Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ош: Сел 200дөй үйдү алып кетти


Катуу жааган жамгырдан кийин 26-апрелде Ош облусунда 200дөй үйдү сел алып кетти.

Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун бир канча айылдарында учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кара-Суу районунун Мады айыл округунда сел ондогон үйдү жана гектарлаган жерлерди басып калды. Жабырлануучулардын бири - Даниэл Токсонбаев:

- Бул жерге суу бир метрдей кирип, баарын басып калды. Төшөк-жууркан, сыналгы, идиш-аяк, эмеректердин баары суу. Тиги жертөлөнүн ичи да толуп калыптыр. Алгач киргенде бир метрче бийик болуп кетти эле, азыр гана аз-маз азайып калды. Бул сел эми тиги каналды жарып чыгып кетиптир. Эми мунун баарын кантип тазалап, кантип ордуна келтирерибизди билбейм.

Кыргыз чек айылынын башка бир тургуну Гүлсана да үйү селдин астында калганын айтып даттанууда:

- Биздин үйгө киргенге таптакыр мүмкүн эмес. Короодо суу белден агып атат. Дагы жакшы балдарым жок эле, баары мектепте болчу. Үйдүн ичиндеги нерселердин баарын агызып кетиптир. Итибизди да суу алып кетиптир.

Кыргыз чек айылынан аккан сел төмөндөгү Курманжан Датка айылын каптап кирген. Кыштактагы Сыдык Алайчы атындагы мектептин короосун, аянтчасын толугу менен суу басып, таптакыр жараксыз болуп калган.

Кырсык сабак учурунда туш келсе да 1000ден ашык окуучу жабыркаган эмес:

5-класста окуган Залкар Азамат уулу бул жерде суу кечип ойноп жүргөн экен:

- Биз кадимкидей эле сабак окуп жатканбыз. Бир маалда эле жамгыр катуулап, анан сел келип, мектепти каптап кетти. Баары кыйкырып, "сел келди" деп качып чыктык. Бири-бирибизди куткарып атып чыгып кеттик. Кийин аскерлер келип куткарып калышты. Азыр мына футбол ойной турган аянтчабызды толугу менен суу басып калды.

Мектеп директору Алтымыш Топчубаев да окуучулардын аман калганына шүгүр кылып жаткан экен:

- Биздин милдет - окуучуларды окутуу. Ал эми окуучулардын, элдин коопсуздугун сактоо ушул жердеги бийликтин милдети болуш керек. Ушуну алдын алып, мурдатан карап коюшса болмок. Дагы жакшы тынч-аман өтүп кетти. Балдардын агызып кетсе эмне болот эле? Мектеп ушул селдин айынан эле 4-5 млн сом чыгымга учурады. Кышкы жылыткычыбыз таптакыр жарактан чыкты.

Жайыла каптаган сел бир канча гектар жерди да алып кеткен. Кетменин көтөрүп чуркап жүргөн аксакал Назар Сартматов:

- Менин 2 гектар жеримди сел алып кетти. Эгип койгон жүгөрүнүн бүт баары жараксыз болуп калды. Эгин эле кеппи, жердин өзү да жараксыз.

Кыртыштын баарын суу агызып кетти. Эми бул жерди калыбына келтириш үчүн, трактор менен тегиздеш керек, анан азот бериш керек. Кайра айдатып, кайра эгиш керек. Ал үчүн менде кайдагы күйүүчү май, кайдагы урук, кайдагы акча? Ушунун баарына бийликтегилер жардамдашып коюшар.


Курманжан Датка айылынын башка бир тургуну Данияр Каримов бул селдин баары бийликтин шалаакылыгынан экенин айтты:

- Биз жергиликтүү бийликтерге тынбай айтып келатканбыз. Ушул канал 20 жылдан бери тазаланбай жаткан. Же бир ашар кылып тазалап коюшайын дешкен эмес. Эми минтип өз башыбызга эле мүшкүл иш алып келип отурат. Ушундай болбош үчүн ушул каналды эле кеңейтип, арыктарды казып койсо эле жетиштүү болмок.

Кара-Сууга караштуу Мады айыл округунда кырсык адам өмүрүн алган жок. Келтирилген зыяндар аныкталып жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлоодо.

Алдын ала чыккан жыйынтыктарга ылайык, Ош облусунда 200дөй турак жайды суу каптап, 4-5 млн. сомдой чыгым болгон. Ага улай адистер, аймакта 30-апрелге чейин нөшөрлүү жаан уланып, сел коркунучу сакталаарын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG