Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:08

Американын Global Finance басылмасы 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 кедей өлкөнүн бири деп тапты.

Чет элдик иликтөөлөр абалды туура чагылдыра алабы, жакырчылык менен күрөшүү реформаларынан майнап чыктыбы, кыргызстандыктардын жашоо-турмушунун жакшыруусуна негизги өбөлгөлөр барбы, өнүккөн өлкөнүн катарына кошулуу үчүн мамлекет кандай саясат жүргүзүүсү керек, жарандар кандай аракеттерди кылуусу зарыл ж.б.у.с. суроолор “Арай көз чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев жана социолог-эксперт Медет Султанбаев катышты.

“Азаттык”: Насирдин мырза, америкалык Global Finance басылмасынын элдин бакубатчылыгын ченеген изилдөөсүндө 189 өлкөнүн ичинен Кыргызстанды 148-орунда эсептегенин Экономика министрлиги кандай кабыл алды, бул көрсөткүч биздин өлкөнүн реалдуу абалын чагылдырабы?

Мисалы, Кыргызстанда 1 миллион автоунаа бар, бул ар бир экинчи үй-бүлө бирден машине минет деген сөз. Уюлдук телефондун саны 7 миллионго жетти. Унаага май куйганга, телефондун бирдигин толтурганга да акча кетет.
Насирдин Шамшиев

Насирдин Шамшиев: Бул басылма кандай критерийлер менен изилдөө жүргүзгөн? Өлкөнүн Ички дүң продукциясын ар бир адамдын үлүшүнө карата эсептегенине макулбуз. Бирок бир эле критерий менен эсептеп койгону туура эмес. Мисалы, 2015-жылга салыштырып карасак, орточо эмгек акы 13 миң сомдон, 14 миң сомго көбөйгөн. Реалдуу өсүш 9 пайыздан жогору болду. Улуттук статистика комитетинин методологиясы боюнча эгер бир адам жыл ичинде 31 миң сомго чейин киреше тапса жакыр, 18 миңге чейин тапса анда өтө жакыр деп эсептелет.

Мындан сырткары Эл аралык валюта фондусунун көрсөткүчү менен алып келгенде өлкөнүн 2016-жылы Ички дүң продукциясынын ар бир жаранга бөлүнүшү 3467 доллар болгон. Бул жагынан да көп мамлекеттерден арттабыз. Арменияда бул көрсөткүч 8 миң доллар, Орусияда 26 миң доллар болууда. Ал эми элдин базардагы азык-түлүк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда бир кыйла жогору, б.а. бизде баа арзан.

“Азаттык”: Global Finance басылмасынын маалыматында ар бир кыргызстандыктын ИДПдагы үлүшү 2016-жылга салыштырганда 114 долларга азайып кетип жатпайбы, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Насирдин Шамшиев: Эгерде биз доллардан курсу менен алсак, ушундай. Сомдун курсу менен алсак, 2015-жылы бир адамга 75 миң сом болсо, 2016-жылы 78 миң сомду түзүп, 3 миң сомго көбөйүүдө. Ошондуктан жогоруда айтылгандай жакырчылыкты бир гана көрсөткүч менен ченөөгө болбойт. Мисалы, Кыргызстанда 1 миллион автоунаа бар, бул ар бир экинчи үй-бүлө бирден машине минет деген сөз. Уюлдук телефондун саны 7 миллионго жетти. Унаага май куйганга, телефондун бирдигин толтурганга да акча кетет.

“Азаттык”: Сиз айтып отурган автоунаа, телефон, мал, жер элдин кирешеси катары саналабы?

Насирдин Шамшиев: Булардын баары эле киреше катары статистикага кирбей калышы мумкүн. Бизде көмүскө экономика деген бар, өзгөчө соода тармагында күчтүү. Чек аралар ачылгандан бери жеке ишкерлердин сыртка алып чыккан товарлары да киреше катары саналбай жатат. Элдин кирешесинин 65 пайызы айлык акы, айыл чарба азыктарын сатуудан 14 пайыз киреше түшөт, калганын башка тармактар түзөт.

“Азаттык”: Медет мырза, сиздер элдин социалдык абалы, анын ичинде оокат-ашы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатасыздар. Кыргызстанда элдин көпчүлүгү кирешени кайсы булактан алат?

Орусияга салынган санкциялар 2018-жылга чейин улана турган болсо, бизге да оор болот. Демек, биздин жарандардын кирешесине сырткы факторлор да таасирин тийгизүүдө.
Медет Султанбаев

Медет Султанбаев: 2012-2015-жылдардагы изилдөөлөрдү салыштырып көрсөк, биз элге тогуз булакты сунуш кылганбыз, алардын ичинен кайсы булактар аркылуу киреше табасыңар деп сураганбыз. Мисалы, Ош облусу боюнча суралгандар 40 пайыз кирешесин сырттан келген акчадан табарын айтышкан, демек бир жылда тапкан 100 сомунун 40 сому четтен келет. Талаачылыктан 20 пайыз киреше алабыз дешти. Андан кийинки кирешени айлык акы, жөлөк пулдан табышат, ал 10 пайыздын тегерегин түзөт. Калган кирешелер мал чарбасынан, туугандары жардам бергенден, башка майда-чүйдө жумуш аткаргандан табылат.

2012-жылы мигранттардан келген акча жалпы кирешенин 40 пайызын түзсө, азыр 8 пайызга чейин азайган. Ал дүйнөдөгү, Орусиядагы экономикалык кризис, санкциялар менен байланыштуу. Айталы, анда бир баррел мунайдын баасы 109 доллар болсо, азыр ал 49 долларга түшүп калды. Орусияга салынган санкциялар 2018-жылга чейин улана турган болсо, бизге да оор болот. Демек, биздин жарандардын кирешесине сырткы факторлор да таасирин тийгизүүдө.

Эми айрым көрсөткүчтөргө кайрылсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-2015-жылдары Кыргызстанда жакыр адамдардын саны 85 миңге көбөйдү деп берип жатат. Экинчи көрсөткүч, 2012-жылы эл банктарга 30 миллиард сом карыз болуп калган. 2016-жылдын эсеби боюнча элдин банктардын алдындагы карызы 96 миллиард сомго жетти. Бул киреше азайып, эл карызга батып жатат деген сөз. Абалга көңүл бурбаса, кийинки жылдары кыйын болот. Ошондуктан Global Finance басылмасынын иликтөөлөрү Кыргызстандагы чыныгы абалды чагылдырат десек болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG