Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Oxfam экономикалык теңсиздик күчөгөнүн эскертти


Дүйнөнүн эң жакыр адамдарынын көбү Азия менен Африканы байырлайт.
Дүйнөнүн эң жакыр адамдарынын көбү Азия менен Африканы байырлайт.

Швейцариянын Давос калаасында ушул шаршембиде салтка айланган Дүйнөлүк экономикалык форум ачылат. Мартабалуу жыйынды утурлай жарыялаган атайын баяндамасында Британияда жайгашкан Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму дүйнөдө экономикалык теңсиздик күчөп кеткенин эскертти. Бул уюмдун пикиринде, дүйнө лидерлери теңсиздик кризиси курчуганына тынчызданышканы менен, муну жоюу багытында конкреттүү чараларды көрбөй жатат.

Oxfam кайрымдуулук уюму өз баяндамасын бекеринен Давостогу экономикалык форумду утурлай жарыялаган жок.

Анткени, Швейцариянын бул атактуу курортундагы салттуу форум саясий лидерлер менен катар бизнес лидерлер, дүйнөнүн эң бай адамдары, ири корпорация-компаниялардын башкаруучулары глобалдык, асыресе экономиканын маселелери боюнча пикир алыша турган аянтча.

Быйылкы форумда коопсуздук, климаттын өзгөрүшү өңдүү глобалдык көйгөйлөр менен бирге төртүнчү индустриалдык революцияга ылайыкташуу, дүйнөлүк экономикадагы “жаңы нормалдуу өсүш”, чийки заттын баасы өңдүү маселелер талкууланганы жатат.

Давос форумуна адаттагыдай эле дүйнөнүн эң таасирлүү адамдары жыйналат.
Давос форумуна адаттагыдай эле дүйнөнүн эң таасирлүү адамдары жыйналат.

Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму Давос форумунун катышуучулары да тааныштырыла турган баяндамасында ашынган байлар барган сайын байып, ал эми кедейлер жакырлангандан жакырланууда деген ойду каңкуулоодо:

- Биздин айтайын дегенибиз, дүйнө азыр теңсиздик кризисин баштан кечирүүдө. Мисалы, учурда эң бай 62 адамдын дүйнө-мүлкүнүн акчалай наркы эле дүйнө калкынын жарымынын же 3,5 миллиард кишинин дүйнө-мүлкүнө барабар болуп калды. Бул кризис соңку жылдары күчөгөндөн күчөөдө. Акыркы беш жылда бул 62 адамдын байлыгы жарым триллион долларга көбөйсө, планетанын жакыр бөлүгүнүн байлыгы тескерисинче триллион долларга азайды. Биз эгер теңсиздикке көңүл бурсак, жакырчылыкка көңүл бурган болобуз деп ойлойбуз,- деди “Азаттык” менен маегинде уюмдун тышкы байланыштар боюнча директору Кэти Урайт (Katy Wright).

Oxfam мисал тарткан эң бай 62 адамдын жарымы АКШдан, 17си Европадан, калганы Кытай, Бразилия, Мексика, Жапония, Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөрдөн.

Эл аралык кайрымдуулук уюму келтирген дагы бир салыштыруу боюнча буга чейин 2010-жылы дүйнө миллиардерлеринин 388нин мүлкү дүйнө калкынын жарымыныкына барабар болчу.

Оффшордогу акчаны алып чыгуу чакырыгы

Азыр дүйнөдө бай деп саналган 1% адамдын тапкан-ташыганы калган 99% бириккенде да көптүк кылат.

Мындай кырдаалды өзгөртүүнүн бир аргасы катары Oxfam эң биринчи кезекте байлардын салыктан качуусу, жашыруусу үчүн шарт түзгөн оффшордук аймактардын мындай өнөкөтүн токтотууну сунуш кылууда:

- Тизменин башындагы эң башкы нерсе - салык башпаанегин тартуулаган глобалдык түйүндү жок кылуу. Соңку эсептердин бирине караганда, бүгүн 7,6 триллион акча салык төлөтпөгөн оффшордук аймактарда кармалууда. Бул жагдай өкмөттөр мектептерди, ооруканаларды каржылай турган кирешеден гана куржалак калбастан, алардын элдин салыктан кача албаган карапайым бөлүгүнүн жүгүн көбөйтүүгө алып барат, теңсиздик менен жакырчылык күчөйт дегенди билдирет. Биз муну токтотуубуз керек,- дейт Оxfamдын өкүлү Кэти Урайт.

Уюм өз баяндамасында жазган маалыматтарга караганда, дүйнө байларынын оффшордо сакталып турган 7,6 триллион доллар акчасы алып келген кирешеден салык алынса, өкмөттөрдүн казынасына жылына 190 миллиард доллар түшмөк.

Мунун ичинде Африка өлкөлөрүнүн акчалай байлыгынын 30% оффшордук аймактарда катылуу. Мындан улам кара континент салык кирешеси катары жылына 14 миллиард долларды жоготууда.

Oxfamдын болжолунда, бул акча жылына 4 миллион баланын өмүрүн сактоого мүмкүндүк бергендей саламаттыкты сактоо системасын кармоого, Африканын ар бир баласы мектепке барышын камсыздоого жетмек.

Жакырлар саны акырындык менен азайууда

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эсебине караганда, 1980-жылдан бери дүйнө калкынын саны 2 миллиардга өскөнү менен итке минген жакырлардын саны 650 миллионго азайды.

Экономикалык өсүш Кытайда жакырлардын санын азайтты.
Экономикалык өсүш Кытайда жакырлардын санын азайтты.

Бул бир жагынан жалгыз Кытай өзү эле жарым миллиард жаранын кедейликтин сазынан алып чыга алганына байланыштуу.

Эң жакырлардын саны азыр дүйнө калкынын 20% же 1,3 -1,4 миллиард киши деп эсептелип жүрөт. Алар күнүнө эки долларга жетпеген каражатка жашагандар.

БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча максаттарында мындан кутулуучу мөөнөт катары 2030-жыл мерчемделген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG