Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Жумабаева: Насыя үчүн кызын күйөөгө бергендер бар


Гүлбарчын Жумабаева
Гүлбарчын Жумабаева

Бүгүн дүйнөдө БУУнун күнү белгиленип жатат. Быйыл Кыргызстандын аталган уюмга мүчө болгондугуна 25 жыл толду.

Ушул мезгил аралыгында Улуттар Уюму гендер, аялдар укугун коргоо, зомбулукка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн иштерди жүргүзүп, бир катар ийгиликтерге жетти. "Азаттык" радиосу Кыргызстандагы гендер, аялдар укугу боюнча БУУнун Аялдар программасынын "Зомбулукту бирге токтотобуз" кыймылынын мүчөсү, гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеваны кепке тартты.

"Азаттык": Өлкөдө гендер боюнча абал кандай? Кыз-келиндердин, аялдардын укугун коргоо боюнча аракеттер жетиштүүбү?

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Гүлбарчын Жумабаева: Ушул тапта жетиштүү деңгээлде иштер жүрүп жатат десек болот. Анткени 2020-жылга чейинки гендердик тең укуктуулукка жетүү боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынган.

Учурда 2015-2017-жылдарга карата улуттук иш-аракеттердин планы ишке ашып жатат. Анын алкагында эл аралык уюмдар, БУУнун программалары, жергиликтүү гендердик уюмдар иш алып барууда.

2016-жылы ноябрь айында жашы жете элек кыздарга нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Быйыл Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар, мисалы күйөөсү, туугандары урганда, кичинекей балдарды зомбулукка учураганда жабырлануучунун арызы талап кылынбайт. Окуяны көрүп, күбө болгон көчөдөгү эле адам, кошунасы же тууганы дароо милицияга кабарлап койсо болот.

Ошондой эле жабырлануучуга үч күндүк коргоо ордерин берет. Эгер зомбулук улана берсе 30 күнгө чейин коргоо ордерин алат. Азыр балдар, көбүнчө кичинекей кыздар да зомбулукка кабылып жатат. Коргоо ордери аларга да берилет. Дагы бир жетишкендик, мыйзамдарды кабыл алып эле тим болбостон, аны элге жеткирүү боюнча маалымат өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.

“Азаттык”: Түшүндүрүү, элге жеткирүү ишин кимдер жүргүзүп жатат?

Гүлбарчын Жумабаева: БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан жергиликтүү гендердик уюмдар, аймактардагы уюмдарга техникалык-каржылык, материалдык-ресурстук колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстандын жети облусунда маалымат жеткирүү иши колго алынган. Маалымат өнөктүгүнүн биринчи этабы былтыр январь-март айларында жүрсө, быйыл жаңы башталды. Ага ата-энелер, окуучулар, айыл өкмөттөрү, социалдык педагогдор, имамдар, казыяттар тартылды. Негизинен мыйзам жөнүндө, анын жоболору тууралуу, кайсы учурда кандай чараларды кабыл алуу керектиги, балдарга өз укуктарын коргоо жолдору, кайсы телефонго чалуу зарылдыгы боюнча түшүнүк берилип жатат.

Ошондой эле UN Woman жетектеген Кыргызстандагы “Зомбулукту бирге токтотобуз” деген түйүн бар. Анын алкагында жакында аялдарга каршы зомбулукту токтотуу, бөгөт коюу боюнча 16 күндүк өнөктүк башталат. Жалпы республика боюнча жүздөн ашуун иш-чаралар – жолугушуулар, талкуулар, флэшмоб, уюштурулат. Маалыматтык баракчалар да таркатылат. БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун каржылоосу менен Демократиялык жараяндарды колдоо борбору тарабынан да бир жума мурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен иштөө ыкмалары жазылган китепчелер иштелип чыкты.

“Азаттык”: Булар эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер экен. Ал эми мамлекеттен алгылыктуу колдоо барбы? Аялдар укугун коргоо жааттында Кыргызстан эмнеден аксайт?

Гүлбарчын Жумабаева: Башта айтып кетпедимби, 2020-жылга чейинки гендердик тең укуктуулукка жетишүү боюнча иш-чаралардын негизинде эл аралык, жергиликтүү уюмдар, мамлекеттик органдар биргеликте иш алып барууда. Бардык иштер чогуу жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан жер-жерлерде эл менен иштөө жакшы деңгээлде деп айтсак болот.

“Азаттык”: Былтыркы иликтөөлөр Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турарын көрсөткөн. Өспүрүм курагында турмушка чыккандар жылдан-жылга көбөйүп жатканы айтылган. Азыркы кезде бул багытта өзгөрүү барбы?

Жашы жете элек кыздарга нике кыюуга тыюу салуу боюнча муфтияттын буйругун чоң жетишкендик деп айтсак болот.

Гүлбарчын Жумабаева: Өзгөрүүлөр бар. Себеби, тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан тарта түшүндүрүү иштери ар бир аймакта тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Мыйзам канчалык деңгээлде таасир этип жатканы тууралуу конкреттүү изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Бирок жашы жете элек кыздарга нике кыюуга тыюу салуу боюнча муфтияттын буйругун чоң жетишкендик деп айтсак болот. Азыр атайын журналдар ачылып, нике кыюунун алдында күбөлөрдүн аты-жөнү жазылып, кыздын жашы суралат. Анын жашы жеткенин билгенден кийин гана имам нике кыят. Мен дагы маалыматтык өнөктүктүн катышуучусумун.

Бир мисал келтирип кетейин. Быйыл жазында Чүй облусунун Панфилов районунда Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору менен бирге ата-энелер, окуучуларга жолугушуу өткөрүп келдик. Бир жарандын 16 жаштагы кызын алган адам үч айдай жашап туруп, кайра “кызың эч нерсеге жарабайт экен” деп кайтарып койгон экен. Маалымат өнөктүгүнөн кийин ата-энеси милицияга арыз жазып, тергөө, сот иштери башталды. Бир окуя болсо да муну чоң жетишкендик деп баалаганбыз. Ата-эне өзүнүн жоопкерчилигин сезди, мыйзамдын негизинде кызынын укугун коргой баштады да.

“Азаттык”: Эрте никенин кесепеттери коомго кандай таасир этип жатат?

Биздин гендердик эксперттер жабырлануучу кыздар менен жеке баарлашып, сүйлөшкөндө кредитин төлөй албай жашы жете элек кызын турмушка берип койгон учурлар белгилүү болгон.

Гүлбарчын Жумабаева: Эрте никеге тургандар шаарга караганда элет жергесинде көп, 14,6 пайыз. ЮНИСЕФ менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин изилдөөсү боюнча, 15,9 пайызы жакыр жашаган үй-бүлөлөрдө. Ата-энелерде кызды эрте күйөөгө берип, ошону менен тынып калсын деген көз караш бар эмеспи. Биздин гендердик эксперттер жабырлануучу кыздар менен жеке баарлашып, сүйлөшкөндө кредитин төлөй албай жашы жете элек кызын турмушка берип койгон учурлар белгилүү болгон. Бирок мындай үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү кайра эле ажырашып кеткенин биздин иликтөөлөр далилдеди.

Ажырашканда социалдык жетимдер көбөйөт, эрте никенин мамлекеттик каттоосу жок. Диний жактан нике кыйып коюп, кыздын укугу бузулуп жатат. Алар турмушка чыккандан кийин да, төрөгөндөн кийин деле эч кандай укуктук коргоого ээ болбойт. Медициналык жактан алып карасак, салмагы аз, алсыз балдардын көбүн 17-19 жашка чейинки кыздар төрөгөн. Бул улуттун генофондуна да чоң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары балдарга жөлөк пул, алимент деген маселелер чыгып, мамлекеттин социалдык абалына, капчыгына күч келет. Ажырашкандан кийин мындай энелер өзүнүн да, баласынын да укугун коргой албайт. Сөзсүз түрдө аз төлөнгөн жумушта иштейт. Алдыда жакырчылык күтүп турат дегенди билдирет. Ушунун баарын өспүрүм кыздарга, ата-энелерге жана жалпы элге жеткирүүгө умтулуп жатабыз. Негизи жыйынтык, жылыштар жакшы деп айта алабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG