Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Жалал-Абад: жашоосун өзгөрткөн ишкерлер


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абадда жакырчылыкты азайтуу максатында Евробиримдик жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоп, үй-бүлөлөргө чакан бизнес ишкердигин ачып берди.

20 айылга күнөскана курулуп, чакан тоок фермалары жана айыл чарба продукцияларын кургатуучу цех уюштурулду.

Базар-Коргон районунун тургуну Гүлбү Исмаилова былтыртан бери жумуртка тууган "Америка" породасындагы 21 тоок багып жатат. Буга чейин үй шартында багып келген тоокторго караганда анын кирешеси көбүрөөк экендигин белгилейт. Аны багуу шартын үйрөтүп, атайын тооккананы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоор аркылуу алып, азыр турмуш шарты жакшырганын кошумчалайт.

- 21 тоок алгам, баарын өлтүрбөй жакшы карап багып жатам. Күндө 21 жумуртка алчубуз, суук түшкөндөн бери 17-18 даана гана алып жатабыз. Багып жатканыма бир жарым жыл болуп калды. Тоокторго малдын жемин, көк беде жулуп берем. Жумурткасы кадимки үй тооктукуна окшош. Базарга алып чыксам, талап кетишет. Бул жерде болсо коңшуларыбыз сатып алышат. Буга өзгөчө деле мамиле талап кылынбайт. Фермамды көргөн коңшулар жана туугандар кызыгып, ушундай тоок алууну сурап жатышат. Кирешеси жакшы экен да.

Мындай жумуртка багытындагы 5400 тоок 20 айылдагы 180ден ашуун кожолукка таратылган. Чакан ферма аркылуу алар азыр турмуш шартын өзгөртүп жатышат.

Ушул эле райондун Абдраимов айылынын тургуну Кадырбек Айдаров короосундагы бир сотых жерден быйыл 70 миң сомдон ашуун киреше тапты.

Былтыр күзүндө 340 миң сомго долбоор аркылуу күнөскана курулган. Жазында помидор жыйнап, эми кеч күзгө бадыраң өстүрүп жатат. Дыйкан күнөсканада жашылча өстүрүүнү окуп үйрөнүп, азыр аны айылдаштарына жайылтып жатат.

- Быйыл январда "Буран Ф1" сортундагы помидор эктим. Ал июнь айында бышып, ар бир түп помидордон 2,5 килодон түшүм алдым. Ошондо 420 түптөн 2-2,5 тонна помидор жыйнап, 70 сомдон сатыкка алып чыктык. Кийинки түшүмдөрүндө талаадагы помидорлор сатыкка чыгып, арзандап кетти. Август айында помидордун ордуна өзгөчө сорттогу бадыраң эктик. Анын бою жети метрге чейин өсүп, түшүм берет экен. Азыр менде эки метр болуп, базарга бадыраң алып чыкканга даярданып жатабыз. Учурда бадыраңдын баасы 30-35 сом болуп жатат. Буйруса кар жааганга чейин түшүм жыйнап турабыз деп пландап жатабыз.

Европа Биримдиги каржылаган "Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу" долбоору тарабынан Тогуз-Торо, Ноокен, Базар-Коргон жана Токтогул райондорундагы 45 үй-бүлөгө чакан жана тогузуна чоң моделдүү күнөсканалар курулуп берилди.

Долбоордун координатору Махабат Караева жакырчылыкта жашаган жалпы 800 кожолук колдоого алынганын билдирди:

- Эки жыл ичинде 20 айылда ар кандай бизнес долбоорлорду аткарса болот. Бир сотых жерден 50 миң сомго чейин киреше алса болоруна катышкандар көрүп ынанышты. Ошондой эле алдыңкы айыл чарба технологияларын элге көрсөтүү менен ушул жерден түшүмдүүлүктү, кирешени көбөйтсө болот деген ыкманы үйрөттүк. Долбоор аркылуу пайда көрүүчүлөрдүн саны 800 кожолуктан ашты. Алар турмуш шартын жакшыртып жатышат. Мындан сырткары айыл чарба багытындагы 20 жаш кеңеш берүүчү адистерди окутуп чыгардык. Ошондой эле Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда сугат суу каналдарды оңдоп бердик. Ар бир райондо тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бак уюштурдук. Кайрак жерлерге кардан-жамгырдан топтолуучу суу аркылуу тамчылатып сугаруу системасын орноттук. Негизинен биз долбоорго колунда жок, жакыр үй--бүлөлөрдү тартканга аракет кылдык. Жыл башында айылдарга жок технологияларды тартып, жашоо шартын өзгөрткөнгө аракет жасадык. Биздин максат ошол болчу.

2015-жылы башталган долбоор быйыл аяктап, жалпысынан ага 600 миң евро каражат бөлүнгөн. Төрт райондун ар бирине айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканалар уюштурулуп, 11 адамдын бизнес идеялары колдоого алынган. Курут чыгаруучу, жөжө ачтыруучу жана жемиштерди кургатуучу аппараттар да алынып берилген.

Жалал-Абадда бул долбоорду айылдык консультациялык кызматы жана DCA Central Asia ишке ашырды.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Абдуллабек Камбаров жакырчылыктын деңгээли өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөнүн билдирди:

- 2015-жылы статистикалык маалыматтарга караганда облуста жакырчылык деңгээли 29% түзгөн. 2016-жылдын жыйынтыгы менен ал көрсөткүч 28% төмөндөдү. Азыр облустагы 62 миң кожолук жакырчылыкта жашайт дегенди билдирет.

Американын Global Finance басылмасы былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн бири деп тапкан. Маалыматтарга ылайык өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 33% түзөт жана 180 миң кожолук жакыр жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG