Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Кыйналган дыйканга ким кол сунат?


Кыргызстанда тынымсыз жааган жаандан эгин талаалары жуулуп, аз түшүм алып калуу коркунучу жаралды.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин мүчөсү Эсенгул Исаков жана Ноокен райондук кеңешинин депутаты, фермер Мухтар Артыкбаев катышты.

“Азаттык”: Мухтар мырза, азыр Ноокендеги кайра-кайра сел жүргөн аймактардагы дыйкандардын абалы кандай?

Мухтар Артыкбаев: Абал аябай оор. Жаздан бери эки-үч жолу сел жүрүп, 2 миң гектар жерден ашуун айдоо аянттарын улам жууп кетүүдө. Дыйкандар улам жуулган айдоону улам бузуп, кайра-кайра эгин сээп атып кыйналышты. Эки-үч күндүн биринде эле жаан жаап, сел жүрүп жатат.

“Азаттык”: Улам айдаган эгинин улам сел жууп кетип жаткан дыйкандарга мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатат?

Эсенгул Исаков: Жаздан бери нөшөрлөп жааган жаандын кесепети өлкөбүздүн бардык жериндеги айдоо аянттарына тийип жатат. Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй облустарында, бардык жерде селдин кесепетинен эң биринчиден дыйкандар жабыркап атышат.

Бул маселени Жогорку Кеңеш көзөмөлүнө алып, өкмөткө тапшырма берип атабыз. Өкмөттүн бизге берген маалыматы боюнча сел жүргөн бардык аймактардагы дыйкандарга кайтарымсыз жардамдар берилип, бузулган айдоо аянттарга себүү үчүн техникалык өсүмдүктөрдүн уруктары берилген.

Парламентке бүгүн да өкмөт, анын ичинде айыл чарба министри да келет, ошондо алардан бул маселе боюнча кененирээк маалымат алабыз деп ойлойм. Ал эми жабыр тарткан дыйкандарга өкмөт тарабынан берилүүчү жеңилдиктердин ичинде салык да бар, салык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктер болушу керек.

Салык кодексинде жазылуу: ушундай табигый кырсык болгон учурда өкмөт өзүнүн токтому, буйруктары менен салыктын түрлөрүн үч жылга узартат, ал эми социалдык төлөмдөр кечирилет.

Ошондой эле быйыл айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттен 7% үстөк менен берилген насыя акча алган дыйкан, малчылардын ичинен селден жабыркагандар болсо, алардын насыя төлөмүн үстөк пайызын кошпой туруп, бир жылга узартууну өкмөткө сунуштап жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Дыйкандар бүгүн жекелеп чарба жүргүзгөнү үчүн түрдүү кыйынчылыктардан чыгуу оор болуп жатканын айтышат. Дыйканчылыкты ирилештирүү же айыл чарба кооперативдерин түзүүнү күчтөп, аларды өнүктүрүүнү ойлонууга мезгил жеткендир...

Исаков: Албетте ирилештирилген чарбаларды курмайынча бизде маселелер чечилбейт. "Айыл чарба кооперативдери жөнүндө" мыйзам 2005-жылы кабыл алынган.

2010-жылга карата Кыргызстанда эки миңге жакын айыл чарба кооперативи түзүлүп калган болчу, азыр кайра 300 тегерегинде болуп калды. Буга бир жагынан Айыл чарба министрлиги да тиешелүү болуп калды, анткени кооперативдерди тескөөчү атайын кызмат министрликте жоюлуп кеткен. Эми мындан ары да айыл чарбасын ирилештирип, кооперативдерди түзүү үчүн аларга шарт түзүп берүү керек. Мисалы, Салык кодексин, социалдык саясатты, акчалай, техникалык, товардык насыя саясатын жолго коюп, жеңилдиктерди түзүп беришибиз керек.

“Азаттык”: Мухтар мырза, өзүңүздөр селди алдын алуу иштерин жүргүздүңүздөр беле? Биринчи жолу сел жүргөндө эле арыктарды тазалап, суу агымдарын жөнгө салуу иштери жасалганбы?

Артыкбаев: Албетте жүргүзүлгөн. Бул жерде өкмөттү күнөөлөгөн жерибиз жок. Бирок сиз айткандай бүгүнкү күнү “жалгыз терек бак болбойт” дейт, жеке дыйкандар селге каршы эч нерсе кыла албай жатпайбы. Жалгыз дыйкан жүрөт сел жүрүп аткан талаада кетменин көтөрүп алып, анын жеке колунан эмне келет эле? Ошол дыйканга ирригациялык системаны жөнгө салуучу, анын жолдорун көрсөтүп, үйрөтүүчү бирөө керек, бийлик керек деп атабыз.

Жаздан бери колубуздан келишинче арыктарды тазалап, селди бурууга аракет кылып атабыз, экскаватор таап келип, каздырдык. Эгер кооперативдер болсо, бул кыйынчылыктарды жеңүү оңоюраак болмок. Кептин баары мына ушунда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG