Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Гейтс: Жакырчылык 20 жылда жоюлат


Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири – Билл Гейтс.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири – Билл Гейтс.

Планетадагы эң бай адамдардын бири Билл Гейтс дүйнө жүзүндө – анын ичинде Кыргызстанда жакырчылык 20 жылда - 2035- жылга чейин жоюлат деп ишендирди.

Бишкек фондулук биржасында "Кыргызнефтегаздын" акциялары эң көп сатылууда. Ал эми алтындын дүйнөлүк баасы дагы бир аз арзандай түштү. "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору өткөн жылдын 11 айында өлкөнүн экономикасына 105 миллион долларга жакын салым кошту.

Кыргызстан жакырчылыктан качан чыгат?

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, "Майкрософт" корпорациясынын түптөөчүсү Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда Гейтс дүйнө жүзүндө жакырчылык толугу менен 2035-жылга чейин жоюлат деп ишендиришти. "Билл жана Мелинда Гейтс корунун" түптөөчүлөрү өздөрүнүн жылдык кайрылуусунда дүйнөдөгү эң кедей 36 өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү 20 жыл ичинде орто кирешелүү катмарга айланат деп ынандырышты.
Билл Гейтстин жубайы – Мелинда Гейтс.
Билл Гейтстин жубайы – Мелинда Гейтс.

Алардын айтымында, жакыр мамлекеттерде коңшуларынан тажрыйба алуу, жаңы вакцина, мол түшүм жана санариптик төңкөрүш сыяктуу өзгөрүүлөр жакырчылыкты жоюуга себепкер болот. Андан сырткары, билимдүү калк жаңы инвестиция тартууга өбөлгө түзөт. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө калкынын эки миллиарды кедей жашайт.

Дүйнөлүк банктын аныктамасы боюнча, жан башына жылдык кирешеси 1035 доллардан кем өлкөлөр жакыр болуп эсептелет. Учурда планетада 36 мамлекет кедей болуп саналат. Алардын арасында Кыргызстан да бар.

Серепчи Ричи Киңдин эсеби боюнча, Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн тизмесинен 2035-жылдан мурун чыгышы толук ыктымал. Кыргызстандыктардын жан башына жылдык кирешеси болгону азыркыдан 5% көбөйсө, ал орто кирешелүү мамлекет болууга жетишет.

Бирок аналитик Киң Кыргызстан 20 жылдан кийин гана бул көрсөткүчкө жетиши мүмкүн деп эсептейт. Ал эми Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасында жан башына жылдык киреше 25% өссө гана орто кирешелүү өлкө боло алышат. Мисал катары Билл Гейтс Бразилия, Ботсвана, Мексика, Түркия, Малайзия, Индия, Кытай, Чили, Габон жана Кытайды келтирип, аталган өлкөлөр акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй өнүккөнүн белгиледи.

Билл Гейтс мурда гуманитардык жардам, грант жана насыялар менен жан баккан өлкөлөр азыр башкаларга көмөктөшүп жатканын да мисал келтирди. Андай мамлекеттерге Бразилия, Мексика, Чили, Коста Рика, Перу, Тайланд, Маврикий, Ботсвана, Марокко, Малайзия, Түштүк Корея жана Сингапур кирет.

Билл жана жубайы Мелинда Гейтс жылдык кайрылуусунда 2035-жылга чейин эң жакыр 36 өлкөдөгү орто кирешелүү катмардын саны Индия жана Кытайдагы орто кирешелүү катмардан да көп болоорун эскертишти. Өз кайрылуусунда "Билл жана Мелинда Гейтс корунун" түптөөчүлөрү билимге, айыл чарбага, саламаттыкты сактоого, илимге жана коррупция менен күрөшүүгө басым жасашты.

"Манастан" 105 миллиондой салым

"Манас" аэропортундагы Жүк ташуу транзиттик борбору.
"Манас" аэропортундагы Жүк ташуу транзиттик борбору.
Алыскы Сиэттлден Бишкекке келсек. "Манас" аэропортундагы Жүк ташуу транзиттик борбору өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандын экономикасына 104 миллион 875 миң доллар салым кошкон. Бул тууралуу аталган борбор кабарлады. Коалициялык аскер күчтөрү авиакеросинге 99 миллион, өкмөт төлөмдөрүнө 60 миллион, учактарды тейлөөгө 12 миллион жана ижарага 4 миллион доллар каражат сарптаган. Мындан сырткары, аэропорттун инфраструктурасын жана учууларды көзөмөлдөө башкармалыгын жакшыртууга, гуманитардык жардамга жана азык-түлүккө акча жумшалган.

Алтын арзандады

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы жума ичи алты долларга арзандап, учурда 1241 доллардан сатылып жатат. Аны менен бирге Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акциялары да түштү. Учурда "Центерранын" баалуу үлүш кагаздары 36 центке арзандап, бир акциянын наркы – 4 канада доллары 50 центти түздү. Чийки мунай үч долларга көтөрүлүп, баррели 95 доллардан сатылууда.

Дүйнөлүк базарлардан Кыргызстандагы фондулук биржага келсек, Бишкектеги баалуу кагаздар рыногундагы сооданын көлөмү акыркы апта ичи 1.5 эсеге өсүп, 1 миллион 600 миң сомго барабар болду. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча, "Кыргызнефтегаздын" акциялары 972 миң сом менен биринчиликке озуп чыкты.

Жакырчылык 20 жылда жоюлат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG