Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:58

Кыргыз коомчулугу алыскы өлкөлөрдөн куда-сөөк күтүүгө даярбы? Ушул айдын башында Бишкекте башка улуттагы күйөөсү менен кетип баратканы үчүн зомбулукка кабылган келин тууралуу тасма коомчулукта кызуу талкууга түшүп, ача пикирди жаратты. Буга чейин Ош шаарындагы мечиттин имамы студент кыздарды чет өлкөлүктөргө турмушка чыкпоого үндөгөн эле.

Бишкектин чок ортосунда, чак түштө ооган жигит менен чогуу баратканы үчүн бейтааныш баладан запкы көргөн келиндин окуясын айрымдар адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү деп сындаса, кээ бирлери кол көтөргөн эркекти кубаттап жазышкан.

Бул окуя кыргыз коомундагы аялдардын укугу менен эркине байланышкан талкууну жандандырды. Айрымдар мындай көрүнүштөргө үй-бүлөдөгү жана мектептеги таалим-тарбия себеп десе, кээ бири эски көз караштагы адамдардын аракети катары баалап жатышат. Чет элдиктерге турмушка чыккан кыздарды жемелеген учурлар да жок эмес.

Жарандык активисттер мындай окуяга үн катып, реакция кылбаган тиешелүү органдарды айыптап чыгышты. Журналист жана “Дискриминацияга каршы” биримдигинин өкүлү Гүлзада Шаршеналиева соңку учурда адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү күчөгөнүн сындады:

Ош базарында келинди жаакка чапкан видеодон алынган сүрөт. 15-сентябрь.2017-жыл
Ош базарында келинди жаакка чапкан видеодон алынган сүрөт. 15-сентябрь.2017-жыл

- Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишүү адатка айланып кетти. Кыз-келиндер өз улутундагы эркекке гана турмушка чыгышы керек же мамиле курушу керек деп эч бир мыйзамда жазылган эмес да. Биз унчукпай калбай ошол баланын жоопкерчиликке тартылуусун талап кылышыбыз керек. Башкаларга үлгү болсун. Анткени бизде мындай учурлар көп болот, бирок жоопкерчиликке тартылгандар аз.

Кыргыз кыздардын башка улуттагы эркек менен мамилеси үчүн таяк жеп, зомбулукка кабылганы буга чейин Орусияда катталган.

2012-жылы Орусияда өздөрүн "патриоттор" деп атаган топ пайда болуп, алардын башка улуттагы жигит менен жүргөн кыздарды жылаңачтап, сабап, "суракка алган" видеолору интернетке тараган. Бул окуялар үчүн ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. Жыл башында Москвада эки кыргызстандык кызды кордоп, видеосун интернетке тараткан үч жаран кармалган. Алар расмий кечирим сурагандан кийин кое берилген.

Күнөөкөрлөрдүн жазаланбай, убакыттын өтүшү менен беймаалым болуп кетиши мындай окуялардын кайталанышына жол ачууда дешет адистер. Бул кайра эле кыздардын укуктарынын тебеленишине, тандоо укугунун бузулушуна, эркиндигине шек жаратууда.

Буга чейин Ош шаарындагы мечиттин имамы Мирлан Токтомушевдин студенттер менен жолукканда кыздарды чет элдик жаранга турмушка чыкпоого чакырганы кызуу талкууланган. Ал кыргызстандык аялдардын чет элдиктер менен никеси “динге каршы келерин”, ошол эле маалда кыз бөтөн жерде зомбулукка кабылышы мүмкүн экенин айткан.

Токтомушев менен байланышканыбызда, ал "Бир жолу айта коюп канча тополоң болду, азыр ал тууралуу сүйлөгүм келген жок" деп жооп берип, маекти уланткысы келбеди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, чет жакка турмушка чыккан кыргызстандык кыз-келиндердин саны соңку кезде көбөйгөн. Айрыкча орусиялыктар менен никеге тургандар басымдуу. Андан кийинки орунда Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркия жарандары менен кол кармашкандар турат. Казакстан, АКШ, Тажикстан, Германия жана Кытай жарандарына турмушка чыккандар да бар.

Менин курбу кызым кыргыздан башкага турмушка чыкпайм деп жүрүп бир кыргыз жигит менен баш кошкон. Анысы аябай кызыл камчы чыкты. Үч жыл араң чыдап жашады.
Айтолкун Орозбаева

Биздин каарман Айтолкун Орозбаева мындан жети жыл мурда немис жигитке турмушка чыккан. Андан бери жубайлар эки балалуу болду. Күйөөсү экөө бири-бирин сыйлап, бактылуу жашап жатканын айткан Айтолкун бактылуу болуу улутка да, динге да карабайт деп эсептейт.

- Жолдошум менен Германияда окуп жүргөн кезде бир майрамда таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконубузга жети жыл болду. Эки балалуу болдук. Баары жакшы. Талаш-тартыш ар бир үй-бүлөдө болот. Бирок ал Кыргызстандагы үй-бөлөлөрдө болчу уруш-талаштын четине да жетпейт. Жашоо адамга бир эле берилет. Аны жакшы жашагым келет. Күйөөгө тийип, жаман болсо да анын көзүн карап, таягын жеп, тилин угуп, балдар менен кошо аны да багып жүргөндү каалабайм. Андайлар бизде толтура.

Биздин каарман Айтолкун айым бактылуу болуу үчүн дин роль ойнобосун белгиледи:

- Мен мусулманмын, жолдошум мусулман эмес болсо да арак ичпейт, тамеки тартпайт, көчөгө бейчеки баспайт. Каалаган-каалабаган досторуна бара бербейт. Дин мен үчүн чоң роль ойнобойт. Башкысы күйөөм мени урматтайт, сыйлайт, акылдашып иш кылат. Негизи кайсы дин болбосун "уурдаба, ууру кылба, ушак айтпа, кыянаттык жасаба" деп үндөйт эмеспи. Христиандар деле ушул сөздөрдү угуп чоңоюшат. Менин курбу кызым кыргыздан башкага турмушка чыкпайм деп жүрүп бир кыргыз жигит менен баш кошкон. Анысы аябай кызыл камчы чыкты. Үч жыл араң чыдап жашады. Ошол убакыт ичинде канча запкы көрдү, токмок жеди. Бетин жарып, жаагын, кабыргаларын сындырды. Ошентип ура берсе кимдин жашагысы келет, кимдин тийгиси келет. Мен азыр немиске турмушка чыкканыма эч өкүнбөйм.

Иллюстрация
Иллюстрация

Анткен менен кыргыз коомунда баары эле интернационал үй-бүлө курууга, өзгөчө алыскы өлкөлөрдөн куда-сөөк күтүп, кызын берүүгө даяр эмес. Алардын бири Кыздаркан айым:

- Үч кызым бар. Экөө студент. Азыртан эле кыргызга турмушка чыккыла деп айтып атам. Бирок ким билет... "Сүйүп калдым" десе эмне кылам деп коркуп жүрөм.

Эстрада ырчысы Айпери Калыкованын кубалык ырчы Хосе Агроманте менен чогуу ырдап, клип тартканы дагы угармандардын сынына кабылган. Айрым окурмандар ырчынын дарегине “кыргыз жигити калбай калдыбы?” деген сын жолдогон.

- Бизди чыгармачылык эле байланыштырат. Айрымдар өз түшүнүгүнө жараша баалайт. Мен кичине жаңылык кылып, башка мамлекеттерге чыгайын деген ойду көздөгөм. Өсүш керек да, кыргыздар менен деле дуэт жаздырып, ырдап жүрөм, - дейт Айпери Калыкова.

Генофондду ким ойлойт?

Кыргызстандык кыздардын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна тыюу салуу демилгеси буга чейин да көтөрүлүп, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу мыйзам долбоорун сунуштаган. Демилгечилер чет жакка турмушка чыккандардын 90 пайызынын оту күйүшпөй, ара жолдо каларын, көп кыз-келиндер сексуалдык кулчулукка туш болушарын жүйө келтирген болчу.

Чындыкты да моюнга алышыбыз керек, кыргыздын мыкты, акыл-эстүү, сулуу, жөндөмдүү, асыл кыздары чет өлкөлүктөргө кетип жатат. Асыл кыздар башка өлкөгө кетпесин десек, биздин жигиттер жакшы болушу керек.
Топчугүл Шайдуллаева

Белгилүү социолог Топчүгүл Шайдуллаеванын пикиринде, чет жакка көбүнчө генофонддун өзөгүн түзчү, акылдуу, билимдүү, келишимдүү кыздар кетип жатат.

- Келинди жаакка чапкан жигит тартип бузуп, кылмыш кылды. Укуктук жагынан алып караганда өзүнүн административдик жазасын алышы керек. Бирок коомдо бул жигитти колдогон, анын жоругун кубаттаган да топ болуп жатпайбы. Акыркы кезде статистиканы алып карасак, биздин кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып кеткен көрүнүштөрү көбөйдү да. Ушул нерсе биздин жигиттердин намысына тийгенсип жатат. Чындыкты да моюнга алышыбыз керек, кыргыздын мыкты, акыл-эстүү, сулуу, жөндөмдүү асыл кыздары чет өлкөлүктөргө кетип жатат. Асыл кыздар башка өлкөгө кетпесин десек, биздин жигиттер жакшы болушу керек. Алардын жүрөгүн өзүнүн адамгерчилиги, билими, керек болсо байлыгы менен багындырышы керек. Кыздар кимге, качан турмушка чыгат өзүнүн укугу. Алардын тандоо укугу бар.

Абдыкерим Муратов
Абдыкерим Муратов

Белгилүү адабиятчы, педагогика илдимдеринин доктору Абдыкерим Муратов кыздардын башка улутка турмушка чыгуусуна трагедия катары карабоону айтып жатат. Ал глобалдашкан доордо кыздардын досу, сүйлөшкөн жигити же өмүрлүк жары башка улуттан болгону көйгөй катары каралбашы керек деген ойдо:

- Биз дүйнөдө жалгыз турган мамлекет же улут эмеспиз да. Дүйнө бизге, биз дүйнөгө ачылып жаткан шартта эски көз караштагы адамдардын кыргыз кыздар башка улутка турмушка чыкпасын, чогуу баспасын, дос болбосун дегени бизди артка тартып жатат. Биринчиден, азыр дүйнө, адамдар каякка кетип жатат ошону түшүнүү керек. Экинчиден, кыздардын эркиндигин чектей албайбыз. Бирок кээ бир жакта, чет өлкөгө кеткен кыздардын туура эмес жолго түшүп кеткени жөнүндө, Түштүк Кореяга кеткен кыздардын кордук көргөнү жөнүндө айтып келишет. Бул башка маселе. Азыр айрымдар “кыргыздан көрө чет элдикке турмушка чыккан жакшы” деп айтып калышат. Мунун өзү да чоң маселе. Эмнеге ошентип айтып, эмнеге ошого барып жатат? Бул суроого жооп издеген киши жок.

Ошол эле учурда статистикалык маалыматтар боюнча, чет өлкөлүк кыздарга баш кошкон кыргызстандык жигиттер да көбөйгөн. Алардын арасында орус, өзбек, вьетнам, жапон, немис, кытай кыздарына үйлөнгөндөр басымдуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG