Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Ооган жигит менен жүргөн кызды жаакка чабышты


Интернетке тараган тасмадан бир көрүнүш
Интернетке тараган тасмадан бир көрүнүш

Бишкекте ооган жигит менен чогуу баратканы үчүн запкы жеген кыздын окуясын милиция териштирүүдө.

Бул чуулуу тасма аялдардын басмырланган укугу менен эркине байланышкан талкууну жандандырды.

Ош базарынын аймагында болгон окуянын видеосу интернетке 14-сентябрда чыкты. Анда агрессивдүү маанайда сүйлөгөн жигит кыргыз кызы башка улуттагы эркектин жанында жүргөнүнө нааразы болуп, “муунтуп коем, балталап салам” деп коркуткан. Ушундай окуялардан улам "кыргыз жигиттери, улут жок болуп баратканын" белгилейт. Кыз болсо бетин кармап, ыйламсырап турат. Маалыматтарга караганда, жигит кызды жаакка чаап жиберген. Жабыркаган кызды башка аялдар коргоп чыгышкан.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун кабарына караганда окуя 11-сентябрда түш оогондо болгон. Кызды жаакка чапкан адам 29 жашта. Анын жана жабырлануучу тарап саналган ооган жигити менен кыздын чоо-жайы тууралуу милиция азырынча толук маалымат бере элек.

- Ишти Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү териштирип жатат. Анын жыйынтыгы менен жарандын аракетине юридикалык баа берилет,- деди Оморов.

Кыргыз кыздардын башка улуттагы эркектер менен мамилеси үчүн таяк жеп, зомбулукка кабылган учурлар буга чейин Орусия аймагында катталган. 2012-жылы Орусияда өздөрүн "патриоттор" деп атаган топ пайда болуп, алардын башка улуттагы жигиттер менен жүргөн кыздарды жылаңачтап, сабап, "суракка алган" видеолору интернет аркылуу тараган.

Бишкектеги "Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун кызматкери Сүйүн Курманова мындай окуяларда кыздардын да күнөөсү бар экенин айтат:

- Ким менен басат, албетте, ар кимдин өз эрки жана укугу. Бирок кыздар көчөдө көрүнгөн менен ээрчишип жүргөнү жакшы эмес да. Кыздар баарынан мурда өздөрү намыстуу болушу керек.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Бакытбек Жетигенов кыздарга карата мындай мамилени сындады. Эл өкүлү кыздардын досу, сүйлөшкөн жигити же өмүрлүк жары башка улуттан болгону көйгөй катары каралбашы керек деген ойдо:

- Мындай көрүнүш Кыргызстандын аброюна терс таасир тийгизет. Чет өлкөлүктөр "бул кандай жорук?" дейт эмеспи. Өлкөнүн имиджи түшөт. Ички иштер министрлиги буга чейинки чыккан видеолорду териштирип жатабыз деп маалымат бербеди беле. Ошолорду аягына чыгарып коюшса, дурус болмок.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Ош базарында зомбулукка кабылган кыз 28 жашта. Аны менен бараткан ооган жигити тууралуу маалыматтар азырынча жок. Окуяны тиешелүү органдар тарабынан териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты "Азаттык" акмалап, кошумча кабарлайт.

Тасмада: Москвада "патриоттор" кармалды
Москвада "патриоттор" кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG