык кыскарса демек, өкмөт өзүнүн милдетин так аткарып жаткан болот эле. Бирок тилекке каршы бул багытта иштин жылышы абдан эле жай. Себеби мамлекеттен бөлүнгөн каражаттар калктын аз камсыз болгон катмарын колдоого жумшалып, аны жакырчылыктын сазынан алып чыгууга багытталышы керек. Ошонун натыйжасы болушу кажет. Орто жолдон ал каражат натыйжалуу колдонулбай же болбосо желип кетип жатса, анда ага катышы бар жетекчилер сөзсүз түрдө жооп бериши керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы калктын саны 6 миллион 174,1 миң адамды түзгөн. Андагы жалпы жумушсуздардын расмий саны 192,2 миң адамга барабар. Ал эми талдоочулардын айтымында, бейрасмий көрсөткүч мындан бир канча эсе жогору болушу мүмкүн.

Ошондой эле Кыргызстанда социалдык колдоого муктаж 400 миңге чукул жакыр жана өтө жакыр катмарда жашаган үй-бүлө бар экени көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG